2016-ЖЫЛГА АСТРОТӨЛГӨ

Сиздин мүнөзүӊүзгө, аураӊызга, жадакалса тагдырыӊызга туулган жылыӊыз менен жылдыз белгиӊиз таасир этерин унутпаӊыз. Маймыл жылында кимди кандай окуялар, ийгиликтер, жаӊылыктар күтөт, байкап көрөлү.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
ЖААЧЫ-ЧЫЧКАН
Маймыл жылы эскертет: Эгерде акча маселесинде туруктуулукту сактайм десеӊиз, ар бир кадамыӊызды эсептеп, сатып ала турган буюмуӊуздун зарыл, зарыл эместигин так аныктаӊыз. Жакшы жашоого жетишем дегендер бул эрежени эки эсеге күчөтүшү кажет. Өзүӊүзгө катуу ишенип алгандыгыӊыз, жакындарыӊыздын кеӊешин тоготпогондугуӊуздун кесепети чөнтөгүӊүздүн жукарышына алып келет. Жаӊырган жылдын биринчи жарымында сүйүү сезимдерине кабыласыз, үй-бүлөлүүлөр өздөрүнө жакшы эс алуу тартуулашат.

ЖААЧЫ-УЙ
Бул жылы уйду мүйүздөн алгандай эле өзүӊүздү бардык тараптан алдыга сүйрөшүӊүз керек. Тактап айтканда, карьера жана финансы жактан өсүү үчүн чабуул жасайсыз. Жаӊы башталган ишиӊизге көп энергия, убакыт, күч-аракет жумшайсыз, жыйынтыгында баш айланткан ийгиликке жетишесиз. Сиз жактырган адамдын башканы тандап кетиши маанайыӊызды чөгөрөт. Ал сезимдердин туткунунан бошоно албай жатып эле маймыл жылын узатасыз.

ЖААЧЫ-ЖОЛБОРС
Кирип келе жаткан жыл финансылык абалыӊыздын олуттуу жакшырышын бекемдейт. Өзүӊүз хобби катары эсептеп жүргөн ишиӊиздин пайда алып келерин жана акча жасаса болорун байкайсыз. Аракет кылсаӊыз хоббиӊизден кошумча каражат таба баштайсыз. Жыл соӊунда талыкпаган эмгегиӊиздин үзүрүн көрүп, көптөн бери эӊсеп жүргөн кымбат белек менен өзүӊүздү кубантасыз.

ЖААЧЫ-КОЁН
Маймыл жылы сизге өзгөчө белек тартуулайт, кабыл алууга даяр болуӊуз. Билимиӊиз, иш-тажрыйбаӊыз, ишти алып кете турган жөндөмдүүлүгүӊүздөн улам талашка түшөсүз. Сунуштарды четке какпаӊыз, кадыр-баркыӊыз көтөрүлүп, акчаӊыз көбөйөт. Жеке жашооӊузда да жакшы сезимдерге чулганасыз. Бирок маймыл жылынын эскертүүсүн эске алып, жүрөгүӊүздүн каалоосун угуп, кадам таштаӊыз.

ЖААЧЫ-БАЛЫК
Жыл башында финансы жааты туруктуу болот. Жаачы-балыктар кандай иш баштаса жакшы каражат түшөрүн жакшылап ойлонуп, план түзүп чыгуусу керек. Анткени активдүү түрдө көп жылдан бери чогултуп келе жаткан акчасын корото башташат. Ал эми сүйүшкөндөр анча деле жагымдуу жаӊылыктардын күбөсү боло алышпайт. Сүйүктүүсү кандай сезим менен карабасын жаачы-балыктарга олуттуу эместей жана узакка созулбачудай сезилип, шектене беришет.

ЖААЧЫ-ЖЫЛАН
2016-жылы жаачы-жыландар өзүн-өзү көзөмөлдөөсү жана чыдамдуу болуулары кажет. Ачууга алдырып, өзүн кармай албоо жаачылардын көпчүлүгүндө бар. Ошонун айынан чогуу иштешип келе жаткан өнөктөштөрүӊүздөн жана жеке жашооӊуздагы жакын адамыӊыздан кол үзүшүӊүз мүмкүн. Мындай өзгөрүү көнүп калган жашооӊуздан чыгарып, атаандаштарыӊыздын алдында сындырып коёт. Мындайга жол бербегенге аракет кылыӊыз.

ЖААЧЫ-ЖЫЛКЫ
Келе жаткан жыл романтикалуу кызыктуу окуялар менен коштолот. Эгерде түгөйүӊүздү жакшы көрсөӊүз, сиз үчүн ал кымбат болсо, жеӊил ойлуулугуӊузду көрсөтпөӊүз. Жеӊил жол менен табылуучу акча жаатындагы иштерден качыӊыз. Аягы жакшылыкка алып келбейт. Алдамчылардын торуна түшүп калышыӊыз мүмкүн. Ата-эне менен балдардын ортосунда түшүнбөстүк келип чыгат. Токтоо жана чыдамкай болуӊуз.

ЖААЧЫ-КОЙ
Өзүӊүздүн оюӊузду таӊуулап, ишке ашыргыӊыз келгени менен, экинчи тарапка да жага турган чечим чыгарууну ойлонуӊуз. Бул сиз үчүн пайдалуу чечим болуп, сүйүктүүӊүз, кесиптештериӊиз, жетекчиӊиз менен жылуу мамилени сактап каласыз. Ушул калыпта кете берсеӊиз мурун таарыныша кеткен дос-туугандарыӊыз менен да мамилени оӊдоп аласыз. Акча жаатында көптөгөн жагымдуу жаӊылыктардын ээси болушуӊуз күтүлүүдө.

ЖААЧЫ-МАЙМЫЛ
Маймыл жылында жаӊы жашоо барактары ачыларын жылдыздар кулак кагыш кылышат. Жеке турмушуӊузга жана ишиӊизге жаӊы дем бере турган адамдар менен таанышасыз. Кызыктуу сунуштар өзгөрүүгө алып келеринен түк шек санабаӊыз. Ишиӊизди пайда алып келе турган башка жумушка жана үйүӊүздү жайлуу, кенен башка үйгө алмаштырышыӊыз мүмкүн. Тайсалдабаӊыз, бул кадамыӊыз бакыт алып келет.

ЖААЧЫ-ТООК
2016-жылы маанилүү иштериӊизди талдоого алууну үйрөнүү зарылчылыгы келип чыгат. Кызуу кандуу, ачуулуу болушуӊуз маймыл жылында күтүлгөн ийгиликтин баарын качырат. Бул мүнөзүн оӊдой алган, терс сапаттарын жеӊип чыккан жаачы-тооктор үчүн ийгиликтүү, берекелүү жылдардан болот.

ЖААЧЫ-ИТ
Жаӊырган жылы ички туюмуӊуз жол көрсөтөт. Аны укканга аракет кылыӊыз, көз карашыӊызга, каалооӊузга карама-каршы келген күндө да ички туюмга баш ийиӊиз. Бул кадамыӊыз алдыга койгон максатыӊызга, материалдык абалыӊызды жакшыртууга жардам берет. Жаӊы нерселерди үйрөнүүгө, колумдан келбейт деп корккон нерселерди жоюуга умтуласыз. Жеке жашоодо баары сиз күткөндөй болот, ал жагынан сарсанаа болбоӊуз.

ЖААЧЫ-ДОӉУЗ
Бирөөлөрдүн сөзүнө ишенүүдөн чочулап турганыӊыз жакшы. Ойлонулбаган бир эле кадамыӊыз ашыкча чыгымга алып келет. Кызыктуу, пайдалуу көрүнгөн сунуштарда да капчыгыӊызды алып чыкпай туруӊуз, болбосо алдамчылардын тузагына түшүп каласыз. Бойдок жаачы-доӊуздар көптөн бери күтүп жүргөн сүйүктүүсү менен табышышат. Достор арасында араздашуу болуп, эӊ жакын досуӊуздан кол үзөсүз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
ТЕКЕЧЕР-ЧЫЧКАН
2016-жылдагы ийгилигиӊиздин ачкычы – жумуштагы токтоолугуӊуз жана сүйүктүүӊүзгө болгон ишеничиӊиз. Кызгануудан улам муштумуӊуз түйүлсө да, өзүӊүздү кармаӊыз. Антпесеӊиз түз жерден чалынып, сиз каалабаган жыйынтыкка туш болосуз. Ийгилик күчтүү адамдарды жактырарын унутпай идеяӊызды ишке ашырууну көздөп жүрүп, жыл соӊунда максатыӊызга жетесиз.

ТЕКЕЧЕР-УЙ
Жылдын бактылуу адамдарынын бири болосуз. Талантыӊыздын ойгонушуна бир окуя себеп болуп, анын аркасынан өсүп-өөрчүйсүз. Өзүӊүзгө ишенип, интуицияӊыздын айтуусу боюнча тобокелге барсаӊыз, карьераӊызда көтөрүлүү менен чоӊ акчанын ээси болосуз. Жеке жашоодо да ички туюмуӊузга таянсаӊыз уттурбайсыз. Көп жумуш кылбай, бирок көп ийгилик жаратчулардын бирисиз.

ТЕКЕЧЕР-ЖОЛБОРС
Жаӊы мамилелерди түзүү үчүн жакшы мезгил. Алды-артыӊызды ойлобогон мүнөзүӊүздөн улам кол үзгөн досторуӊузду, тааныштарыӊызды кайрып аласыз жана атаандаштарыӊыз менен көз карашыӊызды түздөп аласыз. Жашооӊузга кайрылып келген адамдардын жардамы тийип, алдыга койгон максатыӊызга жетесиз. Ал эми жеке жашоодо өзүӊүз жактырган адамыӊыз менен тил табышып, сүйүү сезимдерине чөмүлөсүз.

ТЕКЕЧЕР-КОЁН
Маймыл жылы жан дүйнөӊүз менен бир гармонияга келишиӊизди эскертет. Узак убакытка эс алууга чыгасыз же жашаган ордуӊузду алмаштырасыз. Эгерде орун которууга мүмкүнчүлүк болбосо өзүӊүздү жаӊы багытта издеп көрөсүз. Философиялык китептерди окуп, йога менен машыгасыз. Бир сөз менен айтканда, өзүӊүздү сүйүп, баалай баштайсыз.

ТЕКЕЧЕР-БАЛЫК
Бул жыл текечер-балыктардын ден соолугу үчүн бир аз кооптуу. Сасык тумоодон башталган оору жүрөк-кан тамыр ооруларын козгошу мүмкүн. Санаторий, курортторго барып алдын алсаӊыз болот. Жалгыз бойлордун багы ачылат. Андыктан сезимдериӊиз алып учуп жанына алып барып жаткан адамыӊызга жакындаӊыз. Бул мамилелер чогуу түтүн булатууга жеткирет.

ТЕКЕЧЕР-ЖЫЛАН
Өзүӊдү сүй жана баала деген ураандын алдында жашаӊыз. Көӊүлүӊүз көксөп көптөн бери жетпей жүргөн үй алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Сулуулук салонуна, спорт залга, бассейнге барып, өзүӊүзгө ырахат тартуулайсыз. Өзүӊүздөн акча аябайсыз. Убакыттын баарын өзүӊүзгө арнап, сүйүктүүӊүз көӊүлдөн сырт калып калганын анын салкын мамилесинен байкайсыз. Кечирим сурап, көӊүлүн табууга жасаган аракетиӊиз мурунку мамилени кайрадан бекемдейт.

ТЕКЕЧЕР-ЖЫЛКЫ
Бир нерсени жакшыртууга болгон аракетиӊиз жашооӊузду өзгөрүүгө алып келет. Өзүӊүзгө ыӊгайлуу, акча алып келе турган жумуш ордун издей баштайсыз. Ички туюмуӊуз бардыгын тез чечүүгө түртөт, камтама болбой чечим кабыл ала бериӊиз. Жыйынтыгы жаман болбойт. Туугандардын бири сиздин жардамыӊызга муктаж болот. Аны акчанын жардамы менен чечип бересиз.

ТЕКЕЧЕР-КОЙ
Карьераӊызда өсүш болот. Жакындарыӊызга, үй-бүлөӊүзгө көбүрөөк убактыӊызды арнаӊыз. Болбосо маанайыӊызды бузуп, чөгөрө тургандай жагымсыз окуяларга алып барышы мүмкүн. Үйдү чоӊойтуу, оӊдоп-түзөө иштерин жүргүзөсүз. Ошону менен катар ден соолукка кам көрүшүӊүз керек экенин маймыл жылы эскертет.

ТЕКЕЧЕР-МАЙМЫЛ
Сиз жеӊил ойлуу жана бир орунда отурбаган адам болгондуктан жыл башында эле токтолуп, жеке жашооӊузду бекемдешиӊиз керек экенин түшүнөсүз. Бойдоктор теӊин таап бир жаздыкка баш коюшса, үй-бүлөлүүлөр жүрөгү түгөйүнө гана арналганын сезишет. Мындай өзгөрүү сүйүү отунун өчүп калышына жол бербейт. Квалификацияны жогорулатышыӊыз менен жумуш жаатында өсүү жолуна түшүп, уучуӊуз акчага толот.

ТЕКЕЧЕР-ТООК
Ишиӊизде талапкер катары жакшы орунга көрсөтүлөсүз. Жалкоолугуӊуздун курмандыгы болуп мүмкүнчүлүктөн айрылып калуудан сак болуӊуз. Күзгө маал сүйүү жаатында ар кандай ойлор менен алпурушасыз. Бул сизге энергия берет, бирок негизги иштериӊизден алагды кылышы мүмкүн.

ТЕКЕЧЕР-ИТ
Маймыл жылынын келиши менен сизде ашып-ташкан энергия пайда болот. Аны билим алууга же маанилүү иштерге жумшаӊыз. Алдыда жалкоолукка алдырып, энергияӊызды да, убакытты да туура эмес жакка коротуу коркунучу бар. Алдыӊызды торогондорго сынып отуруп бербей, көшөрө алдыга умтулуӊуз. Өзүӊүзгө керектүү адамдарды ар кандай жагымсыз жүрүм-турумуӊуз менен иренжитип аласыз. Сүйүүгө кабыласыз, бирок ал жеӊил-желпи сезимдер экенин түшүнүп, ал адамдан 3-4 айда эле кол үзөсүз.

ТЕКЕЧЕР-ДОӉУЗ
Алдыӊызда эки тандоо турат. Бири – ишке баш-отуӊуз менен киришүү, экинчиси – жоопкерчиликти алуудан коркуу. Биринчи тандоонун артынан кооптонбой бара бериӊиз, үзүрүн көрөсүз. Жакындарыӊызды чоӊ акчага бааланган белек берип сүйүнтөсүз. Сүйүү жаатында кыялыӊыздагы адамга жолугасыз, ал адамга өзүӊүздү ишенип тапшыруу эрте деп ойлоносуз. Андыктан жаӊырган жылды бири-бириӊерди сыноо менен өткөрүп жибересиӊер.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
СУУ КУЯР-ЧЫЧКАН
Сиз табиятыӊыздан шуулдаган жана көп баскан адамсыз. Маймыл жылында мүнөзүӊүздө өзгөрүү болот. Тобокелге баруудан качып, үй-бүлөӊүзгө байланып каласыз. Бир жагынан үйдөгү жылуулук өз кучагына алганы жакшы болгону менен, экинчи жагынан көп жакшы иштерден куру каласыз. Ойлонуп чечим кабыл алыӊыз, болбосо ортодогу келишпестиктерден улам жакшы досторуӊуз менен коштошосуз. Жакшы көргөн адамыӊыз каалап жүргөн буюмуӊузду белекке берип сүйүнтөт.

СУУ КУЯР-УЙ
Сиздин эӊ башкы кемчилигиӊиз – шашпай жай жүргөндүгүӊүз. Ошонун айынан көп иштерден кол жууп каласыз. Жадакалса сүйүктүүӊүздү да башка бирөө тартып кетиши мүмкүн. Тапкан кирешеӊиз орточо болот. Ишиӊиздин жүрүшпөгөнүнөн улам көп жинденесиз. Андыктан өзүӊүздү алаксытыш үчүн китеп окуӊуз, кино көрүӊүз. Маанилүү, чоӊ акча жумшалчу иш баштаардан мурун ишенген адамдарыӊыздан кеӊеш алыӊыз, кереги тиет.

СУУ КУЯР-ЖОЛБОРС
Өтүп бара жаткан кой жылы өз түйшүгү менен бир топ чарчатып койгон. Жыл башы кубанычтуу жаӊылыктар менен башталат. Чет өлкөгө иштеп келүү сунушу түшөт. Ал жакка сапар алуу чечимин кабыл алуудан мурун тыкыр иликтеп чыгыӊыз. Финансы жагы туруктуу болот. Досторуӊуз көбөйүп, алардын колдоосун аласыз. Жыл соӊунда акчалай сыйлыкка ээ болушуӊуз күтүлөт.

СУУ КУЯР-КОЁН
Маймыл жылы сизди такыр зериктирбейт. Жумушуӊузда өзгөрүүлөр болуп, орун которосуз. Ишиӊизге байланыштуу жаӊы таанышуулар, маанилүү жолугушуулар күтүлөт. Карьералык тепкичте жогорулайсыз. Жайында кызыктуу жолугушуулардын, өзгөчө окуялардын баш каарманы болосуз. Топтогон акчаӊызды пайдалуу иштерге же болбосо досторуӊуз менен чогуу бир иш баштоого жумшайсыз.

СУУ КУЯР-БАЛЫК
Токтоолук менен иш кылгандыгыӊыз, эмгекчилдигиӊиз каржы жагын туруктуу кармайт. Бош убактыӊызды өзүӊүздү өстүрүүгө жумшайсыз. Тил үйрөнүп, акыл-эс кампаӊызды толтурасыз. Бойдоктор көӊүлү сүйгөн адам менен табышат, бирок турмуш курууга жетпеген мамиле бойдон калат. Үй-бүлөлүүлөр ортосунда ар кандай уруш-талаштар чыгат. Жыл соӊунда бардыгы ордуна келет. Чечилбей келе жаткан маселелерди досторуӊуздун жардамы менен жайгарып аласыз.

СУУ КУЯР-ЖЫЛАН
Өмүр бою эсиӊизде кала турган жылдардын бири болот. Ийгилик кушу жылмаят. Көптөн бери бүтпөй токтоп калган долбоорлоруӊуз кыймылга келип, карьера жасайсыз жана жакшы акча булагы болот. Кайсы бир жылдар мурун бой көтөргөн мүнөзүӊүздөн улам кол үзүшкөн дос-тааныштарыӊыз менен элдешесиз. Чогуу иштешкендер арасында араздашуу болушу ыктымал, ачууга алдырбаӊыз. Бойдоктордун көпчүлүгү турмушка аттанышат.

СУУ КУЯР-ЖЫЛКЫ
Ийгилик кушун кармаш үчүн бурчта отуруп албай жетишерлик деӊгээлде аракет кыла берсеӊиз, жаӊылыктардын чордонунда болосуз. Долбоорлоруӊузду керектүү адамдарга сунуштап, жардамга муктаждарга кол суна бериӊиз. Анын айынан сизге күйөрман болгондор да четтен табылат. Алардын арасынан болочоктогу түгөйүӊүздү кезиктиришиӊиз мүмкүн. Каржыга байланыштуу маселе жаралып, насыяга акча алышыӊыз ыктымал. Андан жакын адамыӊыздын жардамы менен кутуласыз.

СУУ КУЯР-КОЙ
Финансы жагынан жолдуусуз. Акча тапчу булагыӊызды күчтөнтүү менен маймыл жылынын астанасын аттайсыз. Жыл соӊуна чейин ошол калып өзгөрүлбөйт. Үйүӊүздү кеӊейтип башка үйгө көчөрүӊүздү жылдыздар эскертишет. Сүйүү жаатында бир аз маселелер келип чыгат, бирок ал сиз каалагандай чечилет. Иштеп эле жүрө бербей ден соолугуӊузду кароого да үлгүрөсүз. Жай мезгилинде өзүӊүзгө жагымдуу эс алуу тартуулайсыз.

СУУ КУЯР-МАЙМЫЛ
Бул жылдын негизги жаӊылыгы – өмүрлүк түгөйүӊүзгө жолукканыӊыз. Анын аркасы менен колуӊуз тойдон бошобойт. Кара жанды карч урган эмгектин негизинде сизге акча жабышат. Жаӊы долбоорлордон, жетекчилик кызматтан баш тартпаӊыз. Эгер каалооӊуз, пландарыӊыз болсо жеке бизнесиӊизди эч коркпостон баштай бериӊиз. Сиздин капчык бул кадамыӊызга рахмат айтат. Кумар оюндарын ойноодон качпасаӊыз, агып келген акчадан ажырап калышыӊыз күтүлөт.

СУУ КУЯР-ТООК
Жакшы жашагыӊыз келсе, ишти жаӊы буюм сатып алуудан, үйдү оӊдоп-түзөөдөн, сырткы келбетиӊизге кам көрүүдөн баштаӊыз. Чет өлкөгө эс алып келүүгө багыт алсаӊыз да жарашат. Бирок жылдыздар насыя алуудан качышыӊыз керектигин эскертишет. Акчаны кайтарып берүүдө бир топ кыйынчылыктар жаралат. Таасирдүү адамдар менен таанышып чөйрөӊүздү кеӊейтесиз. Алардын жардамы менен көп иштериӊиз бүтөт жана жакшы жумушка орношосуз.

СУУ КУЯР-ИТ
Капилеттен болгон таанышуу алоолонгон сүйүүгө жеткирет. Бизнес жаатында кандайдыр бир кыялыӊыз барбы? Анда эки билекти шымалана түрүп ишке ашырууга киришиӊиз. Бул бакыйган жетекчинин креслосуна отурууга секирик болушу мүмкүн. Атаандашыӊызды да төмөн калтырып, алардын көзү күйө турган акча табууга жол ачылат. Эгерде кыялыӊыз жок болсо тезинен план түзүп, иштеп чыгыӊыз. Анткени мындай жемиштүү жылдар жакынкы аралыкта кайталанбайт. Бирок сотко чейин жеткирүүчү иштерге чалынышыӊыз мүмкүн. Андыктан документ менен иштегендер сак болушу абзел.

СУУ КУЯР-ДОӉУЗ
Сүйүүдө, иште ийгиликтер күтүлөт. Баш айланткан ийгиликтердин жыйынтыгы менен көптөн бери кыялыӊызда жашап келе жаткан чоӊ буюмдардын ээсине айланасыз. Мисалы, үй, машина. Сизден жардам сурагандардын агымы тыйылбайт. Чама-чарпыӊыз, күчүӊүз жеткен гана нерселерди жасап берем деп сөз бербесеӊиз, аткара албай калып жаман көрүнүп калышыӊыз мүмкүн. Андыктан сөз берерден мурун жети өлчөп бир кесиӊиз. Достор арасындагы ысык ымала жаӊы башталган ишиӊиздин алдыга жылышына өбөлгө болот. Бирок аларга өтө ишенип албаӊыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
БАЛЫК-ЧЫЧКАН
Карьерада жылуу орун үчүн жарыш башталат. Маймыл жылы бул жарышка кубануу менен катышарыӊызды айтат. Ишиӊизде аз убакыттын ичинде жогорулайсыз. Олуттуу иштер орун алганда тажрыйбалуу кесиптештериӊизден, досторуӊуздан кеӊеш алыӊыз. Ачууга тез алдыргандар токтоо болуусу үчүн өзүн-өзү көзөмөлдөшү керек болот. Токтоолук менен сүйүү жаатында да ийгиликтерге жетишесиз.

БАЛЫК-УЙ
Маймыл жылында сезимдердин туткунунда каласыз. Айрымдар ийгиликсиз сүйүүсүнүн айынан жумушуна да көӊүл бурбай калышса, бирөөлөр сарсанаасын ичине катып, эски байланыштарды, достору менен мамилени бекемдейт. Чыгармачылык менен алектенгендер ар кандай долбоорлорго катышып, акчалай сыйлыктарга ээ болот. Жыл соӊунда көптөн бери келе жаткан маселелер өз ордун табат.

БАЛЫК-ЖОЛБОРС
"Кыбыраган кыр ашат” деген макал жаӊырган жылы сиз үчүн актуалдуу болот. Жылдыздар шашылыш чечим кабыл албай акырындап иштей берүүӊүздү сунушташат. Жеке жашоодо жетелешип Бакыт үйүнө барардан мурун үй, керектүү жаӊы буюмдарды сатып алыӊыз. Шашылбастан өзүӊүздү башка иште сынап көрүӊүз. Бүтпөгөн иштериӊиз жакшы жыйынтык менен аяктайт. Жайында же күзүндө жаӊы таанышуулар чөйрөӊүздү кеӊейтип, ишиӊизде кеп-кеӊешин берип турат.

БАЛЫК-КОЁН
Өз бактыӊызды табуучу мезгил. Бирөөнүн кол алдында иштебестен, өзүӊүздүн жеке ишиӊизди ачасыз. Карьерада жакшы өсүш жана туруктуу акча болот. Чет өлкөгө барып тажрыйба алмашууӊуз күтүлөт. Чет өлкөлөргө чыгуу бир эмес, бир нече жолу болот. Үй-бүлөӊүз менен эс алып келүүнү да пландайсыз. Жеке жашооӊуз бир сөз менен айтканда гүлдөйт. Туугандар, достор менен алыш-катышты күчөтөсүз.

БАЛЫК-БАЛЫК
Жылдыздар агымга каршы сүзбөш керек экенин эскертишет. Ички туюмуӊузга карата иш кылсаӊыз утулбайсыз. Январдын аягында жашооӊузда өзгөрүү болот. Кемчилиги менен жасалган иштериӊизди жакшылап карап чыгыӊыз, ал сизге кийинки иштерде ката кетирбөөгө сабак болот. Жаз же күздө ар тараптан колдоп турчу, түшүнүктүү, эстүү жанга туш болосуз. Андай планыӊыздын жоктугуна карабай баш кошом деп чыгасыз. Андыктан баарына даяр болуӊуз.

БАЛЫК-ЖЫЛАН
Өтүп кеткен жылдагы чыгымдар, жоготуулар жаӊы жылда толукталат. Кыялыӊыздагы жумушка орношуп, көӊүлүӊүзгө жаккан, сизди түшүнгөн адамды жолуктурасыз. Темир тулпарлуу, үйлүү да болосуз. Үй-бүлөлүүлөр балалуу болуп кубанышат. Акыл кампаӊыз жетиштүү, бирок дагы окуп алдыга умтулбасаӊыз эски көз караш менен калып каласыз. Жардам сурагандарга кол сунсаӊыз, пайдасын эки эсе көрөсүз.

БАЛЫК-ЖЫЛКЫ
Жаӊы идеялар келет, аны менен чагылгандай тез алпурушуп, чыныгы жашоодо ишке ашырууга аттанасыз. Жаӊы алектенүүлөр дем берип, ашып-ташкан энергиянын ээси болуп чыга келесиз. Ал энергияӊыз карьерадагы өсүштү да, жеке жашоодогу таанышууларды да жөнгө салат. Бул жөндөмүӊүздү эмгек менен айкалыштырсаӊыз жашооӊуз жакшы жакка өзгөрүп, көптөгөн бийиктиктерди багынтасыз.

БАЛЫК-КОЙ
Ишиӊизде бут тосуулар болушу мүмкүн. Бирок ал деле убактылуу. Жыл жагымдуу жаӊылыктары менен башталып, ошондой эле кабарлары менен соӊуна чыгат. Сүйүктүүӊүздүн көӊүлүн таап колун суроого да жетишесиз. Бирок андан жок деген жоопту угуп калышыӊыз ыктымал. Кайра тартпаган өжөрлүгүӊүз менен анын да жолун табасыз.

БАЛЫК-МАЙМЫЛ
Алдыда эки иштин бирин тандоо керек болот. Эсиӊизде болсун, тандоодо кабыл алган чечимиӊизден бактыӊыз көз каранды. Жан дүйнөӊүз тынч болбойт. Чечилбей жаткан маселелерден улам жарым жылдай кризисте болосуз. Акыркы айларда ишиӊиз жүрүшүп, маанайыӊыз ачылат.

БАЛЫК-ТООК
Маанилүү, көӊүлдүү, ар түркүн окуяларга бай жылдардын бири болот. Ишиӊизде да, финансы жаатында да, жеке жашоодо да ар кыл маселелер жаралат. Бирөөгө карасанатайлык кылбай, жаман ойлордон өзүӊүздү тазалоону жылдыздар эскертишет. Ар бир кадамыӊыздан ырахат алгыӊыз келет, бирок жолуӊуз болбой ого бетер нервиӊиз чыӊалат. Чарчаганыӊызга карабай иштеп жүрө бергениӊиздин жыйынтыгы менен ден соолугуӊуз начарлайт.

БАЛЫК-ИТ
Эски тааныш, достордун жардамына таянасыз, алардын айрымдары өз чөйрөсүндө таасирлүүлөрдөн. Жыл башында иш издөө менен алектенип, кыялыӊыздагы жумушту табасыз. Тапкан маянаӊыз сизди жана үй-бүлөӊүздү бакканга жетет. Жалпысынан маймыл жылы сиз үчүн оор жылдардан болушу мүмкүн. Үй-бүлөдө таарынычтар болот, анын аягы ажырашууга алып келиши ыктымал.

БАЛЫК-ДОӉУЗ
Бул жылда сырткы келбетти өзгөртүүнү колго аласыз. Спорт залга барып, йога менен машыгып, сулуулук салондоруна байма-бай каттап каласыз. Буга сүйүү сезимдерине чулганганыӊыз себеп болот. Бойдоктордун көпчүлүгү түгөйлөрүн табышат. Мүнөзүӊүздө да өзгөрүүлөр болот, жоопкерчиликтүү жана чечкиндүү болуп чыга келесиз. Үй-бүлөлүүлөрдүн үйүндө наристе үнү жаӊырат.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
adiletik
2015-12-22 20:39:38
Балык-Жылкылар Кудайым буюрса бул жыл биз учун ийгиликтин жылы болот экен.
0
Nkvd_1993
2015-12-23 00:44:28
Суукуяр-коен менин жылым буюрса мен учун 2016-жыл жакшы жылдардан болот экен,,,буюрса.
0
Aigerim
2015-12-23 13:32:11
Ит менен суукуяар жоко
0
admin_superstan
2015-12-23 14:29:42
Aigerim, саламатсызбы!
Суу куяр-Ит жазылып турат. Жакшылап кароону сунуштайм.
0
Abdisabyr
2015-12-23 14:54:21
Бөйөн жакго?
0
admin_superstan
2015-12-23 15:21:42
Abdisabyr, саламатсызбы!
Бөйөн жылдызы тууралуу:
http://www.super.kg/article/show/34401
0
Belekbai
2015-12-23 19:32:17
Суу куяр жылан мага ото жакшы жыл болот экен оозунарга бир челек май
0
abc123
2015-12-24 08:54:59
саламатсыздарбы админ. бизге букачар жана коен чыгаргылачы сураныч
0
admin_superstan
2015-12-24 10:03:06
abc123, саламатсызбы!
Мурунку санында чыккан:
http://www.super.kg/article/show/34401
0
nazarova_89.28
2015-12-28 16:07:49
Эгиздер жокко?
+1
admin_superstan
2015-12-28 16:13:02
nazarova_89.28,
Саламатсызбы! Эгиздер гезиттин өткөн санында чыккан. Төмөндөгү шилтеме менен өтүңүз
http://www.super.kg/article/show/34401
+2
Abdumalikovna
2016-02-01 22:48:09
Бойон жокко
+1
altynka95
2016-12-09 02:28:45
Дал келбеди меники
0
№ 685, 18-декабрь-24-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан