Ушул жылдын 16-июлунда Бишкек шаарында болгон атышуу, андан кийинки абактан качуу элдин эсинен чыга электе дагы бир кандуу окуя катталып, борбор калаада аймактык инспектор кылмышкерлердин огунан каза тапкан. Көп узабай, тагыраак айтканда, 10-декабрдан 11-декабрга караган түнү УКМК Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда террордук уюмдун дагы 2 мүчөсү жок кылынды деп билдирди. Жогорудагы окуялар өлкөбүздө терроризм кулачын жайып баратканын белги кылып жаткан жокпу? Жок кылынган адамдар кимдер эле, террорчуларбы же тарапташтары айтып жаткандай «такыбаларбы»? Төмөндө ушул сыяктуу суроолорго жооп табууга аракет кылабыз.
ТЕРРОРИСТТЕРБИ ЖЕ ТАКЫБАЛАРБЫ?
УКМКнын «кара тизмесине» кошулуп, «Жайшүл Махди» кыймылынын мүчөлөрү деп жок кылынган адамдарды коомчулукта, интернет айдыӊында колдогондордун көптүгү – өкмөткө коркунуч коӊгуроосун каккансыйт. Себеби өлкөбүздө диндин ашынган фанаттары көбөйүп баратканы жашыруун эмес. Өлтүрүлгөн адамдар жөн адамдар эмес экендигин, алардын жанынан курал-жарактар, ок-дарылар табылып жатса да, коомчулукта «жөн жерден эле бейкүнөө адамдарды «террорист» деген шылтоо менен атып жок кылышты» деген кептер басымдуу. Ал эми УКМКнын маалыматына таянсак, Чыгыш-5 кичи районунда өлтүрүлгөн эки адам бир топ оор кылмыштарга катышкан деп шектелишүүдө. «ТЕРРОРДУК АКТТАРДЫ УЮШТУРУУНУ ПЛАНДАШКАН»
Аталган мекеменин басма сөз кызматкери Рахат Сулаймановдон террорчуларды каржылаган деген шек менен кармалган экс-депутат Максат Кунакунов тууралуу сураганыбызда «тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн эч нерсе айта албайм» деди. Ал эми жогорудагы окуя тууралуу буларга токтолду:
– 10-декабрдагы операциянын жүрүшүндө УКМКнын бир кызматкери октон жаракат алды. Учурда анын абалы канааттандырарлык. Ал эми катардагы жарандардан жаракат алгандар жок. Өлтүрүлгөн адамдар Бишкекте жана Чүй облусунда террордук жардырууларды пландашканы аныкталды. Алардын жанынан 4 тапанча, граната, жарылуучу зат, бир нече уюлдук телефон жана башка буюмдар табылган. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.
Бул адамдардын да сөөгү жакындарына берилбейт жана коюлган жери айтылбайт.
«ӨЛТҮРҮЛГӨНДӨР АЙМАКТЫК ИНСПЕКТОРДУ АТЫШКАН ДЕП ШЕКТЕЛИШҮҮДӨ»
Ал эми ИИМ окуя болгон соӊ «жок кылынган 2 адамды милиция кызматкеринин өлүмүнө шектүү катары биз издеп жатканбыз» деп билдирүү таратты. Эске сала кетсек, ИИМ буга чейин аймактык инспектор Актилек Абдубалиевди өлтүрүүгө катыштыгы бар адамдар тууралуу так маалымат айткан жаранга 1 миллион сом сыйлык берерин убада кылган. Бирок бир да жарандан издөөдө жүргөн адамдар тууралуу так маалымат келип түшкөн эмес. Ошентсе да жок кылынган 2 адам аймактык инспектор каза болгон күндөрү Бишкектин 8-кичирайонунда убактылуу батирде жашашканын күбөлөр тастыктап беришкенин ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов билдирди:– 19-ноябрда Бишкектин 8-кичирайонунда аймактык милиционер Актилек Абдубалиевди өлтүрүүгө катыштыгы бар деп шектелип 2 адам издөөдө жүргөн, бирок алар кармалгыча УКМКнын кызматкерлери тарабынан жок кылынды. Алар: Турат Аманкул уулу, 1981-жылы Нарын шаарында туулган. Буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) жана 241-беренеси (ок атылуучу, ок атпоочу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жарылуучу жасалгаларды мыйзамсыз сатып алуу, берүү, сатып өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча айыпталып, эки жолу соттолгон.
Экинчиси Келдибек Аширов, 1986-жылы Баткен облусунун Кара-Бак айылында туулган. 2013-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 241 жана 299-беренелери (улуттук, расалык же диний кастыкты козутуу) боюнча 3 жылга эркинен ажыратылган. Алар «Жайшүл Махди» уюмунун мүчөлөрү болушу мүмкүн экендиги болжолдонууда.
Ошондой эле 11-декабрь күнү Турат Аманкул уулу менен ушул жылдын сентябрынан бери жарандык никеде жашап келген 19 жаштагы К.Ж. аттуу айымдын жашаган жери аныкталып, ал ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалып, суракка алынган. Натыйжада жок кылынган 2 адамдын буга чейин жашап келген даректери аныкталган. Бири Бишкектеги Арча-Бешик конушунда, экинчиси Көк-Жарда жашап турган. Алардын батирлерин тинтүү учурунда Калашников автоматы, ок-дарылар, уюлдук телефондор, SIM-карталар, флешкалар, бет каптар табылып, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери уланууда.
«БАЛАМ АГАСЫНЫН ӨЧҮН АЛМАКЧЫ БОЛУП ЖҮРГӨН»
Айта кетчү жагдай, УКМК кызматкерлери тарабынан өлтүрүлгөн 2 адамдын бири Турат Аманкул уулу ушул жылдын 16-июлунда «Орозо айт күнү жардыруу уюштурууну пландашкан» деп Бишкекте өлтүрүлгөндөрдүн бири Канатбек Усубалиевдин бир тууган иниси болуп чыкты. Алардын атасы Аманкул Итибаев баласынын сөөгүн көрүү үчүн УКМКнын алдына келген:– 16-июлда улуу балам Канатбекти Тариэл Жумагуловго (кылмыш дүйнөсүндө Тоха деген ат менен таанымал) кошуп «террорчу» деп атып жок кылышкан. Канатбек эч кандай террорчу эмес болчу. Буга чейин милициянын босогосун да аттаган эмес, тентек балдар менен эле жүргөн. Өлтүрүп, сөөгүн да беришкен жок, каякка көмүлгөнү дайынсыз. Эми 10-декабрь күнү кечинде Туратбек деген кичүү баламды Төкөлдөш жактагы мечиттен досу менен чыгып келе жатканда «террорчу» деген шылтоо менен атып өлтүрүшүптүр. Террорчу болсо Бишкектеги базарларды, чоӊ дүкөндөрдү жардырып салбайт беле? Анын болгон күнөөсү «агам ак жеринен кетти, колумдан жулдуруп жибергендей болдум, агам үчүн өч алам» деп өчөшүп алгандыгында. Мен: «Балам, сени УКМКнын кызматкерлери издеп жатышыптыр. Бир жакка барып, башыӊды аман-эсен алып калсаӊчы» десем, «Жок, мен эч кайда кетпейм. Агамды өлтүрүп жатышса, мен элдин бетин кантип карап жашап жүрөм? Аны ким өлтүрсө, аларды жок кылып, анан өлөм» деп көгөрүп туруп алган.
9 жашар Барсбек деген неберем бар. Туратбек кайда барса, аны өзү менен кошо ээрчитип жүргөн экен. Неберемдин дайыны жок болуп жатат. Баламдын кийинки алган колуктусу бар эле, уулумду өлтүрүшкөндөн кийин аны жашап жаткан жеринен барып кармашыптыр. Азыр ал убактылуу кармоочу жайда. 10-декабрь күнү баламдын биринчи келинчеги менен жаӊыдан таанышканбыз. Анан ал «жалгыз коркуп жатам, сиздердикине көчүп келейин, жүктөрүмдү алып келишип коюӊуздар» дегенинен үйүнө жубайым менен чогуу баргандан кийин кеч болуп кетип түнөп калганбыз. 11-декабрь күнү таӊкы саат алты чамасында эшик такылдап калды. Ачсам, куралданган 20дай милиция кызматкери үйгө кирип келип, балдардын жүрөгүн түшүрүп, үйдү тинтип, телефондорду алып кетишти.
Андан кийин келинчегим экөөбүздү Рыскулов көчөсүндөгү үйүбүзгө алып келип, биздин үйдү да текшерип, чачышты. «Издегениӊер эмне?» десем, «тапанча, ок-дары издейбиз» дешип, аягында эч нерсе таппай, жубайым экөөбүздүн телефондорубузду, дарек жазган дептерлерди алып кетишти. Же аларды кайтарып беришпей, туугандарыма да телефон чала албай отурам.
Алар кеткенден кийин үйдө телевизор көрүп отурсак, саат 16:00 чамасында жаӊылыктардан уулумдун өлтүрүлгөнүн көрсөтүштү. Мурунку күнү билгенде милицияны үйгө киргизмек эмесмин. Анан телефондорду алып кетип жаткан Токторбек деген тергөөчүнүн номурун алып калдым эле, ага чалдым. «Баламды эчак эле өлтүргөн турбайсыӊарбы, келинчегин камап коюптурсуӊар. Жанында бала бар эле, ал кайда?» деп сурасам, «аксакал, билбейм, башты оорутпа» деп өчүрүп койду.
Эми минтип өлгөн бала менин баламбы же башкабы, сөөгүн көрөйүн деп келдим. Андан чыгып абакта отурган келиниме барып, неберем кайда экенин сурайын. Небереме бир нерсе болсо, баары жооп беришет. Эми балам менен каза болгон досун 19-ноябрда Бишкекте аймактык милиция кызматкерин атууга тийиштиги бар деп жатышат.
ИИМ менен УКМК болсо Аманкул Итибаевдин небереси тууралуу маалыматы жоктугун билдиришти.
«ТАТЫКТУУ ЖАЗАСЫН АЛЫШТЫ»
Маркум аймактык инспектор Актилек Абдубалиевдин атасы Асан Исабаевге байланышып, окуя тууралуу пикирин уктук:
– Мага милиция кызматкерлери телефон чалып «Бишкекте жок кылынган 2 адам уулуӊузду өлтүргөндөр болушу ыктымал» дешти. Эгер алар чындап эле уулумду аткандар болсо, анда татыктуу жазасын алышты деп ойлойм. Элдин тынчтыгын бузуп, коомчулукка коркунуч жараткан андай иттерди атыш керек. Ата-энесине сөөгүн бербей туура кылышат. Андай адамдардын бул дүйнөдө жашоого акысы жок.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg