«Неге сени сүйдүм, ай?», «Сулууларга суктанууга акым бар», «Кечирип кой» аттуу ырлардын аткаруучусу Кубаныч Ажыбаев 12-декабрда кыздуу болду. Ырчынын жаӊы төрөлгөн наристесинен башка 1 уул, 1 кызы бар. Кырк жылкылуу болгонуна кубанган ырчы наристеси менен жубайын үйүнө чыгаргандыгын айтып, төмөнкүлөрдү кошумчалады.