
Президент
Алмазбек Атамбаев 11-15-декабрь күндөрү иш сапары менен Түркмөнстан, Кувейт жана Катар мамлекеттерине барды. Өлкө башчынын сапары адегенде Түркмөнстанда башталып, аталган өлкөнүн президенти
Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушуп, «Нейтралитет саясаты: Тынчтык үчүн эл аралык кызматташтык, коопсуздук жана өнүгүү» аталышындагы конференциянын ачылышына катышты. Бердымухамедов Атамбаевди жылуу кабыл алып, кыргыз-түркмөн мамилелеринин ырааттуу өнүгүп жатканын канааттануу менен билдирди.
«Сиздин бул конференцияга келгениӊизге кубанычтамын. Сиздин эл аралык аренадагы көз карашыӊыз биз үчүн абдан баалуу»,- деген оюн билдирди.
Андан соӊ президент Атамбаев Кувейтке сапар тартты. Расмий сапардын алкагында ал Кувейттин биринчи вице-премьер-министри, тышкы иштер министри, Араб экономикалык өнүктүрүү боюнча Кувейт фондунун төрагасы шейх
Сабах Халед аль-Хамад аль-Сабах менен жолугушуп пикир алмашты. 13-декабрда Алмазбек Атамбаев Кувейттин премьер-министри шейх
Жабер Мубарак аль-Хамад аль-Сабах менен жолугушту.
«Мамлекеттерибиз үчүн өз ара кызыкчылык туудурган долбоорлорду чогуу ишке ашыра алабыз деп ишенем. Ошондой эле Кувейт ишкерлеринин кыргыз өлкөсүнө келишин күтөбүз»,- деди президент. Мындан сырткары Кувейт мамлекетине болгон сапарда президент Кыргыз Республикасынын Кувейттеги элчилигинин ачылыш аземине катышты. Мындан соӊ ажо Катар мамлекетине сапар алып, ал жактын эмири
Тамим бин Хамад аль-Тани менен жолугушту.