ИБРАГИМ ЖУНУСОВ КИМГЕ ҮЙЛӨНБӨЙ АРМАНДА КАЛГАН?

Бир ырдын тарыхы

Сүйүшүп жүрүп үйлөнүү тою буюрбаган жаштардын гимнине айланган ырчы Роза Шакированын аткаруусундагы “Үйлөнүү тойду” жактырбаган жан болбосо керек? “Бул ырдын сөзү маркум депутат Санжар Кадыралиевге таандык” деген кеп эл арасында айтылып келет. Бирок депутат Ибрагим Жунусов бул маалыматты жокко чыгарды.

Чын-чынына келгенде бул ырдын сөзү да, обону да депутат Ибрагим Жунусовдун калемине таандык тура. Ибрагим мырзанын буга чейин жаралган, эл жүрөгүнөн түнөк тапкан “Алтын апа”, “Чынара”, “Эламан” сыяктуу ырлары бар.
Тарыхы жок жаралуу болбойт дегендей эле «Үйлөнүү той» ырынын да өзүнө тиешелүү кичинекей тарыхы бар. Башкача айтканда, ырдагы айтылган тагдыр депутат мырзанын турмушунан алыныптыр.
1991-жыл. Ал кезде ырчы үч баланын атасы болуп калган. 8-класста окуган ырчынын күйөрманы болочок депутатты жан дили менен сүйүп калган экен. Ошондо “Сүйбөдүм, сүйө албадым, сүйгүн деп кыйнабагын” деген саптары бар ырын жаратыптыр. Андан кийин ал кыз бой жетип, турмушка чыгат. Дагы деле ичиндеги сүйүүсүн унута албаган кыз ырчы Роза Шакированын “Үйлөнүү той” аттуу клибиндегидей эле Ибрагим мырзага чакыруу кагазын алып келип берген экен. Көз алдында болуп жаткан окуяга жан-дүйнөсү сыздаган ырчы “бара албадым мен тоюңа, кантип чыдап отурамын, кантип ырдайм мен тоюңда?” деген саптарды курап ыр жараткан тура.
Депутаттын айтымында, турмушка чыккан ырчы кыздардын эки-үчөө «Ибрагим байке бул ырды мага арнаган» деп да алышкан. Бирок андай эмес.
Сөз соңунда, Ибрагим мырза буларга токтолду. «Бир тойдо аккордеон менен ырдаганда, Роза жактырып калып бул ырды сурап, менин уруксатым менен ырдап чыкты. Роза карындашым ырды ийине жеткире аткарды. Эмнегедир акыркы убакта “Үйлөнүү тойду” өзүм да ырдагым келип жүрөт. Балким, жакында ырдап чыгармын».
Ал эми эл арасында “ырдын сөзү Санжар Кыдыралиевге таандык” деп айтылып жүргөнү да жөн жерден эмес экен. Анткени бул ырды жакшы көргөн маркум депутаттын уюлдук телефонунда дайыма ушул ыр жаңырып турчу. Ырдын ыргактары жан дүйнөсүнө жакын болгондуктан, Санжар: “Ибрагим аке, шедевр ыр жараткансыз!”- деп калчу экен. Жадакалса “бул ырды Ибрагим аке экөөбүз жаратканбыз” деп тамашалап да айтып жүргөнүн кошумчалай кетмекчибиз.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 378, 29-январь - 4-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан