УЧАСЫӉБЫ? 15 ДОЛЛАР ТӨЛӨЙСҮӉ! ЖЕ МАКСИМ БАКИЕВДИН 60 ТЫЙЫН САЛЫГЫНЫН ЖАӉЫЧА ТҮРҮ

«Манас» аэропорту 2016-жылдын 1-январынан тарта жүргүнчүлөрдөн 15 доллардан аэропорттук жыйым алып баштайт деген маалымат коомчулукту бир силкинтти. Азыркы эсеп менен алганда бул 1140 сомдун тегерегиндеги сумма. Доллардын күн санап көтөрүлүп баратканын эске алсак, анда бул сумма да өзүнчө бир авиабилеттин баасына жетиши мүмкүн. Жарандарына орточо 13 миӊ сом эмгек акы төлөгөн өлкөнүн мындай жаӊыча «салыгы» оӊой акча эмес.


«АЭРОПОРТТУК ЖЫЙЫМ МУРДА ЭЛЕ БАР БОЛЧУ»
Жөн жерден элдин жонунан кайыш тилгиси келип турган «Манас» аэропорту менен байланыштык. Мекеменин маалымат кызматынын өкүлү Алия Курбанова: «Аэропорттук жыйым жаӊы баштала турган көрүнүш эмес. 2001-жылы президенттин буйругу менен аэропорттук жыйымдар күчүнө кирген. Башкача айтканда, ошол жылдан тарта эле аэропорттун жүргүнчүлөрүнөн 10 доллардан алынып келген. Ал сумма билеттин баасынын суммасында мурдатан эле болгон. Аэропорттук жыйым ички каттам менен жүргөн жүргүнчүлөрдөн алынбайт. Чет өлкөгө уча тургандардан алынат. Коомчулукта ички каттамдардан да алынат деген ойдон улам түшүнбөстүктөр болууда»,- деп билдирди. Эмнеликтен дагы 5 долларга кымбаттаганын сураганыбызда: «Жыйымдар аэропорттун инфраструктурасын жакшыртууга жумшалат жана мекеменин карызын жабууга колдонулат»,- деди.

60 ТЫЙЫНДЫ ЭСКЕ САЛГАН 15 ДОЛЛАР
Интернеттеги социалдык тармактарда аэропорттук жыйымды 15 долларга көтөрүү жаӊылыгын Бакиевдердин уюлдук байланышка 60 тыйындан кошкон салыгына окшоштургандар көбөйүүдө. Эсиӊиздерде болсо, 2010-жылдын 1-февралынан тарта ар бир чалуу үчүн 60 тыйындан алына баштаган. Мындай «салыкты» Кыргызстандын уюлдук байланышты колдонгон ар бир жараны эмне үчүн, кимдин же кайсы мекеменин жыртыгын бүтөө үчүн төлөп жатканын ал кезде мамлекеттик мекемелер тийиштүү түшүндүрө албай шайы оогон. Ал эми байланыш операторлору каржылык маселелерден улам ушундай жолго барууга аргасыз экендиктерин айтышкан. Коомчулукка жардамга оппозиция келген. Алар 60 тыйын президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин чөнтөгүнө кетип жатканын айтып чыгышкан.

ЧЕТ ЖЕРДЕН УЧУП КЕЛСЕ ДА АКЫ АЛЫНЫШЫ МҮМКҮН
16-декабрь күнү транспорт жана коммуникация министринин орун басары Улан Уезбаев Жогорку Кеӊештин жыйынында чет жакка учуп кетип жаткандардан гана эмес, учуп келгендерден да аэропорттук жыйым алуу каралып жатканын билдирди. Депутат Сайдулла Нышанов: «Өкмөттүн аэропорт аркылуу Кыргыз Республикасынан чет өлкөгө учуп кетип жаткан ар бир жүргүнчүдөн 15 доллардан акы алуу сунушун колдойм. Чет өлкөдөн кыргыз жерине учуп келип жаткан чет элдик жарандардан да акы алууну киргизип койсо болот. Себеби биз башка мамлекеттерге учуп барганда аэропорттон акы алышат»,- деди.

БАШКА ЖАКТА ДА УЧКАНЫӉ ҮЧҮН АКЧА ТӨЛӨЙСҮӉ
Ошол эле аэропорттун маалымат кызматынын билдиришинче, эл аралык каттамдар боюнча күнүнө «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторунан чет өлкөлөргө 26нын тегерегинде каттам жасалат. Болжолдуу түрдө 2800 адам күн сайын чет өлкөлөргө учуп кетет. Эгер алардан 10 доллардан алынды деп эсептесек, күнүнө 28 миӊ доллар, айына 840 миӊ доллар, жылына 10 миллион 80 миӊ доллардын тегерегинде аэропорттун капчыгына түшүп турат экен.
Манас аэропортунун басма сөз кызматкери: «Аэропорттук жыйымдарды алуу Кыргызстанда эле эмес, дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө орун алган. Айрым өлкөлөрдө 50 долларга чейин алынат»,- деп кошумчалады. Маселен ошол эле АКШ, Британия, Германия сындуу алдыӊкы өлкөлөрдө да мындай көрүнүш бар. Аэропорттук жыйым ал жактарда да инфраструктура, кызматкерлердин айлыгы өӊдүү маселелерди чечүү үчүн жумшалат.
Бирок АКШнын аэропортторундагы тейлөө менен биздин «Манас» аэропортунун сервисин дегеле салыштырып болбойт. 2001-жылдан тарта учкандардан жылына
миллиондогон аэропорттук жыйым алынып келатканы менен, «Манастын» олуттуу өзгөрүп кеткени байкалбайт.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (118)
Aidar.001
2015-12-23 21:01:57
Элибиздин канынан да жылына 1 литрден алып турсанар!!!!карыздан тезирээк кутулуп калат элек, ошол акчаны кыргыз эли жеген да!!!!, эми байкуш Атамбаев менен Сариев толоп жатышат кыйналып! !!!!!
+1
bibi87
2015-12-24 00:52:46
Жакында бекер дем алып жатасынар,абага да тологуло дешет го эми
+1
anar-87
2015-12-24 01:17:44
жаман свет кымбаттады базарга баары кымбат дооларга ттешеси бары жогу деле. эмне деген заман болотат депутатар мыйзам чыгаргыч атка минерлер эмне кылып жатасынар чотонорду эмес элдин деле капчыгын ойлогулачы кыйнчылыктан чыгуунун айласын тапкыла. эл ишенип шайлады ойлонгула
+1
Aza_boy
2015-12-24 02:10:03
Болок мамлекеттер да ушундай салык алат элден деп коюшат. Алардын айлыктары башкача. Ал жонундо негедир эске алышпайт. "Башка" мамлекеттер Россияга санксия кылып жатат деп санксия да киргизип корбойсунорбу?
0
tilek771212
2015-12-24 05:14:35
уялбайбы Манас аеропорттун карызын толойбуз дегенден алар жеген акчаны эмне учун карапайым эл толош керек
0
tilek771212
2015-12-24 05:17:20
мен коптон бери Москвага келип кетип журом аеропортто салык 10 доллар толо деген нерсе болгон эмес
0
bek123
2015-12-24 10:39:35
Кыргызстандын элинен ушул акчаны албай эле коюшса болмок , Ушунча Тадикстан Озбекстандыктар келип биздин Аэропорттон учуп жатышпайбы ошолордон салык алыш керек и туристерден ошол эле жетет)
+1
SHAHDAR
2015-12-24 11:40:34
60 менен 15 долларды салыштыруу туура эмес.
15 долларды тушундуруп эле берип жатышпайбы. Тишил жакка бул жакка(аэропорттун жакшылыгы учун) деп эле.
60 тыйын деген бул сотовый байланыштын ар бир чалуусуна нагло салынган салык болчу. Толугу менен Бакиевдин баласына кете турган акча болчу. Ак менен караны чаташтырбагыла.
+1
Zhoodarbek-myrza
2015-12-25 19:09:00
SHAHDAR,ал 15 доллардан сырткары пайда корушот да, ошол пайдага жасаса болот, анын отчету жок, бир нерсе болсо башка мамлекеттен акча сурашат.
0
Nadyrbek00000
2015-12-24 18:09:23
Булар элди жеп бутмой болдуго, онукон олко болгондо эчтеке эмес эле.
+1
jooshbala
2015-12-24 22:59:22
Кече шайлооло акчаларын чачып ташташти да,эми чогултуш керек шулле
0
Emil0279
2015-12-26 08:34:29
Бакиев светти,мобилдик оплатаны кымбаттады деп элге жаман корсотуп куудунар эле, а озунор болсо андан хуже кылып жатасынар, бироого ор казсан озун тушосун деген соз бар, эл дагы бир толкуса качып бараткан самолетунду атып тушурот го чиркин. Ошондо айланайындар дегенинерди коробуз)))
+1
pchelka7770
2015-12-26 10:14:33
Дагы кайсы жактан акча чыгаралы деп эле ойлонуп журушот болуш керек. Эл эмнеге унчукпай жатышат. Сооруп бутушот жакында. Же алган айлык , пенсия , соц пакеттер жакшы болбосо. Ушунун айына Кыргызстанда жашагысы келбегендер коп чыгат . 5 жыл болду жумуштар менен Турция , Таиланд , Вьетнам , Москва учуп журом , эч кандай салык берген эмесмин. 2 сом 16 тыйынга дагы макул болуп отурабыз. Бакиевдин заманынан дагы начар болуп баратат.
+1
pchelka7770
2015-12-26 10:20:17
Башка олколордон карызга акча алып жешет , уй салышат , бизнес ачышат , балдарын чет олкодо окутушат . Анан карапайым элден алып , толойбуз деп . Калп ! 15 $ дагы ар кимиси жейт
0
moskva.slezam.neverit
2015-12-28 03:40:01
Оо кудай бул эми эмне деген жанылык ыя?Мен туура эмес чечим деп ойлойм байкуш мигранттар тобосу менен жер чукуп иштешсин анан оз мекенине барыш учун акча толоп кирсин бул эмне деген жашоо?Бул жагы эшек иштейт ат жейттен болуп кетиптирго ее туугандар.Башка мамлекеттер да акча алышат дейт биринчи биздикилер ошондой условия и айлык акы толошсун анда жогоруда жазылгандай 15$ эмес 20-30$ толоп бермекбиз.Мен мисалы откон жылы отпуска алган кезде Москвадан Астанага учтум эч кандай налог алган жок.
0
Aikyn93
2016-01-14 22:05:35
ушундай боло берсе жаз менен буюрса кайра пикет кылабыз
0
№ 685, 18-декабрь-24-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан