«Супер-Инфонун» тандоосу боюнча «Заманыбыздын супер ырчысы» наамын алган Каныкей 11-ноябрда эне статусуна ээ болгонун жазганбыз. Бир кезде «мен ушундай обу жок кызмын» деп кийген кийиминен тарта сүйлөгөн сөзү, баскан-турганы менен өзгөчөлөнгөн Каныкей менен жаӊы жүздө, эне статусунда баарлаштык. «Бакыт тынччылыкты жактырат экен» деген ырчы айым жашоосундагы өзгөрүүлөр тууралуу маек куруп берди.
– Каныкей, кандайсыӊ? Бешик бооӊор бек болсун! Кичинекей Алим кандай чоӊоюп жатат?
– Рахмат, жакшыбыз. Көз тийбесин, балабыз ата-энесин кыйнабай чоӊоюп жатат.
– Кош бойлуу кез кандай өттү?
– Чынында, 9 ай бою аябай кооптондум. Бирок мунун баарын Кудайдын буйругу деп кабыл алып, медиктердин көзөмөлүндө жүрдүм. Башка бирөө болсо айтып коюш оӊой тура. Өзүӊдүн башыӊа келгенде жоопкерчилик катуу болот экен.
– Үй-бүлө курганда жашооӊдо өзгөрүүлөр болдубу?
– Чоӊ өзгөрүү деле болгон жок, кандай болсом, ошондой бойдон калдым. Чынында, сахнадагы Каныкей менен жашоодогу Каныкейди салыштырып болбойт. Анткени чыгармачылыкта «мындай образда жүрүшүӊ керек, эл алдында мындай болушуӊ керек» деген талаптар бар болчу. Мен өзүмдү ошол жоболорго ылайык алып жүрчүмүн. Ал эми жашоодо кадимки жөнөкөй эле аялзатымын. Кайын журтум да өтө түшүнүктүү кишилер, бетке айткан мүнөзүмдү түшүнүшөт. «Сен антпешиӊ керек, минтпешиӊ керек» деп деле тыюу салышкан жок. Кайнатам чыгармачылыгымды баалайт, ырдаганымды жактырат.
– Өзүӊдүн апаӊ да аябай кубанып жатса керек? Алим канчанчы небереси?
– Ооба, апамдын кубанычында чек жок. Үйгө келгенибизде каралашып, баланы кантип караш керектигин көрсөтүп, тамак-ашты өзү жасап берип жатты. Кийин мен тыӊып алганда Токмокко кеткен. Байкемдин эки уулу бар, анан жээн небереси – Алим. Ошентип апам 53 жашында 3 неберенин бактылуу энеси болду.
– Жолдошуӊ тууралуу маалыматтарга кызыккандар да көп. Медердин мүнөзү кандай, эмне менен алектенет? Кандай ата болуп жатат?
– Айрымдар Медерди менден жаш деп ойлошот экен. Чынында, андай эмес, жолдошум менден бир жаш улуу. Мүнөзү абдан жөнөкөй, элдин көӊүл борборунда болгонду жактырбайт. 7-класстан кийин Нарындагы түрк лицейде окуган. Кесиби боюнча гидроинженер. Кийин Америкага барып иштеп, өз эмгеги менен бутуна турду. Ошон үчүн аны сыйлайм, баалайм. Америкадан келгенден кийин өз алдынча жеке бизнес менен алек болуп жатат.
Негизи, Медер Алимге үйрүлүп, аябай жакшы карайт. Бирок аны баланы караганга көп аралаштырбайм. Анткени ал жумушта, мен үйдөмүн. Аны аяйм.
– Айымдар үйдө отуруп калганда буулуга башташат эле. Сахнаны сагынып жаткан жоксуӊбу?
– Бардык ырларымды ырдап койгон окшоймун да, сахна тууралуу ойлогон деле жокмун (күлүп). Чыгармачылык жаатта алдыга койгон максаттарымдын баарына жеттим окшойт. Аялзаты катары өз бактымды таптым. Эми ошол бакытка ырахаттануу гана калды. Ошондуктан азыр менин бир гана максатым – балама мээрим төгүп, жеткиликтүү карап чоӊойтуу. Андыктан депрессия болгонго деле убактым жок.
– Аялдык бакытты сактап калуу үчүн эмне керек деп ойлойсуӊ?
– Менимче, үйдүн очогун тутанткан аял болгондон кийин аялзатынан көп нерсе көз каранды. Бакытты сактап калыш үчүн сабырдуу болушубуз керек. Мыкты кожойке болуп, жолдошун ар дайым колдоп, ага багынып турса, менимче, үй-бүлө бекем болот.
Медерди сыйлайм, ошон үчүн да сахнага чыгышым керек деп жулунбайм. Аялзаты эӊ биринчиден үйдө сүйүктүү жубай, мээримдүү эне, мыкты кожойке болушу керек деп ойлойм.
– «Медерди сыйлаганым үчүн сахнага чыкпайм» дегениӊ азыркы шартка байланыштуубу же келечектеги чыгармачылыгыӊа да тиешеси барбы?
– Жолдошум менин чыгармачылыгыма каршылык кылбайт. «Профессионалдык деӊгээлде ырда» деп ырларымдын сапатына басым жасайт. Ошон үчүн такыр эле чыкпайм деп айта албайм. Азыр менин үй-бүлөгө көӊүл бөлө турган чагым. Ошон үчүн биринчи кезекте үй-бүлөм, анан ыр-күлкү. Кийин убакыт болгондо гана чыгармачылыкка көӊүл бөлөм.
– Турмуш шартка байланыштуу Америкадан келгениӊерди билебиз. Ал жакка кайра кетүү пландарыӊар жокпу?
– Америкага көпчүлүк жаштар кыялдарын орундатуу үчүн барышат. Биз экөөбүз теӊ бутубузга турдук, уулдуу болдук, жолдошумдун жумушу бар. Америкага мунун баарын таштап кантип кетебиз? Менимче, мындан ары Кыргызстандан эле көтөрүлүшүбүз керек.
– Шоу-бизнес чөйрөсүндө шерине күтүп, той бергендер көп. Эмнегедир ал жактан сени көрбөйбүз...
– Мен ошондой шерине, той дегендерге кызыкпайм. Балким, андай этапка жете элекмин. Балким, мен андай чөйрөдөн эместирмин. Медер деле абдан тууганчыл, бирок андай шаан-шөкөттөрдү жактырбайт. Экөөбүз теӊ бул жагынан окшошпуз, тынч жашоону жактырабыз.
Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
star@super.kg