Балдарга шык, дем берип, жол көрсөтүү адамзаты жасай турган жакшы иштердин да жакшысы. Жаӊы жыл алдында бүткүл өлкөбүздө мектеп окуучулар арасында мекенди сүйүү, баалоо, асыроого арналган дил баяндар сынагы жарыяланган эле. Бул демилгени Кыргыз Республикасынын Малайзия өлкөсүндөгү толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Кылычбек Султанов көтөрүп чыккан. Жакшы иш өлкөбүздөгү алдыӊкы 9 ЖМК тарабынан колдоо таап, 1000ге жакын окуучу дил баян жазып, сынакка катышты. 17-ноябрда старт алган сынактын жыйынтыктары 20-декабрда жарыяланмак. Ушул ишке утурлай «Кабарлар» сайты Кылычбек Султанов менен маек курду.
– Саламатсызбы, Кылычбек мырза, бул кызматка дайындалганыӊызга 1 жыл болду. Малайзиядагы мекендештерибиздин ал-абалы, алыста жүргөндөгү мекенге болгон, эки элдин өзгөчөлүктөрүнө болгон ойлоруӊузду бөлүшө кетсеӊиз...
– Малайзияга мурда турист катары бир нече ирет барган болсом да, бир жылда өзүмө көп жаӊылыктарды ача алдым. Жумушума байланыштуу да көп иштерди жасадым. Кесибим дипломат болбосо да, маалымат каражаттары чөйрөсүнөн чыккан адис катары ал жактагы маалымат каражаттары менен жакшы байланыш түзө алдык. Алгач элчи болуп жаӊы дайындалганда журналисттер «биринчи жумушуӊузду эмнеден баштайсыз?» деп сурашкан. «Кыргызстанды Малайзияда кеӊири таанытууну максат кылам» дегем. Бул жагынан пландарымды 100 же 200 пайыз аткара алдым деп сыймыктануу менен айта алам.
Кыргызстанды Малайзияда таптакыр билишчү эмес. Бул ачуу чындык. Дүйнөлүк картада да аймагыбыз кичинекей болгондуктан анчейин байкалбай калат. Ага карабай бир
жыл аралыгында Малайзиядагы маалымат каражаттарында биздин өлкөбүз тууралуу кенен макалалар, телевидениеде Кыргызстан тууралуу роликтер, атайын репортаждар көрсөтүлүп, жакшы пиар кампания жүргүздүк. Тилекке каршы, Малайзиянын Кыргызстанга карата саясий жана экономикалык кызыкчылыктары жетишсиз болуп жатат. Андыктан бул иштер дагы улана берет. Башка дагы пландарды ишке ашыруу ойлорум бар. Буюрса, жакшы жыйынтыктарга жетебиз.
– Ушул аралыкта биздин өлкө үчүн Малайзиядан үлгү алчу нерселерди байкадыӊызбы?
– Үлгү ала турган жактары абдан көп. Ошол эле учурда өнүккөн мамлекет болсо да үлгү албай турган жактары да бар. Биздин алдыбызда бараткан өлкөлөрдүн катачылыгынан да туура жыйынтык чыгарса болот. Үлгү алчу жагы жөнүндө айтсам, ал жакта мамлекет ичинде улут деген нерсе көп колдонула бербейт. Мисалы, малай эли, индустар же кытайлар дагы улутунан мурун өздөрүн малайзиялыкмын, Малайзиянын жаранымын деп тааныштырышат. Чет өлкөлүк катары биринчи түшүнбөй каласыӊ «булардын баары малайбы?» деп. Бизде улутубузду, керек болсо региондорубуздан бери айтып жиберебиз.
Дагы бир үлгү алчу жагы – ар түркүн улут, ошол эле индустар, кытайлар мамлекеттик тил болгон малай тилинде сүйлөй билишет. Бизде кыргыз тилинде башка улуттар сүйлөй алышпайт го. Бир тил баарын бириктирет экен. Ушул нерсени үйрөнсөк болот.
– Сиз кесибиӊиз журналист болуп туруп биздин көрүнүктүү жактарыбызды пиар кылганга аракет кылып жатасыз. Ал эми Түркиядагы элчибиз Ибрагим Жунусов ырчыларды фестивалдарга катыштырып, маданиятты көтөргөнгө аракет кылып жатат. Элчи болуш үчүн сөзсүз эле дипломат болуп барып, ошол эле милдеттерди аткаруу эмес экен. Бул боюнча сиздин оюӊуз кандай?
– Дипломатиянын өзгөчөлүктөрү бар. Ансыз да болбойт. Аларды сөзсүз билүү керек. Бирок дипломатияны жашоо да үйрөтөт эмеспи. Биз жашоодо бири-бирибиз менен алака түзөбүз. Ошол эле нерсе глобалдык деӊгээлде мамлекеттер арасында жүргүзүлөт. Сиздин оюӊузга кошулам, тарыхта башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын карасак да сөзсүз эле дипломатиялык билим алгандар эле эмес, журналисттер же башка кесиптин ээлери да дипломатиялык тубаса таланттарын көргөзүп жатканына күбөбүз. Дипломат болуу адамдын өзүнөн да болуш керек. Ал эми дипломатиялык билим жумушта артыкчылыктарды берет, тоскоол болбойт. Ибрагим Кожоназарович өзүнүн жеке таланты, турмуштук жолундагы көргөн-билгенин, тажрыйбасын дипломатиялык ишинде колдонуп жаткандагыдай эле мен дагы, башка дипломаттар дагы өлкөлөр аралык мамилелерге өздөрүнүн өзгөчө салымдарын кошуп жатышат деп ойлойм.
– ММКларда мектеп окуучуларынын арасында мекенди сүйүү багытындагы дил баян сынагыӊыз талкуу жаратып жатат. Коомчулукта бул абдан маанилүү, тереӊ мааниси бар сынак деген ойлор айтылууда. Сурайын дегеним, сынакты өткөрүүгө эмне түрткү болду, мекенге болгон сагынычпы, патриоттуулукпу? Акчасы ашып-ташкан адамдар деле мындай сынактардан алыс, дегеле бул сынактын максаты эмне?
– Көп нерсе таасир этти. Ошол эле сиз санап кеткен мекениме болгон сагынычтын да таасири бар. Мен ар бир кыргызстандык мекенин сүйөт деп ишенем. Көп сынактар өткөрүлүп келе жатат. Менин жаш балдар үчүн сынак уюштурсам деген оюм бар эле. Жашым улуулап, бутума туруп калганда чет өлкөлөргө чыгып таӊ калгам. Эгер ошол дүйнөнүн алдыӊкы өлкөлөрүн окуучу кезимде көрсөм кандай болот эле, анда чет тилдерди билүү канчалык маанилүү экенин, келечекте мектепте өтүлгөн ар бир сабак баалуу, пайдалуу боло турганын сезмек экенмин деген ой келген. Эгер ошондой мүмкүнчүлүктү окуучуларга берсем, алар өздөрүн, инилерин, карындаштарын, досторун келечекке карай шыктандырат, билимге умтулушат, аларга азыр кичинекей салымымды кошсом, келечекте алар ошол шык менен Кыргызстанга салымын жүз эселеп кайтарып берет деген тилек менен бул сынакты уюштурдум.
– Малайзияга барып келүү менен биздин жети дубандын балдары сиз жөнүндө билишет, маалымат алышат, айрымдары сиздей болгусу келет. Өзүӊүз тууралуу да айта кетсеӊиз...
– Малайзияда билим берүү тармагына, экинчи коргонууга, үчүнчү болуп социалдык тармакка көп каражат жумшалат экен. Биздин өлкөбүздө деле андан кем эмес аракеттер жүргүзүлүп жатат. Эӊ биринчиден биздин келечек муун билимге умтулса, себеби билим материалдык байлыктан жогору турат, дайыма сени менен жүрөт, аны сенден эч ким тартып ала албайт.
Мен өзүмдүн жашоомдо бул кесипти окуган эмесмин, негизи адегенде компьютердик технологиялар жаатында, андан соӊ жаӊы маалыматтык технологиялар боюнча жана экономикалык жаатта билим алгам. Билим алып жатып иштегенге да туура келди. Ошондо массалык маалымат каражаттарында эмгектенип калдым. Турмуштук билимим массалык маалымат каражаттары, медиа жаатында болуп калды. Андан соӊ бир аз саясатка аралашуу болду, аны менен мамлекеттик башкаруу иштерине аралашып калдым. Турмушумдун азыркы этабы элчилик кызматты аркалоо болуп жатат. Мен ар бир кыргызстандыктын кайсы бир жолундагы тажрыйбасы мекенге пайда иретинде тиет деп ойлойм. Үй-бүлөм тууралуу айтсам, эки уулум бар. Алар азыр Малайзияда. Айта кетүүчү жагдай, алар Кыргызстанда абдан жакшы окушса дагы чыныгы англис тилдүү чөйрөгө барганда кыйын болду. Окуучуларыбыздын билим деӊгээлин өстүрүшүбүз керек. Алардын билими канчалык кеӊ болсо, дүйнө да алар үчүн кеӊ болот.
– Маегиӊизге чоӊ рахмат. Мелдеш жөнүндө айтып бергениӊиз биздин жаштарга үлгү катары таасир берет деп ишенем. Кыргызстанды унутпай бат-бат каттап туруӊуз!
– Рахмат. Кыргызстанды, дегеле мекенди унутуу мүмкүн эмес! Кыргызстан мени унутпаса экен дейсиӊ, тескерисинче.
Kabarlar.kg
«1000ден ашуун дил баян келди. Мындай болорун күткөн эмеспиз»
Элчи Кылычбек Султановдун демилгесин колдоого алып, өсүп келе жаткан жаш муундун мекен тууралуу ой-пикирин билүүнү каалаган ЖМКлардын катарында «Азаттык» да бар эле. Кылычбек Султанов «Азаттыкта» конок болуп, сынак тууралуу кенен айтып берди.
– Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги жана жалпыга маалымдоо каражаттары «Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм» аттуу дил баяндар сынагын жарыялаган. Ал боюнча кенен маалымат алуу үчүн элчи Кылычбек Султановду студияга чакырдык.Саламатсызбы! 9 маалымат каражаттары дил баяндарды кабыл алып жатты. «Азаттык» радиосуна Жалал-Абад облусунан 100дөн ашуун кат келди. Жалпысынан канча кат келгенин айта аласызбы?
– Саламатсыздарбы, менин маалыматым боюнча, 1000ден ашуун дил баяндар келди. Мынча болот деп маалымат каражаттары да, мен дагы күткөн эмесмин. Ушунча дил баянды окуп чыгып тогуз региондон жеӊүүчүнү аныктоо чоӊ эмгек.
– Бир топ чектөө, эреже талаптары бар эмес беле? Ошого карабай катышуучулардын көп болгону күтүүсүз болсо керек?
– Чектөө жаш курагына гана болду. Элчиликтин да, маалымат каражаттарынын да жумушу көп. Бирок ошого карабай маалымат каражаттары бирден регионду алып, жеӊүүчүнү жарыялоо жоопкерчилигин да моюнуна алышты. Сиздерге рахмат! ЖМКлар коррупцияга каршы иштердин бетин ачып, эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болуп келет эмеспи. Кыскасы, ишенгеним сиздер болдуӊуздар. Жеӊүүчүлөрдү адилет аныктап бересиздер деп ишенем.
– Эмнеден улам окуучулардын арасында гана өткөрүлдү?
– Чектөө катаал болду. 12 жаштан 15 жашка чейинки гана окуучулар катыша алышты. Бул убакта окуучулар өткөөл куракта да. Бул учурда психологиясында таасирдүү бир өзгөрүү болсо, келечекте Кыргызстанга, өзүнө, досторуна да үлгү боло алышат. Ошондуктан ушундай чечим кабыл алдык.
– ЖМКларга аймактардын бөлүштүрүлүшүнүн себеби эмнеде? Катышуучулардын санын көбөйтүү үчүнбү?
– Катышуучуларды сынакта ар тараптуу тандап берет деп ушундай жолго бардык. Бир эле редакция тандап калбасын дедик. Ар кайсы региондо билим деӊгээли ар кандай болгондугу да эске алынды. Ошондон улам ар бир региондон өзүнчө жеӊүүчү болушу каралды.
Жеӊүүчүлөрдү аныктап берсеӊиздер, билеттерди алабыз. Экскурсиялар уюштурулат, ошондой эле Малайзиядагы мектеп окуучулары менен да жолугушуулар каралган.
Azattyk.kg