ВАЛЕНТИНА ШЕВЧЕНКО UFCде АЛГАЧКЫ ЖЕӉИШИНЕ ЖЕТТИ

Акыры бул күн да келди. Дүйнөнүн эӊ беделдүү UFC (Ultimate Fighting Championship) уюму кыргызстандык спортчу менен келишим түзүп, атактуу чемпиондор чыгып келген октагонго биздин мушкер да чыкты. Жыйынтыгында кыргыз жеринде төрөлүп-өскөн Валентина Шевченко канадалык Сара Кауфманды упай эсебинде жеӊип алды.

Валентина Шевченко Анатольевна

Жашы – 27
Тай боксу боюнча аялдар арасында «Дүйнөнүн мыкты спортчусу» наамынын ээси.
Олуттуу түрдө бий менен алектенип, тапанчадан ок атуу боюнча мелдештерге катышып келет.

UFCдеги 62 килограммга чейинки салмактагы спортчулардын рейтинги:

1. Учурдагы чемпион – Холли Холм (АКШ)
2. Ронда Роузи (АКШ)
3. Кэт Зингано (АКШ)
4. Миша Тейт (АКШ)
5. Алексис Дэвис (Канада)
6. Аманда Нуньес (Бразалия)
7. Валентина Шевченко (Кыргызстан)

UFC ШЕВЧЕНКОНУ КӨПТӨН БЕРИ БАЙКАП ЖҮРГӨН
Мекендешибиз Валентина Шевченко ар кыл уруш спорту (муай тай, кикбоксинг жана башка) боюнча 17 жолу Дүйнө чемпиону аталган. Ошондой эле 2002-жылдан тарта ММА жаатында (X-Impact) эрежесиз уруш боюнча мелдештерге катышып, анда да ийгиликтерге жетишкен. Акыркы жылдары машыктыруучусу Павел Федотовдун карамагында Перу өлкөсүндө машыгып, аталган өлкөнүн атынан беттештерге чыгып жүргөнү белгилүү.
«Буллет» (кыргызча «Ок») каймана аты бар Шевченко ушул жылдын жай айларында бразилиялык Карина Дамм аттуу мушкер менен беттешмек. Бирок бул таймаш атаандаштын баш тартуусунан улам болбой калган. Дал ушул беттеште Валентинаны байкаганы UFC уюмунун президенти Дэйна Уайт өзү келип, кыргызстандык спортчу менен жолугуп кеткен. Жыйынтыгында Валентина Шевченко октагонго канадалык Сара Кауфманга каршы беттешке чыгып отурат.

АТААНДАШ АЛДЫӉКЫ ОНДУККА КИРЕТ
Мындай мелдештерге алгачкы ирет чыгып жаткан мушкер үчүн өтө күчтүү эмес спортчуну чыгарат. Бирок уюштуруучулар Шевченконун мурунку беттештерин көрүшкөнбү, айтор, атаандаш катары жеӊил салмактагы UFC рейтингинде (sherdog боюнча) 9-орунда турган канадалык Сара Кауфманды чыгарышты.
Сара 2010-жылы беделдүү делген «Strikeforce» мелдешинин жеӊүүчүсү аталган. Ошондой эле жалпысынан сегиз бурчтукта 20 беттеш өткөрүп, анын 17синде жеӊишке жетишкен. Калган беттештеринде жеӊилүү ызасын тарткан. Анын бири 2012-жылы айтылуу Ронда Роузи менен болгон беттеште катталган.
Беттеш алдындагы салмак өлчөөдө канадалык спортчу 61,7 килограмм болсо, Валентина Шевченко 60,8 килограмм салмакты түздү.

КАУФМАН VS ШЕВЧЕНКО
20-декабрь күнү Орландо шаарында UFCде жалпысынан 13 беттеш болуп, анын негизгиси катары саналган таймаш 70 килограмм салмакта Рафаэль Дос Аньос-Дональд беттеши саналды. Ал эми Кауфман-Шевченко беттеши 8-катарда орун алып, 5 мүнөттүк 3 раунддан турду.
UFC жаатында алгачкы ирет чыгып жатса да, биздин спортчу атаандашынан эч жалтанган жок. Дароо чабуулга өтүп жатканы менен, атаандаш клинчке өткөзүүгө аракет кылып жатты. 1-раунддун соӊунда «Буллеттин» чыканак жана буту менен узаткан соккулары таамай болуп, Кауфман дендароо боло түштү.
Экинчи раундда Сара түз турууда күчтүү эместигин көрсөтүп койду. Анткени Валентина мындай учурда колу-буту менен соккуларды биринин артынан бирин узатып жатты. Атаандаш эмне кылсын, клинчке өтүүдөн башка айла тапкан жок.
Утулуп жатканын сезген Кауфман соӊку раундда бир кыйла активдүү кыймылдай баштады. Ал партерде мыкты болгону менен, жеӊиш алып келүүчү ыкманы жасай албай койду.
Жыйынтыгында калыстар тобу упайлар эсебинде Валентина Шевченконун жеӊишин кабарлашты. Бул күнү кыргызстандык мушкердин UFCдеги алгачкы жеӊиши катталды.
Ал эми күндүн беттешинде бразилиялык Дос Аньос «ковбой» Серронени 66-секундда нокаутка учуратты.

«КАЙСЫ АТААНДАШ БОЛБОСУН, АНЫ МЕНЕН БЕТТЕШҮҮГӨ ДАЯРМЫН»
Беттештен соӊ Валентина Шевченко UFCге маек курду.
– Бул таймашта жеӊгениме сүйүнүп турам. Эс алуу убагында промоутеримден чалуу келип, «Сара Кауфманга каршы чыгасыӊбы?» деп сураганда, дароо ооба деп жооп бергем. Ошентип Орландого келип машыгууларды баштадык.
Беттешке чыгарда эч кандай толкундануу деле болгон жок, себеби уруштарга 22 жылдан бери чыгып келем. Ооба, UFC ири уюм, мында ар бир спортчу кысымды сезсе керек. Ар түрдүү ыкмага салып урушууну жактырам, андыктан Сара менен ойлонуп урушуу маанилүү болду. Туруп мушташууга караганда партерде көбүрөөк иштегенге аракет кылып жаттым.
UFCге келгениме абдан кубандым, себеби мында дүйнөнүн эӊ мыкты спортчулары менен беттешүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Алдыда кайсы атаандаш болбосун, аны менен
беттешүүгө даярмын,- деп билдирет кыргызстандык спортчу.

АР БИР МУШКЕР UFCге ЧЫГУУГА БЕЛСЕНЕТ
Кыргызстанда уруш спорт түрүнө болгон кызыгуу күч. UFC, ММА уюмдары менен келишим түзүүгө ар бир мушкер кызыкдар. Ири келишимдер жана белгилүү спортчулар дал ушул уюмдардын алдында октагонго чыгып келишет. Бул беттеш үчүн «Буллет» жалпы 36 миӊ АКШ доллар алды.
Шевченконун бул уюмда беттешке чыгуусу калган кыргызстандык спортчулар үчүн өрнөк болору шексиз. Аталган уюмдун жетекчисинин билдирүүсү боюнча, «Буллет» менен бир беттешке гана келишим түзүлгөн. Бул беттеште өзүн мыкты жагынан көрсөтө алган Шевченко дагы UFCде беттеш өткөрөрү күмөн жаратпайт.

Беттеш жүрүшүндө жигердүү кыймылдаган Валентина көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө татыды.

Адилет Керимбеков
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Erlan_92
2015-12-28 11:23:05
UFCде чыкса ийгилик каалаш керек муш.эшек емес наоборот суйунуш керек дагы коп жеништерди каалайм
+2
Patriot...kg
2015-12-28 19:56:01
Маладес
+2
dubai
2015-12-31 00:47:07
озу 27де болсо кандайча рингге 22 жыл чыгып келет?
0
dubai
2015-12-31 00:47:29
азамат Валентина!!!
0
Gulzarbek92
2015-12-31 01:52:23
Ал муай тай залында 4-5 жашынан бери машыгып келсе.Апасы муай тай федерациясынын президенти болсо албетте 22жылдан бери болот.
0
Gulzarbek92
2015-12-31 01:54:34
Туура эле 22 жыл болот. Анткени апасы муай тай федерациясынын президенти. Залда4-5жашынан бери машыкчу экен.
0
dasta
2016-01-01 15:11:31
Жакшы екен турмушка чыкканда жолдошу иш берсе бир муштумда пойузун келтиретта.Супер инфо саламатсыздарбы мыктыбек мамасалиевтен да интервю алсаныздар жакшы болмок еле рахмат
0
№ 686, 25-декабрь-31-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан