ЖЫЛ ИЧИНДЕГИ ЧУУЛГАНДУУ ОКУЯЛАР. КИМГЕ КАНДАЙ ӨКҮМ ЧЫКТЫ?

2015-жыл ичинде өлкө элин дүрбөлөӊгө салып, бирде таӊ калтырып, бирде жүрөктүн үшүн алган резонанстуу окуялар арбын болду. «Мындайды кинодон эле көрчү элек» деп коомдогу коркунучтуу кылмыш жана окуяларды талкуулаган калк алардын жыйынтыктары кандай болуп жатканын билүүгө ынтызар. Эмесе, жыл ичинде бизди дүрбөлөӊгө салган орчундуу окуяларды эске салып, алардын жыйынтыгына жана иштин жүрүшүнө саресеп салабыз.

2 ЖАШАР ИБРАГИМ ДАЛЕ ЖАКШЫ БОЛО ЭЛЕК
2015-жылдын 10-январь түнү Бишкек шаардык балдар ооруканасына 2 жашар бала денесинен алган оор жаракаттар менен түшкөн. Соттук-медициналык экспертиза анын катуу токмоктолуп, зордукталганын аныктаган. Бул боюнча укук коргоо кызматкерлери шектүү катары баланын атасын, аталаш агасын жана анын аялын кармашкан. Ибрагимдин 47 жаштагы атасынын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 161-беренеси (жашы жете элек баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) боюнча кылмыш иши козголуп, сот аны 24-мартта 2 жылга жатак абакка кескен. Апрелдин аягында ал эркиндикке чыгып, баланы 1-майда ооруканадан чыгарып кеткен. Ибрагимди асыроого атасы жана өгөй энеси жоопкерчилик алып, учурда наристеге үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери көзөмөл жүргүзүүдө.
Ал эми анын агасы менен жеӊесинин үстүнөн 130-берене (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) жана 28-97-беренелер (адам өлтүрүүгө аракет жасоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Укук коргоо кызматкерлеринин айтымында, шектүү токмоктогонун моюнуна алып, зордуктаганын четке каккан. Шектүүлөр Жаныбек Тулебеков жана Айзада Аккөзова учурда №1-СИЗОдо кармалып турушат. Сот иштеринин аяктабай жатышы алардын жактоочусу тергөөнүн жыйынтыгына макул эмес экендигин билдирип, кайрадан экспертизаларды жүргүзүүнү суранып жаткандыгы менен түшүндүрүшүүдө. «Үй-бүлөнүн жашоо шартын 1 ай мурда барып көзөмөлдөп, бала жакшы шартта багылып жаткандыгын билип келдик, бирок анын ден соолугунда жылыш жок, туруктуу абалда»,- деп социалдык коргоо башкармалыгынын адистери билдиришти.

ЭКИ БАЛАСЫН БЫЧАКТАГАН ЭНЕ ОШ ШААРЫНДАГЫ СИЗОдо
15-февралда Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаӊы конушундагы үйлөрдүн биринен милиция кызматкерлери канга чыланган 4 жашар Нурайымдын жана 3 жаштагы Чыӊгыздын сөөгүн табышкан. Наристелер бир нече ирет бычак сайылгандан каза табышканы аныкталган. Алардын өлүмүнө шектүү катары балдардын апасы кармалып, ал «белгисиз үндөр ыплас балдарыӊды өлтүр дегенинен бычактап салдым» деп көрсөтмө берген. Кызыгы, балдарын бычактаган аял Бишкек шаарындагы №44-мектепте 4 айдан бери окуучуларга сабак берип мугалим болуп иштеп келген.
Учурда балдарын өлтүрдү деп шектелген 35 жаштагы Амира Ибраеванын психикалык абалына текшерүү жүргүзүлүүдө. Экспертизанын жыйынтыгы 2016-жылдын март айларында аяктайт. Ал Бишкек шаарындагы №1-СИЗОго камакка алынган соӊ камерадагы башка коӊшулары андан кооптонушуп, өзүнчө камерага бөлүүнү суранышкан эле. Мындан соӊ сот аны Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканага жиберүү чечимин чыгарган. Учурда ал Ош шаарындагы №5-СИЗОдо кармалып турат. Бул боюнча ЖАМКтан билдиришти. Себеби Кызыл-Жардагы психикалык оорукананын аялдар дарыланчу бөлүмүндө атайын темир менен тосулган палата жоктугуна байланыштуу оорукананын жетекчилиги Ибраеваны кабыл алуудан баш тарткан.

11 ЖАШАР КЫЗДЫ ЗОРДУКТАДЫ ДЕП ШЕКТЕЛГЕН ЖАРАНДЫН ИШИ СОТКО ӨТТҮ
24-июль күнү Чүй облусунун Панфилов РИИБине Турусбек Сартбаев аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда анын 11 жаштагы кызын Нуразиз Курманов аттуу айылдашы зордуктагандыгы айтылат. Милиция кызматкерлери шектүүнү эртеси колго түшүрүшүп суракка алган. Шектүү Курманов өз көрсөтмөсүндө «11 жана 5 жаштагы эже-сиӊдини атаӊарга алып барам деп талаага ээрчитип бардым. Ал жактан улуусун чечинтип, стриптиз бийлетип, андан соӊ зордуктадым. Бир убакта ал колумдан бошонуп качууга аракет жасады. Ошол маалда 5 жаштагы сиӊдисин кармап алсам, «сиӊдиме тийбеӊиз, мени эле кыйнаӊыз» деди»,-деп көрсөтмө берген. ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей, бул окуя боюнча тергөө иштери аяктап, 23-сентябрда тиешелүү материалдар сотко өткөрүлгөн. Сот азырынча бул кылмыш боюнча өкүм чыгара элек.

АЯЛЫН, КЫЗЫН, КАЙНАГАСЫН БАЛТАЛАГАН КЫЛМЫШКЕР ӨМҮР БОЮ ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛДЫ
3-августта Балыкчы ШИИБине Соӊ-Көл кичи районунда жайгашкан батирлердин биринде 3 адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Дарек боюнча барган ыкчам топ үй ичинен батир ээси 42 жаштагы Венеранын, анын 63 жаштагы агасынын жана 14 жашар кызынын сөөгүнө күбө болушкан. 3 кишинин өлүмүнө шектелип маркум Венеранын 45 жаштагы күйөөсү Ашырбек Базарбаев колго түшкөн эле. Ал өз көрсөтмөсүндө бул кылмышка кызганычтын айынан барганын айткан. Ишти карап жаткан тергөөчү бизге берген маегинде: «Шектүү окуя болгон күнү аялынын үйүнө барып жаӊжал чыгарган. Чырды басып койсун деп Венера маркум агасын чакырган. Базарбаев аялын өлтүрүп, ага болушкан кайнагасын да балта менен башка чапкан. Андан соӊ өзүнүн 14 жашар кызын тумчуктуруп өлтүргөн. Анан өз жанын кыюуга аракет жасап, бирок бычак кекиртегине кирбей калган»,- деп билдирген. Балыкчы шаардык сотунан билдиргендей, Ашырбек Базарбаев 3 адамды өлтүргөнү аныкталып, ал шаардык сот тарабынан ноябрь айында өмүр бою эркинен ажыратылды.

КҮЙӨӨСҮН ЖИЛИКТЕП ӨЛТҮРГӨН АЯЛ КЫЗЫЛ-ЖАРДАГЫ ООРУКАНАДА
Август айынын ортолорунда Бишкектин укук коргоо кызматкерлери бир нече бөлүккө бөлүнүп ар кайсы аймактагы таштанды челектерге ташталган адам сөөгүн табышкан. Көп өтпөй ар кайсы жерге ташталган дене бир адамга тиешелүү экендиги аныкталып, ал жеке ишкер Эрлан Оркошевге таандык болуп чыккан. Шектүү катары маркумдун 25 жаштагы жубайы Айдай Субанова кармалган.
Бул кылмыш боюнча тергөө иштери аяктай элек экенин Бишкек ШИИББинен билдиришти. Анткени шектүүгө психикалык абалына текшерүү жүргүзүү үчүн аны Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканага жиберишкен. Бирок ал да Амира Ибраева сыяктуу учурда Ош шаарындагы №5-СИЗОдо кармалууда. Аны айына бир жолу ооруканага алып барып, ал жактагы өзүн алып жүрүүсүнө жараша адистер экспертиза жүргүзүшөт жана жыйынтык чыгарышат.

АБАКТАН КАЧКАНДАРДЫ СОТ КҮТҮҮДӨ
Ошондой эле 11-октябрь түнү №50-СИЗОдон качкан 9 кылмышкер да чуулгандуу чуу жаратты. Алардын бешөө ошол эле күнү колго түшүп, төртөө качып кетишкен. Бир нече күндөн кийин алардын үчөөнү кармоо учурунда атып өлтүрүлүп, бирөө тирүү кармалса, үчөө абактан ар кандай себептер менен көз жумду. Тирүү калган 2 кылмышкер Болот Курбанахунов, Музафар Уринов жана тирүү кармалган Эдил Абдрахмановдун үстүнөн абактан качуу, унаа уурдоо жана адам өлтүрүү фактылары боюнча кылмыш иши козголуп, иш тергелип бүтүп Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна өткөрүлгөнүн башкы көзөмөл органынан билдиришти.

ОШОНДОЙ ЭЛЕ...
2014-жылда болгон окуялар Камила Дүйшөбаева жана спортчу Руслан Абасовдун өлүмү боюнча иш дале ачыла элек. Дүйшөбаеванын иши боюнча 236 адам суракка алынып, телефонун текшерүүгө чет өлкөлүк адистер да тартылган. Руслан Абасовдун өлүмү боюнча 250дөй адам суракка алынып, арасынан Рахим аттуу жаранга шек жаралган. Туугандарынын айтымында, ал 2011-жылы Руслан Абасовдун өмүрүнө кол салганы белгилүү болгон. Учурда анын үстүнөн кылмыш иши козголуп, издөө жарыялангандыгын ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жыл ичиндеги чуулгандуу окуяларга саресеп
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
tea23
2015-12-28 11:25:45
Турмодон качса да кудайдан кача албайт ылайым кудайым жазасын берсин булардын.
+3
orhidea
2015-12-28 16:08:23
Окуп отуруп колдорум титиреп чыкты... Кандай гана мыкаачылык.
+1
www.maks.aika.kg
2015-12-28 16:14:40
Озунун омур жолдошун канын жаралган баласын олтургонго кантип колу барды акмактар андай адамдарды омур бойу турмодо чиритиш керек
+2
kobra86
2015-12-28 16:57:20
Ибрагим айыгып кетсинчи
+1
kobra86
2015-12-28 16:59:02
админ Ибрагим козун ачкан элеби кенегирек маалымат берсенищдер жакшы болмок
0
Chupakabra
2015-12-28 17:07:12
kobra86,
жакшы шартта багылып атат, бирок жылыш жок деп жазылып турат го
0
edu.kg.
2015-12-28 23:55:32
Жогорудагы адам олтуруу зордуктоо деген фактыларга ишенсен болот,кудайым сактасын андайдан! Бирок турмодон качуу терорис деп атып олтуруу сыяктуу олкобузду уу дуу кылган окуяга эч ишене албайсын,кимдир бироолор атайын кайсы бир абалдардан элдин конулун буруу сыяктуу атайын иш сыяктуу сезилет. Окмот башчы да президент да алар туралуу эчкандай билдируу беришпеди,ал окуядай эмес кичиреек эле нерсеге акты ак дейм кокту кок дейм деп кыйкырып чыга калышчуу эле. Эмне болсо да олкобуздо тынчылык болсун!
+1
edu.kg.
2015-12-29 00:02:48
Эшек бизнести кошпой койупсунарго бул окуя бойунча дуйного таанылдыкго)))) алигичен туштук тарапта бизнестерин кучотуп,кытайга эшек экспорттоп жаткан имишго жогорку жактын адамдары.
+2
almagul_aravan
2015-12-29 10:58:05
Кээ бироолор 9 жыл 15 жылдап балага зар болушат бала берсе Жараткан олтуруп жаны тынат. Байкуш балага эле боорум ооруп жатат. Ибрагимде кандай куноо олтурот экенсин эмнеге балалуу болдун.
0
Asedullah1996
2016-01-01 18:50:12
Ар кандай себеп менен уруп тепкилеп олтуруп койдуду окшойт
0
№ 686, 25-декабрь-31-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан