КАНАТ БЕГАЛИЕВ
“Шайтандын чоңунан эмес, кичинесинен корк” деген накыл кеп бар. Анын сыңарындай, балбандар арасында оңго-солго урунуп, бышып жетилген тажрыйбалуулардын бардыгы жеңил салмактагылар арасында күрөшкөндөр.
Аларды оңой менен жеңип, далысын жер жыттата албайсың. Ал эми Таластын кулуну болгон Канат өз кезегинде Атлантадагы Олимпиада чемпионунун далысын жерге тийгизип эле тим болбостон, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Кытайда өткөн дүйнөлүк чемпионатта биринен-бири өткөн мыктылардын мыктысын жеңип, күмүш медалды мойнуна тагынган. Ошентип, дүйнө чемпиону болууга Канатка дагы бир кадам жетпей калды.
Канатбектин мындай аракетин баалаган мамлекет башчыбыз Жал кичирайонунан 1 бөлмөлүү квартира белек кылса, улуу муундагы спортчу агалары “БМВ” үлгүсүндөгү машинаны мингизди.
ДАНИЯР КӨБӨНОВДанияр кармаганын кармагандай ыргыткан, бой көтөрбөгөн, жөнөкөй ысыккөлдүк жигиттердин бири. Таймаш учурунда атаандашынын колун кармап алса, анда ал Даниярдын “коронный” кочергасына учту дей бер. Мына, 15-Азия оюндарында калыссыз өзбек калысынын жан тартканынан улам 1-эмес, 3-орунга илинип калды. Бирок, 45 мамлекеттен тандалып, такшалган балбандар арасында 3-орунга жетүүнүн өзү да чоң жетишкендик эмей эмне? Мындан тышкары Алматыда өткөн эл аралык турнирде 2-орунга жетсе, Бакудагы мелдештердин биринде 3-орунду камсыз кылган.
НУРБЕК ИБРАГИМОВ
15-Азия оюндарынан соң кыргыз спортунда Нурбек Ибрагимов деген жаңы ысымдын аты көбүрөөк угула баштады. Себеби, ал 120 килограмм салмакта күрөшкөн алптар арасында 3-орунга жетип, коло медалды тагынган. Демек, Нурбек ушул деңгээлинен жазбай тынбай машыга берсе, далай жеңиштердин ээси болоору бышык.
РУСЛАН ТҮМӨНБАЕВРусландын жылдызы 2004-жылы борбор калаабызда өткөн Азия чемпионатында жанды десек аша чапкандык болбос. Дал ошондо спорт ордосу толгон күйөрмандардын сүрөөнү алдында кичинекей Русланчик 46 килограмм салмакта өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиону болгон. Эми минтип 1987-жылы туулган Р.Түмөнбаев жаштыгына карабастан 15-Азия оюндарында чоңдор арасында тайманбастан беттешип, коло медалга жеткени эле эмнени айтып турат.
ЖАНАРБЕК КЕНЖЕЕВ
Беттегенин бербеген, бука моюн, буура сан деп дал ушул жигитти айтсак жарашчудай. Алдына чыкканын качыра сүзүп кармап алса, ары бери оодарган “накаттар” менен оңой эле жеңишке жетет. Себеби, эл аралык деңгээлдеги спорттун чебери аталган Жанарбек бир гана күрөштөн үйрөнгөн техникасына ишенбестен, кезеги келгенде өзүнүн кара күчүн да колдонуп коёт. Балким, ушундай талантын байкаган анын машыктыруучусу Хаким Махмудович “спорт дүйнөсүндө жарык жанган жылдыз болсун!” деп Жанарбекти өз үйүндө жашатып, машыктырып жүргөн чыгаар. Анын акыбети кайтып, 15-Азия оюндарында Кыргызстандын куржунуна Жанарбек коло медалды салууга жетишти.
РУСЛАН АБАСОВУрганын ургандай кулатып, эсти оодарган чыныгы алп Руслан Абасов 2006-жылы президентибиздин кубогуна ээ болуп эле тим болбостон, 25-октябрда супер оор салмактуу профессионалдар арасында өткөн престиждүү турнирде дүйнө чемпиону аталды. Ага улай эле декабрдын башында супер оор салмактагылар арасында Европа чемпиону болуп, ит жылында Русландын ташы өйдө кулады. Эми ушул жүрүшүнөн жазбасын дегенден башка не дейли...
КАНАТБЕК СЫДЫГАЛИЕВ
Бет келгенин майтарып, рингдин чаңын чыгарган Таластын кулуну үчүн ит жылы жемиштүү болду көрүнөт. Үстүбүздөгү жылдын жай мезгилинде Москвадагы “Арбат” аттуу таймаш клубунда өткөн Евразия чемпионатында мен-мен деген кикбоксчулар арасында Канатбек чемпиондук титулун өз энчисинде сактап калууга жетишти. Айтайын дегеним, ал 4 жыл катары менен атаандаштарынын айласын алты кетирип, акырында оңкосунан сайып, 4-ирет кикбокс боюнча Евразия чемпиону болуп отурат.
АЛМАЗБЕК РАИМКУЛОВДүйнөлүк профессионалдык бокс чөйрөсүндө Kid Diamond деген жаңы ысым күн өткөн сайын төгөрөктүн төрт бурчуна таанылып келет. Ал Кыргызстандан чыккан Алмазбек Раимкулов деген “короткий боковой” соккулары менен атаандаштарын жыга урган мушкерибиз экенин калың журттун эсине салгыбыз келет. Жаңылбасак, анын жерлиги ордолуу Оштон. Эл аралык турнирлерде байгелүү орундарга жетишип жүргөн Алмазбек дүйнөлүк машыктыруучулардын көзүнө илинип, Америкага сапар тарткан. 2001-жылдан бери ринг үстүндө бир канча айыгышкан таймаштарды өткөрүп, бирөөсүн да уттура элек. Жеңил салмактуу мушкерлердин дүйнө рейтингинде Алмазбек 13-орунда турат экен. 2006-жылы 28-августта мекендешибиз Кыргызстандын эмес, Түндүк Американын чемпиону болууга жетишкен.
ВАЛЕНТИНА ШЕВЧЕНКО
Валентина менен чындыгында эле сыймыктансак болот. Себеби, ал бир нече жолу Кыргызстандын желегин чет жерде желбиретип, гимнин ойноткон. Анын аркасы менен айрымдар ушундай өлкө бар турбайбы деп бизди тааныган. Ит жылында Валентина кыйналбай эле кезектеги чемпиондук титулун утуп алды. Айтайын дегеним, 4-апрелде Тайланддын Бангкок шаарында өткөн тайбокс боюнча дүйнө чемпионатында 1-орунду жеңип алды. Ошентип, Валентина тайбокс боюнча чемпиондукту бир дагы өлкөнүн өкүлүнө бербестен 5-жолу дүйнө чемпиону болуп отурат. Мындай ийгилигине күбө болгон орусиялыктар жарандыкты сунуш кылганда биздин кызыбыз сыпайы гана “отказ” берген эле.
УЛАН ЭРАЛИЕВЭрендердин эр таймашында эрдик кылып кыргызстандык атлет Улан Эралиев 10-декабрда Астанада панкратион боюнча Евразия чемпиону аталды. Таймашка чыккандардын бири мушкер болсо, экинчиси каратист, үчүнчүсү шахматист дегендей, ар бир спорттун сырын 5 манжасындай билгендер. Бирок, ошолорду эске алып, Улан убагында күрөш, кулатуу жана самбо сыяктуу спорт түрлөрү менен машыгып эле тим болбостон, ийгилик тепкичине көтөрүлүп да жүрүптүр.
ЯНА ПАНОВА
Яна эркектер менен машыгып, кыздар менен таймашып жүргөн Кыргызстандын балбан кыздарынын бири. Кай жерге барбасын, сөзсүз түрдө байгелүү орундарга илинип келет. Учурда Таалай Каюмовдун кол алдында машыгып, 15-Азия оюндарында коло медалды багындырып келди.
АЛЕКСЕЙ КРУПНЯКОВОрусиянын жараны болсо да эл аралык аренада атаандаштарынын сазайын берип Кыргызстандын намысын коргоп жүргөнүнө бир топ жыл болду. Эл аралык деңгээлдеги күрөштүн чебери атыккан Алексей Катардагы Азия оюндарында коло медалды ишенимдүү жеңип, мамлекетибизге дагы бир аброй алып келгенин белгилеп кеткибиз келет.
ТАТЬЯНА ЕФИМЕНКО
Чуркап келип секиргенде буттары “пружина” сымал ыргып кеткенде таң бересиң. Бирок, бул кызыбыз 2002-жылы Пусанда өткөн Азия оюндарында чемпион болууга жетишсе, Катардагы мелдеште титулун коргоп кала алган жок. Тагыраак айтканда, 1 метр 91 сантиметр бийиктиктеги тоскоолдукту денесин тийгизбей секирип өтүп, күмүш медалды багындырганын баса белгилеп кеткибиз келет. Мындай жетишкендиги үчүн Татьяна борбор калаабыздан 1 бөлмөлүү квартираны белекке алмакчы.
ЕВГЕНИЙ ВАККЕР15-Азия оюндарында Кыргызстандын командасы үчүн алгачкы байгени алып келген жигит. Өзүнүн велосипеди менен 45 километр аралыкка болгон жарышта 2-келип, күмүш медалга жетишкен Азиядагы алдыңкы велосипедисттердин бири. Эң кызыгы, ал Азия оюндарынын 4 жолку күмүш медалисти болгону. Сегиз жылдан бери биринчи да, үчүнчү да эмес, экинчи келип жүргөнү көпчүлүк спорт адистерин таңкалтырып келет.
ФУТБОЛЧУЛАР
Кыргызстандын футбол боюнча Дордой-Динамо командасы жеңиштин туу чокусуна чыкпаса дагы дүйнө рейтингинде өлкөбүздүн даражасын көтөрүүгө жетишти. Тагыраак айтканда, 2006-жылда Кыргызстандагы футболчулар арасында чемпион болуп, андан кийин Малайзияда өткөн мелдеште Азия чемпиону болуп кайтышкан. Ошондой аракеттердин аркасы менен ФИФАнын (футболдун эл аралык федерациясы) рейтингинде Кыргызстан 2005-жылдын аягында 157-орунда турса, быйыл 139-орунга көтөрүлүүгө жетишти. Эми алар ушинтип эле токтоп калбастан, ийгилик артынан ийгилик жарата беришсин деп тилеп туралы.