Фейсбук социалдык тармагы Инстаграм менен WhatsApp программаларын сатып алып, өз популярдуулугун ого бетер арттырган эле. Сыягы, Твиттердин да кожоюндары атаандаштарынан кем калгысы келбегенби, алар да Инстаграмга теӊ келчү, балким, андан ашып өтчү жаӊы Перископ аттуу программаны колдонуучуларга сунушташты.
ПЕРИСКОП ДЕГЕН ЭМНЕ?
Бул суу астында жүрүүчү кеменин ичинен кургактыкка, суу үстүндөгү башка кемелерге көз салчу дүрбү.
Перископ 2014-жылдын февраль айында америкалык Кейвон Бейпкур жана анын бир нече жардамчылары тарабынан иштелип чыккан. 2015-жылдын мартында аны Твиттер социалдык тармагы сатып алган. Перископ жер жүзүнүн булуӊ-бурчунда болуп жаткан түрдүү окуяларды түз алып берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бир карасаӊ Инстаграмдын бир түрүндөй туюлат. Мында деле колдонуучулар жеке жашоосундагы жаӊылыктары, окуялары менен бөлүшөт. Болгону түз байланыш аркылуу. Мисалы, сиз телефонуӊузга Перископту жүктөп, ага катталдыӊыз дейли. Эми сиз кызыктуу инсандардын баракчасына жазыласыз да, алардын Перископтон байланышка чыгышын күтөсүз. Элестетиӊиз, сиз дүйнөнүн бир бурчунда туруп алып эле канадалык ырчы Жастин Бибердин эмне кылып жатканын онлайн режимде көрө аласыз. Ал эле эмес түз байланыш учурунда ага өз сурооӊузду
узатып, жооп алсаӊыз да болот. Эми андагы функциялар менен тааныштырабыз.
КАНТИП КОЛДОНОБУЗ?
Бул программа Андроид, iOS платформасындагы жана Apple үлгүсүндөгү телефондорго ылайыкташтырылган. Жүктөгөндү баарыбыз эле билсек керек. Эми сиз үчүн Перископко саякатка чыгабыз. Алгач сиз бул сүрөттөгүдөй баракчаны көрөсүз. Бул азырынча Перископко каттала электигиӊизди билдирет.
Перископ:
Нуркыз Курманбек кызы
kenesh@super.kg