Алмазбек Атамбаев, Кыргыз Республикасынын президенти: «БИЙЛИК БИР ПАРТИЯНЫН КОЛУНДА БОЛУШУН КААЛАСАМ, ТАЗА ШАЙЛОО ӨТКӨРМӨК ЭМЕСМИН»

24-декабрь күнү мамлекет башчы салтка айланган жылдык чоӊ маалымат жыйынын өткөрдү. Иш-чара баш-аягы 3 саатка жакын созулуп, президент узаткан жооптордун орчундууларына токтолобуз.

«ОРУСИЯ ЭНЕРГЕТИКАЛЫК 2 ИРИ ДОЛБООРДУ ИШКЕ АШЫРА АЛБАЙТ...»
– Бул жыл оӊой болгон жок, келерки жылы да оӊой болбойт. 2017-жылга биздин башкы тапшырма каржылык туруктуулукка жетүү. Соӊку 4 жылда көптөгөн өлкөлөрдөн колдоо алдык, грант алуу, карыздарды жоюу, кайтарылгыс негизде техникалык жардам алуу боюнча 4 миллиард долларга бааланган документтерге кол койдук. Оор мезгилди баштан өткөрүүдө стратегиялык союздаштардын жардамы тийди.
2016-жылы парламент «Кумтөр» маселесин саясатташтырбай чечет деп турам. Бул башка кендердин иштей башташына чоӊ импульс бермек. Инфраструктуралык долбоорлор уланат. Кээ бир долбоорлор ийгиликсиз аяктап калышы ыктымал. Гидроэнергетикалык тармактагы чоӊ долбоорлор боюнча Орусия менен үч келишимге кол койгонбуз. Биринчиси – «Газпром». Муну азыр да ийгиликтүү келишим деп эсептейм. Эки долбоор ГЭС жана каскад курууга тиешелүү болчу, ошондой эле бир канча сүйлөшүүлөр орун алган. Азыркы кырдаалда Орусиянын экономикасы көтөрүлбөй, нефтинин баасы ылдыйлап жатат. Бул макулдашуулар объективдүү себептерден улам Орусия тараптан аткарылбай калышы мүмкүн. Орусия Камбар-Ата 1-ГЭСинин жана Жогорку Нарын каскадынын курулушун ишке ашыра албайт. Андыктан Кыргыз Республикасы бул макулдашуулардан чыгып, долбоорлорго башка инвесторлорду издөөгө туура келет. Кардиналдуу чечим кабыл алуу керек болуп турат. Бул эки долбоорду токтотууга акыбыз жок, аларды аягына чыгарышыбыз керек.

«ТҮРКИЯНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ӨКҮНҮП ЖАТАТ ДЕП ОЙЛОЙМ»
– Орусиянын учагын атып түшүрүү чечими туура болгон жок. Түркиянын аймагына 17 секундга кирсе да, 25 жыл бою курулуп келген мамилеге доо кетти. Чоӊ катачылык. Кырдаал курчуп жатат. Түркиянын президенти өкүнүп жатат деп ойлойм. Владимир Путин менен да бул маселе боюнча сүйлөштүм. Орусия Түркиядан эмнени күтүп жатканын айтты. Түркия тарап дагы бир жолу ойлонуп чыгып, катачылыгын моюнуна алышы керек деп ойлойм.
Кыргызстандын аймагына секундга эмес, сааттарга учуп кирген аппараттар болгон. Бирок биз аларды атып түшүргөн жокпуз, себеби бизге тынчтыктын болушу маанилүү. Мен Владимир Путинге да, Режеп Тайип Эрдоганга да өз пикиримди айттым. Орусия менен Түркиянын конфликттен алыс болушун каалайм. Менимче, кандайдыр бир кадамдарды түрк тарап жасашы керек.

«СИРИЯГА СОГУШУУГА КЕТКЕНДЕРДИ ЖАРАНДЫКТАН АЖЫРАТУУ КЕРЕК»
«Кыргызстандан 400-500дөй адам «Ислам мамлекетинин» катарында согушууга Сирияга жөнөп кеткен» деген маалымат бар. Эгерде террорчулуктун жолун тандап алсаӊ, анда сен Кыргыз Республикасынын жараны эмессиӊ. Кайра бул өлкөгө кайтууга жол жок. Бир күнү ошол «Ислам мамлекетинин» катарында согушууга кеткендер кайта башташат, бирок ошол чумага тете оору менен кайтып келишет. Конституцияга ушундай өзгөртүү киргизүү керек. Баш мыйзамга ылайык, азыр эч кимди жарандыгынан ажырата албайбыз.
Мен террорчуларга жана педофилдерге карата өлүм жазасынын киргизилишин колдойм. Президент катары өз баласын зордуктаган аталарды, педофилдерди таш бараӊга алган адамдарды кечирүүгө колумдан келгенин кылмакмын. Варвардык ыкмага чакырганым үчүн кечирим сурайм. Мындай окуяда гумандуу болуштун кереги жок, баланын укугу баарынан жогору турат.

ТОЛУГУ МЕНЕН ПАРЛАМЕНТТИК БАШКАРУУГА ӨТҮҮ ЖӨНҮНДӨ
SUPER.KG порталынын кабарчысы тарабынан «Кыргызстандын ЕАЭС боюнча өнөктөшү Армения парламенттик башкарууга өттү. Жогорку Кеӊештин 6-чакырылышында депутаттарга кайрылууӊузда президенттин укугун азайтып, чыныгы парламенттик башкарууга өтүп баштоо керектигине токтолгонсуз. Бул өкмөт башчынын позициясын бекемдөө керектигин билдирип калат. Демек, парламенттик башкаруу моделинин бизге ылайыктуулугуна көз жеттиби? Коомчулукта өкмөт башчынын бийлигин бекемдөө менен бир партия бийликти ээлеп алат деген кооптонуу айтылууда. Сиздин пикириӊиз?» деген суроо берилди. Ага мамлекет башчы мындайча жооп берди: «Эгерде мен бийлик бир партиянын колунда болушун кааласам, анда таза шайлоо өткөрмөк эмесмин. Азыр Жогорку Кеӊеште депутаттардын 26 пайызы эмес, 76 пайызы КСДПдан болмок. Жок дегенде, бир кезде «Ак жол» алгандай мандатка ээ болмок. Мен президенттин айрым укуктарын премьер-министрге өткөрүп берүү туура болот деп эсептейм. Эгерде Конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу референдум өткөрүүнү парламент колдоого албаса, анда мен элге кайрылам».

«МЕНИ МЕНЕН ТАЛАШКАН АДАМДАРДЫ ЖАКТЫРАМ»
– Мени менен талашкан адамдарды жаныма тандап алууга аракет кылам. Мага ошондой адамдар жагат. Мисалы, Сапар Исаков (ред. президенттик аппараттын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы), Фарид Ниязов (ред. президенттик аппараттын жетекчиси). Абдил Сегизбаевди УКМКнын башчылыгына дайындалганга чейин аталган ведомстводо аналитика үчүн жооп бергенин эске салайын. Азыр террорчуларга каршы күрөшүүдө маалымат маанилүү болуп жатат. Менимче, бул жигит мени оңтойсуз абалда калтырбайт.

«ЖАӉЫ ЖЫЛДЫ БЕЛГИЛӨӨ КЕРЕК»
– Кыргызстанда ансыз деле майрам аз. Жаӊы жылды белгилөө керек деп ойлойм. Бул майрамга тыюу салынбашы зарыл. Кудайдан жакшылыкты тилеп, кыялдарыбыздын баары аткарылышын сурайбыз. Мен да пенсияга чыккандан кийин фортепианодо ойноону үйрөнүүнү кыялданам. Бардыгыӊыздарга Жаӊы жылды жакшы белгилеп, тилектериӊиздин ишке ашышын каалайм!

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
malywKG
2015-12-28 21:15:57
Ото тез суйлогонбу же мен тез окудумбу
0
Eli75
2015-12-31 14:02:12
Биринчи маселе биздин мамлекеттин экономикасы учун да ото маанилуу, ниет кылсак уланып аягына чыгаар. Экинчисинде туура айтыптыр Турк мамлекети туура эмес иш жасап алды, Россия 1 мм кирсе да аларга коркунучу жок эле, атпаганы он болчу. Сирияга кеткендер кайтып келсе киргизбей эле коюш керек, Кудай билет башында кандай "тараканы" менен келди. Сын-пикирди туура кабыл алган адам гана осуп-онуго алат, эми бир чечим кабыл алганда элдин оюн да угуп коюнуздар.
0
№ 686, 25-декабрь-31-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан