20-декабрда СЪЕЗДБЕК ИСКЕНАЛИЕВДИН «Аруу кызым» аттуу клибинин бет ачары болуп өттү.
Ырчы АВАЗ АКИМОВ «Бактылуу» аттуу ыр жаздырууда.
ТҮМӨНБАЙ КОЛДОШОВ Ош шаарына жаӊы үй салып көчүп кирди.
Ырчы РОЗА ШАКИРОВА «Кызганыч» аттуу ырына клип тарттыра баштады.
Куудул ЖАКУТ СЫДЫКОВ «Шаты» деген куудулдар тобун түзгөнүн айтат.
Режиссёр ЭРНЕСТ АБДЫЖАПАРОВ Саякбай Каралаев жөнүндө кино тартат.
15-декабрда Стамбул шаарында өткөн «Bala Turkvizyon-2015» эл аралык ыр сынагында АЙДИН НУРДИНОВ 4-орунду ээледи. Ага «Turkvizyon» эл аралык сынагында «Алтын үн» наамы ыйгарылды.
«Боз салкын» тасмасында Бурманын ролун жараткан актриса, режиссёр ЭЛНУРА ОСМОНАЛИЕВАНЫН «Сейде» аттуу кыска метраждуу тасмасы АКШда өтүүчү «Сандэнс» эл аралык кинофестивалына катышмакчы.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Metior8019
2016-01-01 21:35:21
Саякбай атабыз жонундо кино тартылса эн сонун болот. Себеби жаштарга тарбиялык мааниси чон деп ойлойм.
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.