23-декабрда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Кыргыз Эл артисти Сейитказы Андабеков 90 жашында көз жумду. Жубайы Койсун Карасартова менен «Кел, кемпирим, ырдайлы» деп сахнада койкоӊдоп ырдаганы менен баарыбызга белгилүү болгон Сейитказы Андабеков 1925-жылы 18-декабрда Нарын облусунда туулган. Эл артистти акыркы сапарга узатуу зыйнаты 25-декабрда Нарын облустук музыкалык академиялык драма театрында өтөт. Актёрдун жакындарына, үй-бүлөсүнө көӊүл айтабыз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.