Жаӊы жыл сыйкырдуу, шаӊдуу майрам эмеспи. Бул майрамга жаш балдар эле эмес, чоӊдор да кызыгып, өзгөчө тосконго аракет кылышат. Жылдыздар Жаӊы жылды кайда тосушат, суроо салып көрдүк.
Кенже Дүйшеева: «ЖАӉЫ ЖЫЛДЫ ЫСЫК-КӨЛДӨ ТОСОБУЗ»
– Жаӊы жыл шаӊдуу майрам болгондуктан жылда өзгөчө тосконго аракет кылам. Былтыр Алматыга төркүнүмдү чакырып, жакындарымдын курчоосунда тоскон элек. Быйыл жолдошум «Жаӊы жылда Дубайга барабыз» деп убада берген эле. Мен эмки жылга жылдырып жатам, себеби чет жакта жашаган эже-сиӊдилерим атайын бул жакка келишет экен. «Алар келсе кетип калганым туура эмес» десем, жолдошум «Ысык-Көлдө тособуз» деп чечти. Ошентип Жаӊы жылды Ысык-Көлдө жомоктогудай тосмой болдук.
Гүланда: «БЫЛТЫР БАРБАЙ КАЛГАН ТАИЛАНДГА БЫЙЫЛ БАРАБЫЗ»
– Былтыр Айбек экөөбүз Жаӊы жылды Таиландда тособуз деп сүйлөшкөн элек. «Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеӊет» болуп жөнөп жаткан жерибизден барбай калдык. Эс алууга деген акчабызга үйүбүздү бүтүрдүк, той бердик, көӊүлдү жай кылдык. Быйыл Жаӊы жылды Таиланддан тосолу деп камынып жатабыз. Балдарыбызды апамдарга таштап, ысык өлкөдө эргип эс алып келели дедик.
Гүлзинат Суранчиева: «ЖАӉЫ ЖЫЛДЫ КАЗАКСТАНДАН ТОСОБУЗ»
– Быйыл жылдагыдан өзгөчөлөнүп Жаӊы жылды Казакстанда тособуз. Жолдошум экөөбүз белек-бечкектерибизди камдап алганбыз, эми кайнене, кайнатамдарды кубанталы деп турабыз. Кайнатама куртка, кайненеме көйнөк сатып алдым. Кайнимдин балдарына таттуу, оюнчуктарды алып койдук. Жакшы келин болуп жаӊы жылдык дасторконго кайнатам жактырган бешбармак даярдап, кайын журттун көӊүлүн алып келем.