Кыргыз өкмөтү, тагыраагы, Экономика министрлиги казинолорду кайрадан ачуу сунушун коомдук талкууга чыгарды. Талкууга чыгаргандык, демек, казинолор иштеп баштайт деген сөз эмес, бирок бул алардын ишин кайрадан легалдаштыруудагы негизги кадамдар экени түшүнүктүү.
5-ЧАКЫРЫЛЫШ АРАӉ ЖАПКАН
Эске салсак, 2011-жылдын 29-сентябрында Жогорку Кеӊеш кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнө тыюу салуу тууралуу мыйзамды кабыл алган. Мыйзам долбооруна 1-ноябрда ошол кездеги президент Роза Отунбаева кол коюп, 2012-жылдын 1-январынан тарта мыйзам күчүнө кирген. Ошентип баш-аягы 25 казино жана 35 оюн залдары ишин токтоткон.
Казинолор жабылганынан аз убакыт өтпөй 5-чакырылыштын депутаттары Игорь Гусаров менен Замир Бекбоев казинолорду иштетүү ишмердүүлүгүнө кайрадан уруксат берүү тууралуу мыйзам долбоорду иштеп чыгышып, экөө документтин колдоо табуусу үчүн кара жанын карч урушкан. Анда эл өкүлдөрү «кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнө тыюу салуудан бюджет миллиондогон сомдорду жоготту» деп, жаӊы мыйзам долбоору менен казинолорду катаал тартипке келтирүүнү сунушташкан. Алардын үлүшүнүн 51 пайызы мамлекетке караштуу болмок. «Мыйзам долбоорунун кабыл алынуусу казынага миллиард сомго чукул каражат алып келет»,- деп ишендиришкен болчу. Бирок бул сунуш колдоо тапкан эмес.
Темир Сариев: «БИЗДЕ ГАЗ ДА, НЕФТЬ ДА ЖОК»
Эми болсо казинолордун иштөөсүнө жол берүүнү өкмөт сунуштап баштады. Өкмөттүн расмий сайтында жарыяланган долбоорго ылайык, «Манас» аэропортунун жанында 30 гектар аймакка соода түйүндөрү, мейманканалар жана казинолор курулат. Казинолорго кыргыз жарандары жумушчу катары гана алынбаса, оюнчу катары таптакыр киргизилбейт. Долбоор ишке ашса, 200 миллион доллар инвестиция келиши күтүлүүдө. Жогорку Кеӊеште өкмөт башчы Темир Сариев: «Кумарга берилген адамдардын жакындарынын көйгөйлөрүнөн улам казинолор жабылган. Бирок бир жагынан туристтик потенциалды жогорулатуу керек болуп жатат. Бизде газ да, нефть да жок. Албетте, коомчулук сындайт. Сындайт деп чечкиндүү кадамга барбаганыбыз туура эмес»,- деген оюн билдирди. Ал эми депутат Төрөбай Зулпукаров: «Биз казинолорду жапкандан кийин ишкерлер казинолорду кайра ачуу үчүн миллиондогон акчаларын парламентке сунушташты деген сөздөр болгон. Бүгүн өкмөткө барыштыбы? Эгерде казино ачыла турган болсо бул парламент, бул өкмөт тарыхтагы эӊ жаман парламент, өкмөт болуп калат. Эки бизнесмендин кызыкчылыгы элдин кызыкчылыгынан өйдө болуп жатабы? Парламент деле элдин каршы чыкканынан улам кресло сатып алуудан баш тартып койду. Өкмөт казынаны толтурууну максат кылганы менен, казино иштетүү – кылмыш. Кирешеси көп дей турган болсок, анда баӊгизаттарын да легалдаштыруу керекпи? Ал да көп каражат алып келчү тармак да?»- деп өкмөт башчыга кайрылды. Буга өкмөт башчы: «Мен эч качан андайга барбайм»,- деди. Ал казинолор «Манас» аэропорту тарапта транзиттик зонада гана иш алып барарын, ал жакка кыргыз жарандары киргизилбей турганын баса белгиледи.
МЕДАЛДЫН ЭКИНЧИ БЕТИ
Бул сунуш коомчулуктун сынына кабылары, муну менен Темир Сариевдин өкмөтү элге жага албасы айтпаса да белгилүү. Бирок медалдын экинчи тарабы да бар. Өкмөт башчы: «Казинолор жабылганы менен, алар көмүскө иштеп жатышат. Аларды аныктап чыгуу боюнча тапшырмаларды бергем»,- деп айтты. Ооба, ошол эле оюн автоматтары да, казино да көмүскө, мамлекетке эч кандай салык төкпөгөн ыӊгайлуу жашоого өтүп алышты. Азыр алар «интернет оюндары», «дароо ойнотулуучу лотерея» деп аталып алышкан. Бирок маӊызы баягыдай эле. Мурункудай эле кумарпоздор үйлөрүн, унааларын уттуруп карызга батып, жакындарын убайым тарттырып келишет. Күн-түн дебей ошол жакта жүрүшөт. Андыктан коомчулуктун кайсы бир бөлүгү жогорку жагдайларды эске алуу менен, казинолорго Кыргызстандын жарандарын киргизбей, атайын аймакта жалаӊ чет элдиктер үчүн ачууга болорун айтып жатышат. Ошол эле Казакстанда, Орусияда кумар оюндары, казинолор үчүн атайын аймактар бар. Бирок көмүскө казинолор менен күрөшө албаган өкмөттүн, эгер казинолордун иштешине кайрадан уруксат берилсе кыргызстандык жарандарды киргизбей көзөмөлдөй алары күмөн.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg