Жийдеш Идирисова, ырчы: «ЖЕӉҮҮЧҮ БОЛДУӉ ДЕП АЙТЫШКАНДА ЖЕЛЕКТИ ЖАМЫНЫП АЛЫП ЫЙЛАДЫМ»

Келишимдүү келбет, үнүнө шайкеш келген ыр, музыканын ыргагына жараша бий, артисттик чеберчилик... Так ушундай дыкат даярдыкты Жийдеш Идирисова «Turkvizyon» эл аралык сынагында көрсөттү. Күйөрмандар кошулуп бийлешти, кыргыз желегин булгалашты. Жийдеш биринчи орунду алды дегенде зал жаӊырта кыйкырышты. Бул түрк сахнасында болгон көрүнүш. Ырчынын жеӊишин далай мекендешибиз сыналгыдан көрүп кубанды, сүйүндү. «Сынакка биринчи орунду алам деп барган эмесмин» деген ырчы менен жеӊиши, сынак тууралуу сүйлөштүк.

– Саламатсызбы, Жийдеш? Жеӊишиӊиз менен куттуктайбыз!
– Саламатчылык, рахмат! Бул жеӊиш жеке меники эмес, кыргыз элимдин, мага колдоо көрсөткөн жакындарымдын, кеп-кеӊешин айткан чыгармачыл инсандардын, күйөрмандарымдын жеӊиши.
– Бизге берген маектериӊиздин биринде «мурун эл аралык сынактарга катышайын деген оюм бар болчу, азыр жашым өтүп калды, сынактарга катышпайм» деп айткан элеӊиз. «Turkvizyon» сынагына катышуу өзүӊүздүн демилгеӊизби же бирөө түрткү болдубу?
– Ооба, чындыгында, мурун ошондой ойдо болчумун. Бул сынакка катышуума жолдошум түрткү болду. Ал мага «Жийдеш, быйыл «Turkvizyon» эл аралык сынагына катышып көрбөйсүӊбү? Жакшы жыйынтык чыгарсак, чыгармачылыгыӊдын өсүшүнө жакшы өбөлгө болот эле» деп сунуштады. Ойлонуп көрүп катышууну туура көрдүм.
– Сынак тууралуу айтсаӊыз, кандай талап-шарттары бар экен?
– Бул сынак быйыл үчүнчү ирет өтүп жатат. Сынактын шарты боюнча катышуучунун жаш курагы 30дан ашпоого тийиш. Ырчы сахнага өзү менен кошо 5 гана киши алып чыгып, эч жакка чыкпаган жаӊы ырды аткаруусу шарт.
– Мыкты даярдык болбосо, жеӊиш оӊой колго тийбейт. Канча убакыт даярдык көрдүӊүз?
– Жалпысынан 4 ай даярдандык. Сынакта аткарган «Ким билет?» аттуу чыгарманын обону жолдошум Андрей Доргайга таандык. Ал эми сөзүн Кыялбек Урманбетов жазып берди. Ырдын сөзүн 5-6 жолу иштеп чыктык. Сынак Түркияда өтүп жаткандыктан түрк элине жакын болсун деп ал элдин улуттук аспабында да коштодук.
– Сахнада так секирип бийлеп да, ырдап да жаттыӊыз...
– Эл аралык деӊгээлдеги сынак болгондуктан бар күчүмдү жумшап, талантымды көрсөтүүгө аракет кылдым. Өзүмдү сахнада туура алып жүрүүгө, артисттик чеберчилигимди көрсөтүүгө болгон аракетимди жасадым. Сынакка даярдык көрө баштаганда «мен сөзсүз жеӊишим керек» деп өзүмө талап койгон эмесмин. Жөн гана жакшы ырдап, талантымды тартуулайын дегем. Ал максатым орундалды.
– «Быйыл бул сынак өткөн 2 жылга салыштырмалуу жакшы болбой калды» деп жатышат. Катышуучулардын деӊгээли кандай болду? Кайсы өлкөдөн келген катышуучуну күчтүү атаандаш катары көрдүӊүз?
– Быйыл сынакка Орусия катышкан жок. Ошол себептен ошондой ойлор айтылып жатса керек. Мен биринчи турунан өткөндөн кийин эле башка катышуучулар «жакшы даярданыптырсыӊ, сени колдойбуз» деп жатышты. Катышуучулардын баары менен тил табышып, даректерибизди алышып жакшы тааныш, достордон болуп калдык. Болгария, Румыния, Казакстандан барган катышуучулар жеӊүүчү болот деп ойлогом.
– Жеӊүүчү болгонуӊузду укканда кандай сезим болду?
– Үч катышуучуну сахнага чыгарганда жүрөгүм дүкүлдөп турду. Түркияда өтүп жаткан соӊ өзүлөрүнүн катышуучусуна берет го деп ойлоп жаткам. Анткени алардын атынан чыккан ырчы аябай жакшы ырдаган болчу. Аны үчүнчү орун алды дегенде «у-ух» дедим. Казакстандык ырчыга берилет болуш керек деп күтүп турсам, менин атым аталды. Сүйүнгөнүмдөн көзүмө жаш алдым. Эч ким көрбөсүн деп желекти жамынып алып ыйладым.
– Жолдошуӊуз Андрей мырза «мындан ары сынактарга катышпайбыз» деп интервью берди...
– Мындан ары эл аралык сынактарга катышпайм. Анткени көптөгөн жаш таланттар өсүп келе жатат. Кыргызстандын атын чет элде таанытуучу таланттарга орун бошотом.
– Эми кеп нугун үй-бүлөӊүзгө бурсак. Жолдошуӊуз продюсериӊиз экен...
– Жолдошум Андрей жаӊыдан продюсер болуп иштей баштады. Негизи, үй-бүлөм тууралуу айтканды каалабайм. Үй-бүлөм жөнүндө ар кандай сөздөр айтылды. Аларга көнүп калдым. Мен көтөрө берем, бирок андай сөздөр жолдошума катуу тиет экен. Ошондуктан жеке жашоом тууралуу сөз кылбоону туура көрөм.
– Маегиӊизге рахмат!

«Күйөрмандар көтөргөн желектердин ичинен эӊ чоӊу кыргыз желеги болду».

«Жолдошум чыгармачылыгымды колдоп, кеп-кеӊешин айтып турат».

Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жийдеш Идирисова: "Мындан ары сынактарга катышпайм"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
jemile
2015-12-28 09:28:39
Азамат!Бар бол!
(жолдошу алтай же якут окшойт)
+3
Rozalia
2015-12-28 15:33:52
jemile,жолдошу кореец
+2
suiuktuujar
2015-12-28 15:05:15
Женишин кут болсун.
+1
aqua.94mema
2015-12-28 15:20:49
Канча жашта экен .
0
Rozalia
2015-12-28 15:39:13
aqua.94mema,30 жашта
-2
mer88
2015-12-28 18:00:49
Жийдеш азаматсын скромная аябай сендей жасалмасыз суйлогон карапайым ырчы бизде жок. мен жаны эле
+1
Bekulas
2015-12-28 19:22:53
Дагы бир шайтанда
0
Mediziner
2015-12-28 21:02:01
Бул эжени жаш эле бойдок кыз деп жүрбөймүнбү. Жолдошу өзүнөн бир аз улуу көрүнөт экен. Башка ырчы кыздардын жолдошторуна окшоп, талантына бөгөт коюп койбой, өзү колдоп-коштоп жүргөнү кандай жакшы!
Азыркы "өчүп-жанчу" лампочкаларга караганда алда канча таланттуу кыз. Башка конкурстарга деле катышса, мүмкүн дагы-да мыкты деген ийгиликтерди багынта бермек.
+2
dubai
2015-12-29 00:05:34
Жийдеш кыргызбы?
+1
Rozalia
2015-12-29 00:39:10
dubai,ооба,кыргыз.Нарындан болот.Ошол жактагы Чкалов орус мектебинде окуган
0
dubai
2015-12-30 00:47:47
Rozalia,рахмат жообунузга,метискаларга окшойт экен.
0
Kadyrbek09.10.2015
2015-12-29 00:32:03
Баракелде сиз эмес биз да ыйладык
0
Ryskulova
2015-12-29 02:21:03
Азаматсыз,жаш корунот экенсиз.Жолдошунузга да рахмат колдоп,коштоп жургонуно.
0
akubeku
2015-12-29 09:18:29
азамаааат. карындаш талантын таш жара берсин ийгилик уй булоолук бакыт кааалайм
+1
jumaliza
2015-12-29 10:55:58
Куттуктаймын талантыныз ташкындай берсин!!!
+1
tatulinka
2015-12-29 11:33:54
Молодец .Аябай эле жонокой кыз экен э?Жийдеш Жийдеш аты аябааай жагат.Мындан арыда Кыргызстандын желегин мынданда которуп журо берели Инша Алла .Кыргызстан дуйного таанылат....
0
Arslan12
2015-12-30 13:21:34
5ти бергени жакты
0
№ 686, 25-декабрь-31-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан