КОЙ (21.03-20.04)
Апта эмнелерди жасап, эмнелерди бүтүрүү керектиги так аныкталбаган бойдон башталат. Андыктан туура кадам жасоо кыйындайт. Апта ортосунда сизди капаланткан окуя чыгат. Апта акырында чечкиндүү болуп чыга келип, керектүү иштерди кыйынчылыксыз бүтүрөсүз. Жашооӊузга кызыктуу жаӊы адамдар аралашып, пайдасын тийгизе башташат.БУКАЧАР (21.04-20.05)
Сиз чөйрөдөгүлөргө туура, калыс мамиле жасап жатам деп ойлогонуӊуз менен, чындыгында андай эмес экендиги айкындалат. Өз кызыкчылыгыӊызды гана ойлоп аракеттенип жатасыз. Абалды тил тапкычтыгыӊыз, сөзмөрлүгүӊүз жеӊилдетиши мүмкүн. Алыстан жакшы кат-кабар уккандан тышкары гардеробуӊузду жаӊыртасыз.ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Активдүү, өжөр жана өз алдынча болсоӊуз гана ийгиликтер жылмаят. Материалдык абалыӊыз да жакшырмакчы. Энергияӊыз кандай ишти колго алсаӊыз да жетип кубантат. Таанышуулар жана романтикалык мамилелерден да жолуӊуз болот. Апта ортосу жагымдуу сюрпризи менен кубантат. Апта акырында белек алууӊуз мүмкүн.БӨЙӨН (22.06-22.07)
Алдыӊызга кандай максат койсоӊуз да ишке ашыра аласыз. Ички туюмуӊуздун да жогорку деӊгээлде турган учуру. Апта ортосунда күнүмдүк тиричиликти жыйыштырып, эс алууга убакыт табылат. Тааныштар менен чер жаза баарлашып, жашоонун ырахатын сезесиз. Болгону жылдыздар ашыкча тамактанып ички органдарга күч келтирбөөнү эскертет.АРСТАН (23.07-23.08)
Апта башында жакындарыӊызга, сүйүктүүӊүзгө кам көрүп, аларды мээримге чулгайсыз. Андан соӊ өз максатыӊызга жетүү үчүн башкалардын пикирин укпай, өз алдынча иш кылууга өтөсүз. Иш жаатында өнөктөшүӊүз менен чатакташа кетүүӊүз ыктымал. Кайсы бир кечеге чакырык алып, элдин көӊүл борборунда болууӊуз да күтүлүүдө. БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Чөйрөдөгүлөргө керектүү кеӊештерди айтып, алар үчүн маанилүү чечимдерди да чыгарып жибересиз. Абалды талдабай туруп, «сеники туура, а сеники туура эмес» деп айта салууӊуз аларга жакпай, чыр жаралышы мүмкүн. Апта ортосунда жакындарыӊызга белек камдап, конок да күтөсүз. Апта акырында коӊшу шаарга (айылга) иштер менен барууга туура келет.ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптадагы бардык окуялар олуттуу ойлонуп, баарын акыл-эс менен таразалап аракет кылууну талап кылмакчы. Эмоциянын жетегинде убактылуу кызыкчылыкты ойлоп чечим кабыл алсаӊыз, артында өкүнөсүз. Азгырмалуу сунуштарды кулак сыртынан кетирүүнү жылдыздар эскертет. Бейшембиде конок тосуп, мейманга барууга да жетишесиз.ЧАЯН (24.10-22.11)
Жеке жашоодо жакшы жакка өзгөрүүлөрдү киргизүүнү самап чыга келесиз. Анткени сизде сүйүүнү жана романтиканы самаган сезимдер ойгонот. Мүмкүн, балалуу болууну самайттырсыз. Дүйшөмбүдө документ иштери колуӊузду кармайт. Шаршембиде балдар маселесине аралашууга туура келет. Ишемби жакшы эс алууну тартуулайт.ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Апта күнүмдүк тиричиликке, жашоо шартыӊызды жакшыртууга багытталат. Жолугушуулар сиз каалагандай жыйынтык алып келбей тургандыктан аларды белгилебей эле койсоӊуз болот. Андан көрө жумуш ордуӊузду алмаштыруу тууралуу ойлонуп, аны ишке ашырууга Жаӊы жылдан соӊ киришсеӊиз туура. Күтүүсүз жерден анча чоӊ эмес суммадагы акчага ээ болосуз. ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Сүйүктүү адамыӊыз менен өз ара түшүнүшүү кыйындайт. Бул ортодо дагы бир адамдын пайда болушунан келип чыгат. Апта башында телефон чалуулар, жолугушуулар көп болот. Апта ортосунда бирөөлөрдү тосуп алуу, узатуу машакаты күтөт. Жекшембиде кыялыӊыздагы буюмду бирөөлөр аркылуу табасыз.СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жашооӊузда өзгөрүүлөр күтүлөт. Бул жашооӊуздун бардык тармагына таасир этет. Өзгөрүү жакшы же жаман болуусу да мүмкүн. Баары сиздин ушул убакка чейинки иш-аракетиӊизден, умтулууӊуздан, башкаларга жасаган мамилеӊизден көз каранды. Аптада үйдөгүлөр же тааныштар менен маданий эс алуучу жайга баш багууӊуз ыктымал.БАЛЫК (20.02-20.03)
Сиздин жашооӊузда азыр баары жакшы, ошол үчүн ырахаттанып кубанычка бөлөнөсүз. Бирок жылдыздар буга топук кылып отурбай, жаӊы пайдалуу нерселерге кол сунууну сунуштайт. Ашыкча активдүүлүгүӊүз бирөөлөрдүн жинин кайнатпагандай болсун. Убагы менен эс алып турсаӊыз, аракетиӊиз ийгиликтер менен коштоло турганын да эске салабыз.