ЖАӉЫ ЖЫЛДА ЖАӉЫЛАНЫӉЫЗ!

Жаӊы жылга саналуу күндөр калды. Жашоону жаӊы барактан баштоо үчүн аракет жасоого ылайыктуу убакыт. Бул учурда үйүбүздү тазалап, эски буюмдардан арылып, күнүмдүк турмушубузга жаӊылык киргизүү маанилүү. Себеби «Жаӊы жылда ийгилик таза эмес үйлөрдү тегеренип өтүп кетет» деген кеп айтылат.

ТАЗАЛАНУУНУ ФЭН-ШУЙ БОЮНЧА ӨЗҮӉҮЗДӨН БАШТАӉЫЗ!
Келе жаткан жыл – Маймыл жылы. Бул жаныбар өзүнө каранганды жакшы көрөт. Ошондуктан жеке буюмдарыӊызды да жаӊыртууну унутпаӊыз. Мисалы:

  • 1 жыл ичинде кийилбеген кийимдериӊизди ойлонбой өрттөп же колунда жокторго жардам катары берсеӊиз болот. Бул гардеробуӊуздун жаӊырышына түрткү болот.
  • Косметика каражаттары. Бет, кол майларын 10-12 айдан ашык колдонбош керек экендиги тууралуу билесизби? Анда «кичине калды, акырына чейин колдонуп коёюн» деген эски майларды да таштандыга ыргытыӊыз.
  • Баарыбыз ар жылы жай мезгилинде күндөн коргоочу көз айнек сатып алабыз. Бирок өткөн жылдан калган көз айнектерди көзүбүз кыйбай топтоп жүрө беребиз. Азыр алардан арылууга ыӊгайлуу убакыт.
  • Кыскасы, ушул сыяктуу буюмдардын катарына жышынгыч, эскилиги жеткен тиш жуучу щёткаӊызды, көптөн бери коюлбаган ооз боёгуч, кийилбеген бут кийим, көтөрбөгөн капчыгыӊызды кошуп алардан арылыӊыз.
  • Мындан кийинки маанилүү нерсе – өзүӊүздүн жан дүйнөӊүздү тазалоо. Ал үчүн жыл бою сиз кабылган терс эмоциялардын баарын топтоп бир капчыкка салганыӊызды жана аларды таштандыга алып барып ыргытканыӊызды элестетиӊиз. Бул үйдү тазалоо сыяктуу эле ичибиздеги терс энергиядан арылуу болуп эсептелет.

ҮЙ ТАЗАЛОО ҮЧҮН ТИЗМЕ ТҮЗҮП АЛЫӉЫЗ
Кезек сиз жашаган жайга жетти. Айымдар башында бир бөлмөнү жыйнап баштап эле кантип экинчисине өтүп, короого чейин чыгып кеткенибизди билбей калабыз. Жыйынтыгында аткарылчу жумуштун бири дагы толук аягына чыкпай чарчап калабыз. Бул жолу да аткарчу жумуштун учугун таппай калбаш үчүн алгач жасалчу иштердин тизмесин түзүп алыӊыз. Ал үчүн үйдөгү бөлмөлөрдүн ар бирине кирип байкаштырып, эмнелерди жууп-тазалоо керектигин жазып чыгыӊыз. Ошол тизмеден чыкпай жумушуӊузду аткара бересиз. Мындай ыкма сизге керек эмес нерсеге убакыт коротпоого үйрөтөт.

Ишти баштоодо төмөнкүлөргө көӊүл бурууну сунуштайбыз:
Эӊ жакшысы, өмүрлүк жарыӊыз (же үй-бүлө мүчөлөрү) сизге жардамга келгени оӊ. Бул дагы келерки жылы бардык жагдайды бирге жеӊели деген ырымга ылайык. Жумуш кылып жатып урушуп-талашпаганга аракет кылыӊыздар. Себеби үй тазалоодо жыл бою топтолгон терс энергиядан арылат, эгер уруш-талаш болсо аны кайра эле негативге толтуруп коёсуздар. Экөөӊөр эринбей үйдөгү ар бир бурчту нымдап жууп, «бул жерлерди желе эмес, ырыскы бассын» деген сыяктуу тилектерди айтыӊыздар. «Муну кечээ жуугам, тиги бөлмөнү кечээ шыпыргам» деген шылтоолор жарабайт.

Бул жылы өзгөчө ашканадагы техникага көӊүл бөлүӊүз. Муздаткыч, электр меши, казан-аяк таптаза болуп жалтырап турса, маймылдын ого бетер көӊүлүн көтөрөт.


Маймыл ачык түстөрдү жакшы көрөт. Эгерде үйдөгү эмеректи, парда, дубал кагаз сыяктуу нерселерди жаӊыртуу оюӊузда болсо, анда алардын баары маймылга жакчу ачык түстө болгону жакшы. Андай түстөр жаӊырган жылдагы жакшылыктын баарын өзүнө тартат.


Эӊ башкысы, жашаган жериӊизди 31-декабрь күнү тазалабаӊыз. Себеби кийинки жылыӊыз тытынып жумуш жасап өтүп кетет дешет. Бардык жумушту ага чейин жасап, эртеӊ Жаӊы жыл деген күнү буту-колду сунуп эс алыӊыз. Кийин майрамдык дасторкон жайганы камыныӊыз. Баса, ал күнү таштанды ыргытканга да болбойт. Үйгө келген ырыскынын баарын ыргытып жиберишиӊиз мүмкүн экен. Анан, албетте, салтка айлангандай арча түтөтүп, эшик-терезени ачып таза аба киргизгенди да унутпаӊыз.

Нуркыз Курманбек кызы
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
suluushka.kg
2015-12-28 11:47:14
Жакшы кенештер экен рахмаат.
+2
tea23
2015-12-28 12:03:46
Мен эмне эле тытынып атам уй жыйнап десеМ 31инде мурдагы жылы уй жыйнагам да.уйду анда 30унда эле детокс кылып коем ))
+3
deva
2015-12-28 12:08:58
Мен бир сыйра ыргыттым, керек деп эле чогулта бериптирмин. Жеңилдеп калдым, толтура таштанды чыкты
+3
JanymHyp
2015-12-28 21:47:40
Керек эмес буйумдуда, кийилбеген кийимдерди да таштоодого козум кыйбай эстелик деп катып журо берет экем. Байкасам ошол эстеликтер мага жылдар бою оор жук болуп, эмнегедир коп ыйлатат экен...(( Эртен керексиздин баарын ыргытпасам...
+2
airada
2015-12-29 01:02:32
Жакшы кенештер. Мен дагы эртенден баштасамбы деп турам.
0
zoichka
2015-12-29 10:01:06
Ырым баш ийгенге баш иет!!!
+2
№ 686, 25-декабрь-31-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан