Акыркы жылдары туугандары тараптан жапа чеккен жаш балдардын саны өсүүдө. Айрымдар буга өспүрүмдөргө зомбулук көрсөткөндөргө жазанын жеӊилдиги себеп дешсе, кээ бирөөлөр ата-энелерди күнөөлөйт. Өткөн аптада да жаш өспүрүм кыздын өмүрүн алган кандуу окуя катталды.
«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ КЫЛМЫШЫН МОЮНУНА АЛДЫ»
25-декабрь күнү Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарында жашаган 10 жаштагы кызды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип жездеси кармалган. Бул окуянын чоо-жайын билүү максатында Каракол ШИИБинин жетекчисинин орун басары Улан Асанбаев менен байланышып, маалымат алдык:– 24-декабрь күнү саат 16:30 чамасында Каракол шаарынын тургуну, өлтүрүлгөн кыздын атасы, 1978-жылы туулган Тариел Жаныбеков милиция кызматкерлерине телефон чалып: «Жумуштан үйгө келсем 10 жаштагы кызым Аделя жана 8 жаштагы уулум Баяман канжалап жатышыптыр»,- деп билдирген. Айтылган дарек боюнча барсак, 10 жаштагы кыз каза болуп калыптыр, ал эми анын оор абалдагы 8 жаштагы инисин «Тез жардам» кызматы аркылуу ооруканага алып баратышыптыр. Ал шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Эсине келген соӊ ал үйүнө Жусуп аттуу жездеси келип, аларга кол салгандыгын айтып берди.
Жабырлануучунун кошуналарын сураштырсак, алардын бири окуя болгон күнү эртеӊ менен саат 10дор чамасында Тариелдин үйүнүн алдында Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү жеӊил унаа токтоп тургандыгын айтты. Айтылган унааны тапсак, айдоочусу таксист болуп чыкты. Ал «облустук оорукананын жанында кардар күтүп турсам, бир киши келип мени жалдады. Бир үйгө келгенде «бул үйдө аппаратурам бар эле, алып чыга калайын, сен күтө тур» деп кирип кетти. Мен унаамда күтүп турдум. Тиги киши 20 мүнөттөй өткөн соӊ жуурканга төрт бурчтук бир нерсени ороп көтөрүп чыгып, багажга салды. Андан соӊ башка дарекке айдатып, ошол жакта калган» деп күбө катары көрсөтмө берип, Тариелдин үйүнө келишкенин тастыктады.
Бул окуя боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Эртеси кылмышка шектүү катары 1963-жылы Тоӊ районунун Бөкөнбаев айылында туулган Жусуп Солпуев аттуу балдардын жездесин колго түшүрдүк. Сурак учурунда ал кылган күнөөсүн толугу менен моюнуна алды. Учурда кылмышка шектүү Каракол шаардык убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда. Окуя болгон маалда анын мас эместиги аныкталды.
«КАЙНИМЕ ӨЧӨШҮП КАЛГАМ»
Кылмышка шектүү Жусуп Солпуев тергөө учурунда бул ишке эмне себептен баргандыгын төмөнкүчө түшүндүргөн:
– Кызым жакында Чүйгө турмушка чыккан. Күйөөсү менен 1 жума жашаган соӊ ажырашып кетиптир. Мен аны билген эмесмин. Кудаларым «кызыӊар кийимдерин алып кетип калды» деп чалышты. Ошентип, кызымды издей баштадык. Телефон чалсак албайт. Акыры Каракол шаарында тааныштарынын үйүндө жашырынып жүргөнүн билип, кайним Тариелге айтып кызымды алып келип беришин сурандым. Тариел барып, кызымды үйгө алып келип таштап кетти. Үйгө келген соӊ кызым Тариел таякеси «сен бизди уят кылдыӊ» деп сабап салганын айтты. Ошондо кайниме «менин кызымды эмнеге сабайт?!» деп таарынып, кек сактап калгам.
Көп өтпөй эле кызымдын ден соолугу начарлап Каракол шаардык ооруканасына жатып калды. Ошол 24-декабрь күнү кызымды Бишкектеги ооруканага алып бармакчы болуп үйгө чыгарганбыз. Үйгө келген соӊ аялым, кызым менен чатакташа кеттим. Ачуум келип ошол жерден Тариел менен сүйлөшөйүн деп такси жалдап анын үйүнө жөнөдүм. Каалганы такылдатсам улуу кызы Аделя ачты. Ачуум менен аны бир чаптым. Аны Баяман көрүп калды. Мештин жанында турган көсөө көзүмө илинди. Аны ала коюп экөөнү теӊ сабап баштадым. Экөө эсин жоготкон соӊ үйдүн ичин аӊтарып, сейфти таптым. Аны төшөккө ороп чыгып таксиге салдым да, бир таанышымдын үйүнө алып барып катып койдум. Андан соӊ үйгө барып аялым менен кызымды алып Бишкекке жолго чыккам, жолдон милиция кызматкерлерине кармалдым. Бул ишти Тариелден өч алуу үчүн кылдым. Ал менин кызымды сабап оорукчан кылып салды.
«БИЗ ЖУМУШТА ЭЛЕК...»
Ал эми каза болгон кыздын атасы Тариел Жаныбеков милиция кызматкерлерине төмөнкүлөрдү айткан
– Өзүм Ак-Суу айылындагы ДЭУда иштейм. Келинчегим болсо университеттин китепканасында эмгектенет. 3 балабыз бар. Ошол каргашалуу күнү эртеӊ менен аялым 3 жаштагы кичүү кызымды бала бакчага жеткирип, андан ары жумушуна кеткен. Мен да жумушка кетип, үйдө улуу кызым менен ортончу уулум калышкан. Алар түштө мектепке барышмак. Аялым алар мектепке кеткиче келип, балдарга тамак жасап берип, окууга жөнөтмөк болгон. Мен да түшкү тамакка келмекмин. Бирок жумуштар чыгып калып экөөбүз теӊ түштө үйгө келе албай калдык. Кечинде келсек эле балдар канга чыланып жатышыптыр...
Саламаттыкты сактоо министрлиги оор жаракат алган Баяман учурда Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине которулганын маалымдады. Анын абалы учурда оор. «Бала Караколдогу ооруканада эсине келген. Ал башынан жаракат алган. Учурда керектүү анализдер алынып, ага «баш сөөктүн ички жабык жаракаты» деген диагноз коюлган, башында гематома пайда болушу мүмкүн деп божомолдонууда. Жакындарынын суранычы менен баланын кайсы ооруканага жаткырылганын айта албайбыз»,- дешти аталган министрликтин басма сөз кызматынан.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg