ЭНЕРГИЯНЫ ҮНӨМДӨӨ АДАТЫ

Ар бирибиз жашообуздун көпчүлүк бөлүгүн ар түрдүү адаттардын башкаруусу менен жашайбыз. «Энергияны үнөмдөө» же «Чыгып баратып светти өчүрө кет!» деген өӊдүү лозунгдарды жакшы билсек да, иш жүзүндө аларды көпчүлүгүбүз колдонбой келебиз. Анткен менен акыркы жылдары өлкөбүздөгү энергия жаатындагы кризиске жана жылуулук менен электр энергияга болгон тарифтин өсүшүнө байланыштуу энергияны үнөмдөө темасы үй-бүлөлүк бюджетти экономдоого болгон түзүүчү милдет болуп калды. Ошол себептен бүгүнкү сөз энергияны рационалдуу колдонуу жана электр энергиясын үнөмдөөнүн эӊ жөнөкөй жолдору жөнүндө болмокчу.

«Көпчүлүк үй-бүлөлөр энергиялык эффективдүүлүктүн жөнөкөй эрежелерин сактап, турак жайды жылуулоо методдору аркылуу колдонулуп жаткан энергияны азайтып, жашоо шартын оӊдоп жана жылына 50 пайызга чейин электр жана жылуулукка болгон чыгымды үнөмдөй алышмакчы»,- дейт ЮНИСОН коомдук фондунун инженер-энергетиги Дарика Сулайманова.
2014-жылы ЮНИСОН коомдук фонду «Үшүбө, Кыргызстан!» маалымат кампаниясын демилге кылып көтөрүп чыкты. Азыркы мезгилде маалымат кампаниянын адистери элге энергияны үнөмдөөнүн жөнөкөй, эффективдүү жолдору жөнүндө айтып беришүүдө.
Алардын кээ бирлерине токтолсок. Мисалы, сыналгыны көлөкө жакка койсок, электр энергиясын көп сарп кылган жарыктыгын жана экран техникасынын контрастын азайтат.
Уюлдук телефондун батареясын толтуруучу каражатты электр розеткасынан чыгаруу адаты 95 пайызга чейинки энергияны үнөмдөп, каражаттын өзүн да сактайт.
Үй кожойкелери үчүн пайдалуу адат электр чайнегинин кеберин бат-баттан тазалап туруу. Ошондо суу бат кайнап жана чайдын даамы да жакшы болмокчу.

Элмира Шайназарова, Алайдын Таргалак айылынын тургуну, өткөн жылдагы лекциянын катышуучусу:
– Кеӊештерди иш жүзүндө колдоно баштадым. Жөнөкөй лампочкаларды энергиялык ресурсту эффективдүү пайдаланганына алмаштырдым. Сырткы эшикти одеяло менен, ал эми терезелерди көбүк плёнкасы менен жылууладым. Электр энергиясын үнөмдөө натыйжасы сезиле баштады жана үйдүн ичи жылуу болуп калды. Мындай лекциялар биздин айылда биринчи жолу болуп өттү жана алар бардыгыбызга пайдалуу жана керектүү деп эсептейбиз.
«Үшүбө, Кыргызстан!» маалымат кампаниясынын өзгөчөлүгү болуп термос-түйүнчөктөр, сыйкыр каптар болду. Алардын энергияны үнөмдөөдөн тышкары үй-бүлөлүк санитарияга салымы бар. Аталган түйүнчөктөр өткөн жылы
ЮНИСОНдун демилгеси менен тигилип, айыл жергесинде чоӊ мааниге ээ болду. Аларды камыр жуурууда, айран уютууда колдонууга болот.
Азыркы күндө түйүнчөктөрдү даярдап чыгаруу менен Кемин районунда жана Токтогул районунда эки тигүү цехи иштей баштады.

Кубан Жумабеков, Саруу айылынын жашоочусу, термос-түйүнчөк рюкзак сатып алган:
– Түйүнчөк талаа жумуштарына чыкканда абдан керектүү буюм экен. Кадимки термосту жаныӊа алып жүрө албайсыӊ, жол жүрүү учурунда сынып калышы мүмкүн. Ал эми түйүнчөктүн формасы жана ичинин жумшактыгы анын ичине тамак салып, ээрдин канжыгасына байлап алып жүрүүгө ыӊгайлуу. Тыныгуу учурунда жылуу тамак даяр.
Энергияны үнөмдөө маданиятын балдарга кичинесинен үйрөтүп гана тим болбостон, аларга үлгү көрсөтүп өткөрүп берүү маанилүү. Энергияны үнөмдөөнү адатка айланткан чоӊдор кичинекей балдарга үлгү болмокчу.

Алма Турдугулова, Бишкектин тургуну:
– Чыныгы айран, йогуртту жасоо үчүн сөзсүз эле айылда жашоо шарт эмес. Мисалы, биздин үйдө 4 жаштагы неберем Алука өзү эле жасайт. Апасы ага кечинде сүттү жылытып берет, анан менин кичинекей кожойкем «сыйкырдуу» уюткусун куюп, аралаштырат. Анан түйүнчөккө салып уютуп коёт. Ошентип эртеӊ менен бизде эӊ жакшы йогурт даяр. Майлуу эмес, абдан даамдуу, апасына жаккандай. Эгер балдарыӊар ден соолукка пайдалуу тамак-аш жесин десеӊер, алардын өздөрүнө тамак жасаганды үйрөткүлө. Оюн аркылуу балдарга үйрөтсө болот. Анан калса, бул дагы үй-бүлөлүк бюджетке бир топ үнөм болмокчу. Мисалы, биз 95 сомго 3-6 литрге чейин үйдө даярдалган сүт азыктарын алабыз. Айта кетчү нерсе, биз буга чейин түйүнчөктү аш жасоодо жана камыр ачытууда дагы колдонуп келгенбиз. Биздин үй-бүлөнүн ден соолугуна кам көргөнүӊүз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Ар дайым жаӊы нерселерди билүүнү адат кылып алыӊыздар.

Айчүрөк Орозбаева, Өрүктү айылынын тургуну, мугалим:
Айчүрөк айым пластик терезелери жөнүндө мындай дейт: «Түзүлүшүнүн, профилинин жана конструкциясынын өзгөчөлүктөрүн билбөө аларды орноткондо сиз күткөндөй натыйжа бербей калышы мүмкүн. «Үшүбө, Кыргызстан!» лекциялары аркылуу ушул жаатта билимиӊиздерди толуктасаӊыздар болот».
Үстүбүздөгү жылдын 24-ноябрында ЮНИСОН коомдук фонду USAID`дин Натыйжалуу мамлекеттик башкарууну колдоо программасынын (GGPAS) колдоосу менен «Үшүбө, Кыргызстан!» долбоорунун экинчи фазасын баштады. Маалымат кампаниясы 2016-жылдын март айына чейин созулмакчы. Кыргызстандын 500 айылында эл алдында лекциялар өтмөкчү. Алардын ичинен бүгүнкү күнү тренерлер 100 жолугушууну өткөрүп, элге үйдөгү жылуулукту үнөмдөөнүн жолдорун айтып берип, энергиялык эффективдүү технологиялар боюнча жана энергияны колдонуучулардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу максатында маалыматтарды берүүдө.
«Үшүбө, Кыргызстан II» лекцияларына келип катышууга чакырабыз. Келип жаӊы маалыматты билип, аны колдонуп, энергияны жана капчыгыӊызды үнөмдөӊүз.

Энергияны үнөмдөө жана жылуулоо суроосу боюнча ЮНИСОНдун кеӊселерине кайрылсаӊыздар болот жана бул сайтка кирип таанышсаӊыздар болот www.unison.kg
Байланыш телефону: (0312) 90 12 16
Макала ЮНИСОН коомдук фонду тарабынан каржыланды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 687, 1-январь-7-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан