СПОРТ ДҮЙНӨСҮ 2015-ЖЫЛДА

2015-жылды Кыргызстандын спорт дүйнөсүндө футбол жылы атасак болчудай. Кыргызстан курама командасы «Орусия-2018» Дүйнө чемпиондугуна ат салышууда эсте калчу оюндарды өткөрдү. Ошондой эле 2015-жыл Олимпиадага умтулган жөө күлүктөр менен балбандар, Азия жана Дүйнө чемпиондугун багынткан жаш спортчуларыбыз менен эсте калды.

КЫРГЫЗСТАНДА
Футбол
Жаштар курама командасы
Кыргыз футболчулары үчүн жыл ийгиликтүү башталып, ал соӊуна чейин коштолду. Алгач январь айында «Шериктештик Кубогуна» катышкан өлкөбүздүн 21 жашка чейинки курама командасы Орусияны жеӊип, татыктуу 6-орунга илинген.

Өспүрүмдөр курама командасы
Бишкекте сентябрда өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунун тандоо туру орун алып, анда Кыргызстан (Непалдын мелдештен четтетилиши менен) 2016-жылы Индияда өтө турган Азия чемпиондугуна жолдомо алды.

Башкы курама команда
Башкы машыктыруучу Александр Крестинин баштаган башкы улуттук курама команда «Орусия-2018» Дүйнөлүк чемпиондугуна тандап алуу оюндарында Австралия менен теӊ тайлашып, күчтүү делген Иорданияны жеӊе алды. Эӊ башкысы, оюн талаада футболчуларыбыз көзгө толумдуу оюну менен кыргыз футболунун келечеги бар экенин күйөрмандарга көрсөтүштү. Кыргызстан ФИФАнын рейтингинде (200 өлкөдөн ашык) жыл ичинде 44 орунга алдыга жылып, 108-орунга илинди.


Футзал
Ноябрь айында футзал (кичифутбол) боюнча Кыргызстан курама командасы келерки жылы Ташкентте өтчү Азия чемпиондугунун финалдык баскычына чыкты.

Бильярд
25-октябрда алыскы Финляндиядан жагымдуу кабар келди. Анда жаш бильярдчыбыз Дастан Лепшаков алгачкы ирет Дүйнө чемпиону аталды.


Жеӊил атлетика
Өлкөбүздүн жөө күлүктөрү «Рио-де-Жанейро-2016» Олимпиада оюндарына алгачкылардан болуп жолдомо ала алышты. Марафончулар Юлия Андреева менен Мария Коробицкая жана жаш спортчубуз Дарья Маслова алыска чуркоо боюнча кийинки жылы Бразилияда өнөрлөрүн көрсөтүшөт.


Балбандар
Тилекке каршы, кыргыз балбандары Олимпиадалык күрөш түрлөрүнөн ийгиликке жетише алган жок. Буга Олимпиадага жалгыз грек-рим күрөшү боюнча балбан Арсен Эралиев гана жолдомо ала алганы далил. Балбандарыбыз Дүйнө чемпиондугунда медалсыз кайтканы менен, Азия чемпиондугун Айаал Лазарев утса, Руслан Царев, Азизбек Атабеков, Самат Надырбек уулу, Магомед Мусаев жана Айсулуу Тыныбекова күмүш, Арсен Эралиев менен Эламан Догдурбек уулу коло байге утушкан.
Ал эми бел боо жана алыш күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунда биздин спортчулар эӊ көп медалдарга жетишкендердин катарында. Алардан Кадыр Келсинбеков, Нурбек Кожобеков, Бекболсун Кушубаков жана Нагира Сарбагышева чемпион аталуу менен айырмаланышты.

Мушкерлер
Кыргызстандын мээлей чеберлери үчүн бул жыл көӊүл жылытарлык болбой, бир да мушкерибиз Олимпиадага лицензия ала алган жок. Сентябрда 52 килограмм салмакта Азат Усеналиев гана Таиландда өткөн Азия биринчилигинде коло байгеге ээ болду.

Кикбоксинг жана эрежесиз уруш
Кыргыз кикбоксчулары үчүн бул жыл ийгиликтүү болду. Алгач Азия чемпиондугунда 10дон ашык спортчу чемпион аталса, Уланбек Касымбеков сентябрь айында Дүйнө чемпиону аталды. Эрежесиз уруш спорту боюнча Жефф Монсондун Бишкекке келиши жана Валентина Шевченконун UFCде дебют жасашы менен эсте калды.


Жоготуу
Март айында Кыргызстандын Улуттук олимпиадалык комитетинин президенти Мурат Саралинов 53 жашында жүрөк оорусунан каза болуп, кыргыз спорту жоготууга учурады.


ДҮЙНӨДӨ
Футбол
Дүйнөлүк футбол талаасында каталондук «Барселона» үстөмдүк кылды. Мессинин командасы май айында Чемпиондор Лигасын жеӊип алса, декабрдын соӊунда клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугун жеӊип алышты. Неймар – Суарес – Месси үчилтиги жыл ичинде жалпы 125тен ашык гол киргизгенин белгилеп кетүү ашыкча болбойт.
ФИФАда коррупцияга байланыштуу жаӊжал чыгып, жыйынтыгында Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Йозеф Блаттер менен Европалык футбол ассоциацияларынын кеӊешинин (УЕФА) жетекчиси Мишель Платини 8 жылга футбол жаатында ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө тыюу салынды.

Бокс
Мээлей чеберлери арасында бир катар олуттуу беттештер болуп өттү. Жыл ичинде Флойд Мэйвезер Мэнни Пакьяо менен Андре Бертону упай эсебинде жеӊип, спорт менен кош айтышты. Ал эми декабрда оор салмакта «Кличко доору» соӊуна келип, WBA, WBO жана IBO версиялары боюнча жаӊы чемпион Тайсон Фьюри аталды.

Теннис
Сербиялык Новак Жокович жыл бою дүйнөлүк теннистин №1 рейтингинен түшкөн жок. Ал Австралия Ачык биринчилигин жана «Уимблдон» мелдештерин жеӊип алды. Ал эми аялдар арасында америкалык Серена Уильямс 2015-жылы өзүнө татыктуу атаандаш тапкан жок. 34 жаштагы теннисчиге Австралия Ачык Биринчилиги, «Роллан Гаррос» жана «Уимблдон» биринчилигинде ийгилик жылмайды.
Британдык автожарышчы Льюис Хэмилтон автожарыштын «Формула-1» классы боюнча Дүйнө чемпиондугун экинчи жыл катары менен утту. Ал чечүүчү жарышта АКШнын Гран-присин жеӊип, өз карьерасында 3-ирет Дүйнө чемпиону аталып отурат.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
MuslimNur95
2016-01-04 18:36:50
Неге Жаш кучтун мыкты жигиттеринин жеништерин жазбайсынар super.kg , Оштон чыкса элеби? Билсенер кыргызды бут дуйного таанытып атат. Ушул азаматтар
+3
MuslimNur95
2016-01-04 18:39:03
Жаш куч Эрежесиз эр уруш чемпион (Ак-аюу) Мыктыбек Мамасалиев жонундо маалымат жазгылачы super.KG
+8
MuslimNur95
2016-01-04 18:39:21
Jash kuch
-1
egiz-jigit
2016-01-05 01:16:36
Уланбек Касымбеков братан жениш кут болсун алга сен менен сыймыктанабыз
+3
KyrgyzstanTugoiloru
2016-01-07 14:13:05
Азаматсынар баардыгынар-Алга!
0
warrior96
2016-01-08 07:50:20
Дастан Лепшаков досум алга!!!
0
admin_superstan
2016-01-11 10:51:04
BakytAliev,
Эскертүү!
1. Берилген эскертүүлөргө көңүл бурбагандыгыңыз үчүн;
2. Аймактык бөлүнүүчүлүк маанисиндеги түшүнбөстүктөрдү жараткан билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат!
0
№ 687, 1-январь-7-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан