ЛЫЖА ТЕПКЕНДИ ҮЙРӨНӨБҮЗ

Лыжа тебүү – кыш мезгилинин көӊүлдүү жана кызыктуу спорт түрүнүн бири. Аталган спорт эс алуу менен экстримди айкалыштырып, ылдамдык менен жаратылыш кооздугун жактыргандарга майдай жагат.

ЛЫЖАНЫ ӨЗ АЛДЫНЧА ТЕПКЕНДИ ҮЙРӨНҮҮ
Лыжа тандоо
Кыска лыжа тоодон түшкөнгө, ал эми узуну түз жерде тепкенге ылайыктуу. Бойго ченегенде кыска лыжанын ээгиӊизге же мурдуӊузга чейин жеткенин тандаӊыз. Узун лыжаны тандоодо өйдө көтөргөн колуӊуздун учу тик турган лыжанын узундугуна жеткидей болушу керек. Алдыга карай түз сунулган колдон ылдый жерге чейинки аралыкка жеткен таяк сиздин лыжа таягыӊыз.

Булчуӊдарды жибитүү
Кандай гана спорт менен машыкпаӊыз, алгач денени жибитип алуу керек. Тагыраагы, дароо эле лыжага секирип «мине» калбай, 15-20 мүнөттөй жөнөкөй көнүгүүлөрдү жасоо зарыл.

Денени теӊ салмакта кармоо
Лыжанын таякчалары денени теӊ салмакта кармоого жана түз жерден тебүүгө жардам берет. Жаӊы шайманды «мингенден» кийин дароо эле тебе калбаӊыз. Алгач лыжанын салмагын, жердин тайгактыгын толугу менен сезип алуу кажет.

Алгачкы кыймылдар
Алгачкы кыймылдарды атайын инструктор менен баштасаӊыз, сиз үчүн оӊой болот. Лыжада туура туруу – жакшы тебүүнүн пайдубалы. Лыжаны бутка илген соӊ эми бул бутуӊуздун уландысы катары сезиӊиз. Дененин салмагы лыжанын ортосунда болуп, акырындан алды-артка кыймылдаӊыз. Баштапкы тебүү өтө эӊкейиш эмес жер болушу зарыл.

Түз жерде тебүү
Үйрөнүү үчүн түз жерде тепсеӊиз натыйжалуу. Буттарды түз алып, таяктардын жардамы менен тебүү классикалык стиль деп аталат. Ал эми басымды алгач бир бутка, кайра экинчисине кылып коньки сыяктуу тебүү коньки стили деп аталат.

Өргө чыгуу
Лыжа менен өйдөгө чыгуу үчүн эки ыкманы кармансаӊыз болот. Биринчиси «карагайча» (ёлочка) жана «тепкич» (лесенка).

Ылдыйышка тебүү
Ылдыйышка тебүү үчүн ылайыктуу жайды тандоо керек. Мында ылдамдыгыӊыз катуулашы белгилүү. Тебүүдө басым эки бутка теӊ жасалат. Үйрөнчүктөр көпчүлүк учурда белди гана бүгүп ката кетиришет. Андыктан сан, тизе, кызыл ашыкты да бүгүү керектелет. Ушундай баштапкы абалды өзгөртпөӊүз.

Токтотуу
Тепкенди кандай үйрөнсөк, токтотууну да билүү зарыл. Лыжанын эки чети атайын металл менен жасалып, кант деп аталат. Бул токтотууга жардам берет. Токтоо үчүн таманыӊызды четке буруу менен басымды канттарга жасап токтой аласыз. Канттарга болгон басым канчалык күчтүү болсо, ылдамдык ошончолук азаят.

Бурулуу
Лыжа тээп баратып бурулуу үчүн токтотуудагы ыкма жардамга келет. Лыжаны кайсы тарапка бургуӊуз келсе, ошол тарапка дененин басымын жасап, таякчанын жардамы менен кайрыла аласыз. Бурулууда денени жантайыӊкы абалда кармап, теӊ салмакты сактаӊыз.

Туура кулоо
Лыжа тебүүдө үйрөнчүктөр гана эмес, чеберлер да кулашат. Бул кадыресе көрүнүш. Андыктан өзүӊүзгө залал келтирбей кулоону үйрөнүп алыӊыз.

• Кулоодо тизе менен жерге урунуудан абайлаӊыз. Дененин жумшак жерлери менен кулаӊыз.
• Эгерде кулап баратканыӊызды сезсеӊиз, теӊ салмакты кармап калуу үчүн катуу күрөшпөй эле койгонуӊуз оӊ.
• Үйрөнчүктөр токтоо үчүн лыжа таягын колдонбой эле койгону туура. Эгерде таяктарды туура колдонбосо, денеге оор залакат тийүүсү мүмкүн.

Лыжа сымал шайманды алгачкы ирет таш доорундагы мергенчилер колдонушкан. Тарыхчылар тапкан эӊ илгерки лыжа Орусиянын Вис аймагында табылып, ал биздин заманга чейин 6 миӊ жыл мурун жасалгандыгы тастыкталган.

Азыркы лыжа биринчи жолу Норвегияда XVII кылымда колдонула баштаган. Алгачкы мелдештер 1767-жылдан тарта өткөрүлүп келген.

Лыжа спортунун Эл аралык федерациясы (FIS) 1924-жылы негизделип, Дүйнө чемпиондугу жана Олимпиадалык оюндарында өткөрүлүп келет. Учурда аталган федерацияга (Кыргызстанды кошкондо) 60ка жакын өлкө кирет.

Лыжа спорту Кыргызстанга 1920-жылдары жайыла баштаган. Кыргызстан эгемендик алгандан тарта лыжа спорту кейиштүү абалда. Саналуу спортчулар гана Олимпиадага байма-бай катышып келишет (мисалы, «Сочи-2014» оюндарына Евгений Тимофеев катышкан). Учурда Нарында жана Караколдо балдар үчүн тоо-лыжа мектеби иштегени менен, бул спорт түрү мамлекет тарабынан жетишерлик колдоого алынбай келет.

Учурда Кыргызстанда 20дан ашык тоо-лыжа базалары иштеп келет. Алардын экөө Ысык-Көлдө, Нарында бирөө болсо, калганы Чүй облусунда.
Лыжанын орточо баасы 15 миӊ сомдон жогору. Ижарага алуу ар кайсы базада ар кандай, орточо баасы 500-1200 сом. Базаларда асма жолго өзүнчө акы алынып, бир күндүк баасы 300 сомдон өйдө турат.

Адилет Керимбек уулу
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 688, 8-январь-14-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан