«Сенсиӊ менин торгоюм, суук көздөн коргоюн» деп жаркылдап ырдап, «и-ий, эрке бала, алгач амандашып алалы» деп «Сармерден» көрсөтүүсүнөн жылмайып чыга калчу шайыр жеӊени жоготконубузга бир жыл болду. Гүлзат Батырканова былтыр 2-январда үй-бүлөсү, достору менен Бишкектен Каракол шаарына лыжа тебүү үчүн бара жатканда жол кырсыгына кабылып, 42 жашында көз жумду. Ырчынын артында 17 жаштагы кызы Айдана, 16 жаштагы уулу Данияр калды. Мукамдуу ырлары, шайыр мүнөзү менен элдин эсинде калган ырчыны жакындары мүрзөсүнө барып гүл коюп, эскерип отурушту.
Шахра Талипова, апасы: «АЗЫР ЖАШООМ ДА, ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫМ ДА ГҮЛЗАТ БОЛУП КАЛДЫ»
– Убакыт учкан куш экен, Гүлзатымдан айрылганыма бир жыл болуп калыптыр. Жаркылдак кызымдын орду жоктугу оркоюп эле билинип калды. «Апа, кандайсыӊар?» деп бат-бат чалып турчу эле. Азыр Гүлзатымдын номерин кызы көтөрүп жүрөт, сүрөттөрү, мага жазгандары сакталуу. Неберем мага чалганда «Гүлзатым» деп чыгат, бир башкача болуп жүрөгүм опкоолжуп кетет. Кызымдын жапжаш туруп кетип калганына өкүнөм, эстесем жүрөгүм сыгылып, бул ааламга батпай кетем. Небере кызым да азыр чоӊоюп, «апамдын кийимдери мага чак болуп калыптыр» деп калат. Күйөө балам балдары менен үйүн оӊдоп-түзөп, татынакай эле жашап жатышат. Баары жайында, бир гана Гүлзатым жок.
Кызымдын кайненеси Шаарпануу кудагыйым жамакчы, билимдүү аял эле. Гүлзатты жанындай жакшы көрчү. Ал да келининин артынан 5 айдан кийин өтүп кетти.
Кызым түшүмө көп кирет. Бир жолкусунда Төө-Ашуу жакта тоннелде жүрөбүз, бир маалда эле жасанып, супсулуу болуп келип «апа, эмне болду, баарыӊардын кабагыӊар бүркөө?» деп жаркырап пайда болду. Баарыбызды бир сыйра карап, «мен азыр келем, апа, кайгырбагыла» деп күлмүӊдөп кирип кетти. Күтүп отуруп ойгонуп кетсем түшүм экен. Гүлзаттын басканы, сүйлөгөнү, ырдаганы (ыйлап) башкача эле... Бөлмөмө кызымдын бардык сүрөттөрүн илип алгам. Сүрөттөрү менен сүйлөшүп, видеолорун көрүп өзүмдү бир азга болсо да алаксытам. Азыр менин жашоом, чыгармачылыгым бир эле Гүлзат болуп калды. Куран окуганды үйрөнүп алдым, сагынганда эле куран окуйм.
Жакында туулган күнүндө эскерүү кечесин Жалал-Абадда өткөрдүк, жылдыгын туулуп-өскөн Токтогул районундагы элдик театрда белгиледик. Аким, губернатор башында турду, бул жактан ырчылар барышты. Эскеришип, куран окуп элдин баары көзүнө жаш алды. Кызымды кичинекей деп жүрө берген экем, көрсө, чыгармачылыкта из калтырып, элдин кызына айланып калган тура.Кыял Батырканова, сиӊдиси: «ЖЕЗДЕМ ӨЗҮН ТАШТАП ЖИБЕРДИ»
– Мен Гүлзат эжемден 8 жашка кичүүмүн. Жакында Токтогулга барганда балалыгыбыздагы сүрөттөрдү карасам, баарында эле эжем мени жонуна көтөрүп турат. Өзүм да Бишкекте эжемдин колунда чоӊойдум. Эртеӊ менен сабакка жылуу кийинтип жөнөтчү. Эшикке чыккандан кийин чечип салып кетип калат элем. Чачымдын узундугун аябай жактырып, аркама тыкыйтып түйүп берчү. Эжеме айтпай чачымды кыркып салганда аябай ачууланып, катуу урушкан эле. Байкуш эжем шайыр мүнөз, бетке айтып, бирөөнү ушактаганды билбеген жан эле.
Гүлзат эжемден айрылгандан кийин жашоо токтоп калгандай сезилди. Жездем да зыӊкыйып өзүнө карап жүрчү эле, эжем өткөндөн кийин өзүн таштап жиберди.
Эжемдин «менде акча жок» деген күнү болгон эмес, дайыма камдуу жүрчү. Акыркы кезде «балдарымдын керегине жаратам деп акча чогултуп койдум» деп чоӊ суммадагы эле акчаны айткан болчу. Ал акчасын банкка салганбы, кимге берген же кайда катканы дайынсыз. Издеп жездем да таппай койду.Данияр Бейшенов, уулу: «АПАМДЫ САГЫНГАНДА КИЙИМДЕРИН ЖЫТТАП АЛАМ»
– Апам биздин үйдүн күнү болчу. Дайыма ага эркелеп жанынан чыкчу эмесмин. Азыр апамды сагынганда эшикти жаап, эч кимге көрүнбөй ыйлап алам. Кечке сүрөтүн өпкүлөйм, анан сөзсүз куран окуйм.
Караколго баратканда жол кырсыгынан апам көз жумуп, комузу да сынып кетти. Үзүлөрдө көзүн ачып, бизди карап жатты, ал башкача сулуу болуп калган эле...
Апамды жерге берип келген түнү боз үйгө илген сүрөтүн атам текчеге коюп койгон болчу. Түнү уктап жатсак ошол сүрөт жерге кулап түштү. Атам туруп барып сүрөттү кучактап апамдан кечирим сурап ыйлап отурду. «Ата, эмне болду?» десем, «апаӊ келди» дейт. Чын эле келген окшойт, мышыгыбыз бир жерди карап токтоп калыптыр. Көпкө уктай албай кыйналып жүрдүк. Азыр деле бат-бат келип тургансыйт, анткени мышыгыбыз кээде кыймылдабай бир жерди карап токтоп калат.
Айдана эжем менен атам тамак жасашат. Бирок апамдыкына эч окшошпойт. «Курсагыӊар ачпасын» деп концертке кетерде көп тамак жасап коюп кетчү. Баары эле менин апама көз тийип кетти деп айтышат. Сагынганда кийимдерин жыттап-жыттап алам. Чоӊ таенем жасаган төшөктөрдү «Айдана турмушка чыкса себине кошом» деп сактачу. Буюрса, эжем турмушка чыкса алып барабыз деп жүрөм.
Мурат Бейшенов, жолдошу: «ГҮЛЗАТТЫН АКЫРКЫ СӨЗҮ ЭСИМДЕН КЕТПЕЙТ»
– 1990-жылдары Коргоо министрлигинин алдында түзүлгөн оркестрге Гүлзат ырчы болуп келип калды. Жаркылдап тамашакөй болчу, мен жактырып калып бир жыл артынан жүгүрдүм. Биринчи жубайым орус улутунан болчу, андан бир кызым бар. Тагдыр экен, аны менен ажырашып кеткем.
Гүлзатты көндүрөм деп кайненеме Токтогулга чейин баргам. Ошентип, кайненемдин жардамы менен Гүлзатыма жеткем. Жарыктык ачык мүнөз, бетке айткан жан эле. Жетекчилерге деле коркпой сүйлөп салчу. Калп айтпасам, филармониянын бир эмес, эки директоруна бетке айтып уруша кеткен.
Тамакты аябай даамдуу жасайт эле. Аныкындай палоо менен дымдаманы эч жерден жей элекмин. Уулубуз менен кызыбыз чоӊоюп калышты, аларды окутуп, үйлөп, турмушка бериш керек. Гүлзатым жанымда турса жакшы болбойт беле...
Байкушум «Сармерден» көрсөтүүсүнө чыгарда макалдарды жаттап түнү менен даярданчу. Азыр мен «Сармерденди» жүрөгүм түтүп көрө албайм.
Былтыр жаӊы жыл күнү 4 саат бою өмүрү чалбаган тааныштарына чалып куттуктап чыкты. Бирдиги түгөнүп, балама 1000 сомго бирдик салдырды. Таарыныша кеткендерге чалып кечирим сураптыр. Улам ашканага келип «азыр, ээ, тамакты карап тургула» деп бетимден өөп кетет. Ошентип, кечки саат 11де үндүгүбүз бышып дасторконго отурдук. Жаӊы жыл тосуп, эртеси «Караколго лыжа тепкени барып келели» десем, «мен тепкенди билбесем эмнеге бармак элем» деп баргысы келген жок. Анан мен «койчу, үй-бүлөбүз менен чогуу барып келели» деп жөнөгөн элек. Астыбыздан чыккан машина жол эрежесин бузуп, биз андан качабыз деп жолдун четине чыгып унаабыз эки жолу аӊтарылып кетти. Гүлзаттын колумду кармап, «балдарды жакшы кара, мен сага ишенем» деп айткан акыркы сөзү жүрөгүмдү канатып ийди...
Замира Рахманбердиева
star@super.kg