Узап кеткен 2015-жылдын 30-декабрында «Кумтөр» кенинде ширетүүчү болуп иштеген Майкл Макфит аттуу Британиянын жараны Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына майрамдык дасторкон үстүндө түшкөн сүрөттү жарыялап, «кыргыздар жылкынын жыныстык мүчөсүн жеш үчүн кезекте турушат» деп жазып койгон. Жылкынын жыныстык мүчөсү дегени бул кадимки чучук болчу.
ФЕЙСБУКТА ТАМАШАЛАЙМ ДЕП ӨЛКӨДӨН АЙДАЛДЫ
Мындай болот деп эч ким күтпөсө керек. Бирок «Кумтөр» компаниясынын жумушчулары чучукту шакабалаган Макфитти жоопко тартууну күч түзүмдөрүнөн, компаниянын жетекчилигинен талап кылышып иш ташташты. Ал эми британдык жаран ал билдирүүнү өчүрүп, ийгиликсиз тамашасы үчүн социалдык тармак аркылуу кечирим сурады. Аз өтпөй ал «Манас» аэропортунан өлкөдөн чыгып кетерде кармалып, сурак берди. Ага карата кылмыш иши да козголо турган болгон. Бирок Макфит Кыргызстанда жүрүүгө уруксат берген документтери туура эмес болгондуктан депортацияланып өлкөдөн чыгарылды.
ДҮЙНӨ ЧУЧУККА КЫЗЫКТЫ
Кыскасы, чучук бул жуманын негизги каарманына айланды. Буга чейин биздин өлкөдө мындай окуя катталган эмес. Аталган жаӊылыктан улам айтылуу британдык «Гардиан» басылмасы жана дүйнөлүк бир катар аттуу-баштуу маалымат каражаттары окуянын жүрүшү тууралуу жазып жатышты. Коӊшу Казакстан жана Орусиянын басылмалары да четте калышкан жок. Атүгүл алыскы африкалык Гана өлкөсүндөгү Ghanaweb.com интернет сайты да чучук тууралуу жазып чыкты.
Чучуктун айланасындагы бул ызы-чуу интернет колдонуучуларынын арасында да кызыгууну жаратты. Ошондуктан кыргыз деликатеси тууралуу дүйнөлүк желеден маалымат издегендердин саны көбөйүп кетти. Интернеттеги издөөлөрдү анализдеген Google Trends кызматынын маалыматына ылайык, чучук жөнүндө маалыматтарды издегендердин саны 1 суткада жүз эсеге көбөйгөн.
ЧУЧУК ШЫЛТООБУ?
Кыргыз коомчулугунда бул окуя ача пикирлерди жаратты. Калыӊ элдин дээрлик көп бөлүгү Майкл Макфитти жоопко тартуу керектигин колдогону байкалды. Баарыбыз сый тамак катары көрүп, кадырлуу мейманыбызга тартчу чучукту чет элдик жаран жыныстык мүчөгө салыштырганы эч кимге жакмак эмес. Аздектеген тамагыӊды бирөө кемсинтсе ким эле ачууланбасын?! Бирок ушунча чуу болушу керек беле?
Коомдун дагы бир бөлүгү чучуктун мындай чуусуна таӊ калып да, түшүнүп да бүтө албай турат. Интернеттин активдүү колдонуучуларынын бири Данияр Айтман бул боюнча блог жазып, оюн айтууга жетишти: «Келгиле, өзүбүздү өзүбүз алдабайлычы. Чучук – бул жөн эле шылтоо. Чет элдиктер кулинариядан эмес, алар бай – биз кедей, алар күчтүү – биз алсыз, алар эркин – биз көз каранды болгондуктан өздөрүнүн бизден артыкчылыгын сезип жатышат. Биз аларга чучук жеген үчүн эмес, ала качып үйлөнгөнүбүз үчүн, коррупционерлер менен табакташ болуп, балдарыбызды ач-жылаӊач жана караӊгы келечекке алып баратканыбыз үчүн жапайы көрүнүп жатабыз.
Эгер Кыргызстан Япония сыяктуу болгондо чет элдиктер чучук жөнүндө кыргыз экономикалык кереметинин жандырмагы катары диссертация жазышмак. Келгиле, ошон үчүн япон ийгиликтерине жетели да, улуттук тамагыбызды дүйнөгө таанымал кылалы»,- деген оюн жазган.
Алия Суранова аттуу блогер да өзүнүн оюн билдирип өткөн: «Мен бул намыс дегени кайсы жерден башталып, кайсы жерден бүтөрүн билбейм. Кыргыз жигиттери кыргыз кыздарын кемсинтип жатышканда, биздин кыргыз эли кимге добуш берип жатканын билбей, жакынкы 5 жылдык келечегин 500 сомго сатканда, биздин эркектерибиз үйдө жатып, аялдарыбыз Орусия, Казакстанда тытынып иштеп жүргөндө эмнеге ошол намыс ойгонбойт? Мына ошол намыс биз пара бергенде, мыйзамдарды бузуп жатканда, салыктардан качканда ойгонобу?»
ЧЫДАМ ТҮГӨНГӨНДӨ
Чучук чуусу ошончо чет элдик басылмаларга жарыяланганы Кыргызстанды уяла тургандай абалга кептеди. Фейсбуктагы ийгиликсиз тамаша үчүн аэропорттон кармап келип, суракка алып, анан депортациялап жиберүү бери дегенде акылсыздык, ачууга алдыргандык болду деп баалагандар да четтен чыгат. Бирок Майкл Макфит да ичкен кудугуна түкүрбөшү керек болчу. Анын бай мамлекеттин жараны болгондугу ага Кыргызстандын баалуулуктарын шылдыӊдай берүүгө укук бербейт.
Негизи, «Кумтөрдүн» жумушчулары айлык маянаны жогорулатууну талап кылып жатышкан эле. Мына ушул көйгөй, акыр аягында Макфиттин оозу менен айтылган кемсинтүү «Кумтөрдө» иштеген кыргызстандыктардын чыдамын түгөткөн го деген ой келет.
«Супердин» сурак бурчу
Чучукка байланыштуу чырды кандай кабыл алдыӊыз?Кубан Чороев, экономист:
– Биз ар бир нерсеге позитивдүү караганга үйрөнсөк. Мындай чуудан да чоӊ пайда таба алабыз. Бир дагы маркетинг агенттиги чучукка мындай дүйнөлүк масштабдагы жарнама жасай алмак эмес. Азыр ушул чуудан улам дүйнө элинде чучукка болгон кызыгуу ойгонду. Мисалы, менин досумдун Канадада чучук жасоочу чакан ишканасы бар, азыр ага буюртма көп болуп, жетишпей жатыптыр.Сүйүн Откеев, режиссёр:
– Чучук маселеси мени бир чети капа кылды, бир чети кубандырды. Капа кылганы, чет элдик жарандын кыргыз элин басмырлаганы болду. Кубандырганы, дүйнөгө аз болсо да чучук деген тамагыбызды тааныта алдык. Бирок кээ бир жарандарыбыз аша чаап, агрессиясын өтө эле ашыкча көрсөтүп койду. Бул туура эмес. Кыргыз-киргиз болуп эки тарапка бөлүнгөнгө да жетиштик. Дастан Бекешев, Жогорку Кеӊештин депутаты:
– Албетте, Макфит туура эмес кылды. Биз да чучуктун айынан ушунча чуу көтөрүп, дүйнөгө туура эмес жагыбызды көрсөтүп алдык. Чет элдиктерде «Кыргызстанда социалдык тармакта да этият болуш керек экен. Камап коюшат турбайбы...» деген ойлор келет. Жөн гана кечирим суратып койсок жетиштүү болмок. Мынча ызы-чуу болуп, Африкага чейин жарыялаштын кажети жок эле.Мавлян Аскарбеков, жарандык активист:
– Чучук окуясынын эл аралык деӊгээлге чыгып кеткени туура эмес көрүнүш болду. «Кумтөрдө» ак мөӊгүлөр жок болуп кетүү коркунучунда турат. Экономикалык да, социалдык да маселелер толтура. Мына ушул терс көрүнүштөргө карата жалпы күрөшкөндүн ордуна чучук үчүн коомдун бир бөлүгү ызы-чуу түшүп калды. Башка көйгөйлөрдү чечүүдө да ушундай активдүү болсок кана?!Азамат Аттокуров, экономист:
– Аша чаап кеттик. Бирок мейман дагы дөдөйлүк кылды. Башка жерге мейманга бардыӊбы же иш боюнча бардыӊбы, кожоюндун тамагын, үрп-адатын мазактаганга болбойт. Британдык жаран маданият деӊгээлинин төмөндүгүн көрсөттү. Бир жакка жумушка барарда же саякатка жөнөрдө жергиликтүү элдин тарыхын, маданиятын изилдеш керек. Анан ошого жараша мамилелер түзүлөт.Эльвира Сурабалдиева, Жогорку Кеӊештин депутаты:
– Куру намыска алдырдык. Менин оюмча, шотландиялык адистин кыргызстандыктарды кемсинтейин деген жаман ою жок болсо керек. Фейсбуктагы досторубуз бири-бирин, белгилүү адамдарды же ажобузду да сынга, жаман сөзгө калтырганда сый-урматты, намысты дайым ушинтип коргоп турсак...
Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg