1990-жылдардын башында Жамал Сейдакматова, Асылбек Өзүбеков башында турган «Туӊгуч» театры ачылган. Жөн гана ачылып эмес, элдин колдоосуна татып, концерттери аншлаг менен өтүп, айтор, чыгармачылыкта жакшы агым пайда болгон. Ошол театр аркылуу Махабат Апешованын да жүзү элге таанылып, кайра жок болуп кеткен эле. Актрисанын андан кийинки тагдыры эмне болду, өз оозунан угалы.
Туулган жылы – 1973-жыл, 19-май
Туулган жери – Түп району, Токтоян айылы
Билими – Б.Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинин актёрлук бөлүмү. «Үч кемпир», «Сатынбай», «Пирожки саткан аял» сатираларында, «Апамдын махабаты» сериалында роль жараткан.
– Саламатсызбы, Махабат эже? Менин эсимде азыркыдай узун чачыӊыз менен калыптырсыз, дагы деле узун экен...
– Жакшы, рахмат. Тизеге жеткен чачтан үчтү кырктым. Биринчи жолу студент кезде тайпалаш кыздарым «улуу көрүнөт экенсиӊ» деп кыркып салышкан. Чачым негизи тез өсөт. Экинчи жолу кыркканымды чачыма кошуп өрүп, түйүп алчумун. Кийин эле жоголуп кетти. 3-жолу учун тегиздеп бер десем, чачтарач шарт эле далымдан кесип салды. Нес болуп, оозума эч нерсе кирбей калган. Кийин ойлосом өзүнө керек болгон окшойт, чачымды ары жакка көтөрүп кеткен болчу. – Элге тааныла баштаганда чыгармачылыктан алыстап кетүү кыйын болдубу?
– Ооба, аябай эле кыйын болду. Кинолорго тартылып, Майрамбек Осмоновдун «Азгырбачы, жигит, ай, азгырылган сүйүүм, ай» деген саптары бар «Жигит, ай» деген ыр менен «Жаштык ыры» сынагына катышып, элге тааныла баштаганда сахнаны таштадым.
– Сизди «эс тарткандан Асылбек Өзүбековду жакшы көрүп, ал кишиге жетем деген максат менен «Туӊгуч» театрына кириптир» деп айтып жүрүшөт,
чынбы?
– Андай максатым болбосо да, азыркы тил менен айтканда, ошол кезде Асылбек байкенин чектен ашкан күйөрманы болуптурмун. Биздин мектепте музыкалык ансамбль бар эле, ыр-бийге шыктуулар ансамблдин курамына кирип, совхоз-колхоздорду кыдырып саанчы, малчыларга концерт койчубуз. Мен анда 8-класста окучумун. Байкенин «Өмүр» деген ырын жакшы көрүп дайыма ырдачумун. Түнкү 12ден кийин байке радиодон «Бейпил түн» деген уктурууну алып барчу. Сүйүү темасындагы чыгармалардан үзүндү айтып, жан дүйнөӊдү козгогон ырларды окучу. Ошону уктабай күтүп укчумун. Ал уктуруу узакка созулчу, анан кантип уктап калганымды билбей калат элем.
Университетти аяктагандан кийин, бир жолу «Туӊгуч» театрына барсам Асылбек, Эгемберди (ред. Бекболиев) байкелер бар экен, ырдап жүрөм деп ырдап берсем, «биздин театр Манастын 1000 жылдыгына Таласка барат, биз менен гастролго чыгасыӊбы?» деп калышты. Ошентип, театрга алынгам.
Ал учурда башкача сезим жүрөгүмдө эле, аны акылыма сыйдырып алып каалагандай калчай алган жокмун. Үй-бүлөлүү экенине карабай Асылбек Өзүбековду жакшы көрдүм, ошол сезимдин курмандыгы болуп, ал кишиден кыздуу болдум. Кыскасы, кызымды төрөгөндөн кийин жардам берген киши жок кыйналдым. Жалгыз бой төрөдү деген сөздөргө деле териккен жокмун, териге турган болсом төрөмөк эмесмин да. Ошондо кызымды же чыгармачылыкты тандашым керек болгондуктан «Туӊгуч» театрынан кеттим. Эгер чыгармачылыкты тандап, карьера деп кетсем эмдигиче бир нече роль жаратып, кино, театр жаатында көзгө көрүнөрлүк эмгек жаратып койсом керек эле. Ошентип кызымды мектепке киргизип, 2-3 ай жүрүп эле келем деп таенесине таштап Москвага кеткем, анан ошол боюнча калып калдым.
– Жалгыз бой эненин түйшүгү оор экенин билебиз. Сиз мындай тагдырды кантип жеӊдиӊиз?
– Атам 5-классымда өтүп кеткен. Ошондо мен деле кичинекейимден атасыз өспөдүмбү. Атасыз өскөн жалгыз эле менин кызым эмес. Ошондуктан аны маселе катары карап отурбайбыз деле. Толук үй-бүлө болгон, албетте жакшы, бирок тагдыр аны буюрган жок. Кыйналганымды бирөөгө айтып доомду артпайм, мага учурунда апам жардам берди, азыр го кызым чоӊойду, өзүм бутума турдум. Сиӊдилерим, күйөө балдарым Москвада, бири-бирибизге каралашып турабыз. Кызым Камила жанымда, менден такыр алыстап кетпесин деп таенесинин колунан алганыма бир жыл болду. Учурда 9-класста гимназияда окуп жатат. Кыргыз тилдүү мектептен Орусияга барып жакшы окуп кетти.
– Атасы «менин кызым» деп бооруна тартып, жардам берип турабы?
– Кызы экенин билет, бирок «сенин кызыӊ, аны кыл, муну бер» деп мен андан эч нерсе талап кылбайм. Ал кишинин өзүнүн бала-бакырасы, үй-бүлөсү бар дегендей. Азыркы заман бирөөдөн бирөө үмүт эте турган учур эмес го. Биринчиден Кудайга, анан өзүмө ишенем.
– Жакында эле Москвадан Мурат Мамбетовдун юбилейине келип кеттиӊиз. Асылбек байке менен жолуктуӊуз да, мурунку сезимдер калыптырбы?
– Бардык нерсенин аягы болот экен. Убакыт дарылайт, ордуна коёт, таразалайт. Кесиптештердей эле жолугуштук. Мен концерт жакшы өтсө экен, жаӊылбасам экен деп сарсанаа болуп жаттым. Мурун аткарган интермедияларды, ырларды элге тартууладык.
– Москвага жаӊы барганда дароо жумуш табуу оӊой болбосо керек, кантип бутуӊузга турдуӊуз?
– Жаӊы барганда кандай жумуш болбосун иштешим керек, үйдө иши жок, жегенге тамагы жок отуруп калбашым керек деп ойлондум. Жарнама боюнча барып, бир чоӊ ресторанга официант болуп орноштум. Бир күнү эле кыргыз тааныштарым «эртеӊ скинхеддердин майрамы, жумушка чыкпайбыз, башка улуттун өкүлдөрүн өлтүрүп кетишет» деп айтып калышты. Жумушта иштеген бир орус кыздан «эртеӊ скинхеддердин майрамы турбайбы, ишке келебизби?» десем, «сен кайсы жерде иштеп жатканыӊды билбейсиӊби?» деп каткырат. «Жок» десем, «дал ошолордун уюгунда жүрөсүӊ. Алар дайыма чачын алдырып, анан мотоцикл минишет, байкаган жоксуӊбу?» дейт. Мен скинхед эмне экенин деле билбептирмин. Чын эле карасам кожоюндан баштап кароолчуга чейин чачы жок экен. Гардеробдо иштеген абышкага барып «эртеӊ скинхеддер көчөгө чыгып, алдынан чыккан башка улуттун өкүлдөрүн өлтүрөт турбайбы, жумушка келбей койсом болобу?» дедим. Ал «коркпо, эгер скинхед жаныӊа келсе, «мен «Лондон паб» ресторанында иштейм» де, сага эч ким тийбейт. Кечинде өзүм үйүӊө жеткирем» деди. Ошентип, жумушка чыккам. Андан кийин жеке менчик клиникада ички органдарды тазалоочу каражат сатып иштедим. Айлыгы жакшы, ошол жерден тапкан акчама Бишкектин жаӊы салынган көп кабаттуу үйлөрүнөн батир алдым. Учурда бир ресторандын кассасында иштейм.
– Сахнаны сагынасызбы?
– Сагынам. Кыргызстанга келгенде ыр жаздырып, клип тарттырып чыксамбы деп кыялданып коюп кайра кетип калам. Бирок ушул жайда кызым окууга тапшырганы келет, ошондо жаӊы ыр жаздырып, жаӊы имидж менен чыгармачылыкка кайтсамбы деп жатам. Мени эч ким тааныбайт го десем, кээде көчөдөн атымды таптак айтып туруп «көрүнбөй кеттиӊиз го, качан теледен чыгасыз?» деп сурап калышат. Ушул сыяктуу суроолор да мени сахнага тартып жатат.
– Рахмат маегиӊизге.
Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg