Бала кезден өнөр жолун тандап, чыгармачылыктын ысыгына күйүп, суугуна тоӊуп, батирде жашап жүргөн күндөрүндө ачка-ток калып такшалган Аваз Акимовдун музыка дүйнөсүндө жүргөнүнө 13 жыл болуптур. «Кыбыраган кыр ашат» демекчи, акырындан жеткен ийгилик көпкө кармалат» дейт Аваз. Анда ырчы басып өткөн жолу, ушул күнгө чейинки ийгиликтери тууралуу сөз кылат.
– Куш келипсиӊ, Аваз. 2016-жыл эми гана босогону аттады, бул жыл сен үчүн кандай башталды?
– Саламатсыздарбы, жыл башталарга жакын өзүнчө бир укмуштуу окуяларга кабылдым. Жаӊы жыл күнү борбордогу аянтка концертке ырдаганы келгем. Машинамды туура эмес жерге коюп алып, МАИ кызматкери менен бир сыйра урушуп кеттим. «Мен сага окшоп майрамдап жүргөн жокмун, иштеп жүрөм» дейт, «мен да элге кызмат кылып жүрөм» дедим. Айтор, экөөбүз бир топко чейин тартыштык, ырдап бүткөндөн кийин «жакшы ырдайт турбайсыӊбы» деп телефон номеримди алып калган. Бирок чала элек. Жаӊы жыл күндүн эртеси машинамдын дөӊгөлөгү жарылып калыптыр. Ичимден бул жылы зерикпейт окшойм деп жатам, жыл баштала элек жатып толтура окуяларга кабылганыма караганда.
Ал эми чыгармачылыкта өткөн жылы Москвага көп каттадым. Эсептесем, Ильяз Абдыразаков менен 7 жолу барып келиптирмин. Мага Орусияга гастролго чыккан аябай жакты, гонорары да жакшы, аны менен бирге эс аласыӊ, бул жакта тойдо иштеп тапкан акчадан ал жакта 5-6 эсе көп түшөт.
– Гастролдон тапкан акчаӊды кайра эле чыгармачылыкка жумшадыӊбы?
– Жок, чогултуп жатам, бул жылы үйлөнсөмбү же үй алсамбы деп ойлонуудамын, бирок бир чечимге келе элекмин. Быйыл сөзсүз үйлөнөм же үй сатып алам.– Үйлөнөм дегениӊе караганда кыялыӊдагы селкини тапкан окшойсуӊ да?
– Таба элекмин, «жакшы тилек – жарым ырыс» дейт эмеспи. Балким, тилек кылсам, ушул жылы кыялымдагы селкиме жолугуп калаттырмын деген ой. Болочоктогу жубайым менен жок эле дегенде 5 ай сүйлөшүп көрүшүм керек.
– Ар бир адамдын жашоосунда бурулуш жасаган окуя болот, сенде деле болсо керек?
– Ооба, жашоомдогу чоӊ бурулуш бул Сыймык атамдын (ред. Бейшекеев) колуна келгеним. Ал эми экинчи жолку чоӊ бурулуш андан кеткеним болду. Бөлүнүп, өзүмчө батирге чыгып досторум менен жашаганда ачка-ток калдым, акча жетишпей кыйналганда ыйлаган күндөрүм болду. Көрсө, жашоодо кыйынчылыкка кабылган сайын күчтүү болот экенсиӊ. Көп кыйынчылык көрбөгөн жаным бир топ чайналдым.
– Учурда социалдык тармактар ырчылардын жашоосунда маанилүү ролду ойнойт, сен интернет менен жакшы эле доссуӊбу?
– Ооба, социалдык тармак күйөрмандар менен байланыш түзүп берчү жакшы курал. Мен инстаграмда көп отурам. Ал эми калган сайттагы баракчаларыма каттарды окуп, сүрөттөрдү жүктөш үчүн эле кирем. Бая күнү Аваз Акимов деген фейк-баракчаны ачып алган адамга жазсам, «сен фейксиӊ, мен Аваз Акимов болом» деп өчүрбөдүбү. «Кандайча?» десем, ар кайсыны айтып күлкүмдү келтирди.«ТАТТУУ БАЛАЛЫК...»
– Балалыгым Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айылында өттү. Ата-энемдин айтымында, кичинемден эле тентип ар кайсы жакта жүрө берчү экенмин. «Гастролуӊ ошондо эле башталган» деп тамашалап калышат үйдөгүлөр. Жаӊы төрөлгөндө көп ооруп, алсыз болуптурмун. Апам түнү оӊ капталым менен жаткырса, эртеӊ менен ошол эле капталым менен жаткан болот экенмин.
9 айлыгымда дубалды кармап басып, тилим да эрте чыгыптыр. Байкем, эжемдердин баары толук, үйдө эӊ эле арыгы менмин. Үйдөгү оокат-аш менен ишим жок болчу. Мага караганда иним малды бадага кошуп, короо, сарайларды тазалап иш кылып калчу. Мен көп ооруганымдан улам ата-энем аяп, ашыкча эркелетип коюшкан окшойт.
«ЭЖЕЙИМЕ ЖИНИМ КЕЛИП...»
– 1-класска барганда «а» класска кирген элем, анткени менин көчөмдөгүлөрдүн баары ошол класста окучу. Бирок эжейим мени «б» класстагы 2 кызга алмаштырып жиберди. Ошондо эжейиме жиним келип, жаман көрүп калган болчумун. Жаӊы жыл майрамында мен аккордеон чертип ырдап, оюндарды уюштуруп класстар арасындагы сынакты жеӊип алдык. Ошондо «а» класстагы эжейимдин жанынан өткөндө «көрдүӊүзбү, мени алмаштырып жибербегениӊизде сиздин класс жеӊмек» деп маашыркана басып калган элем. Ал эжейим да мендей окуучусун кетирип жибергенине өкүндү болуш керек.
«БИШКЕККЕ КЕЛГЕНДЕ ОРУСЧА «НЕТ» ДЕГЕН СӨЗДҮ ЭЛЕ БИЛЧҮМҮН»
– Оштон Бишкекке келгенде Сыймык атам мени борбордогу мыкты мектептердин бири – №67-мектепке киргизген. Орусчадан нөл элем. Айылда жалаӊ бешке окуган бала үчкө окуп кыйналгам. Орус тилден берген эжейим суроо берсе катып калчумун. Кечке суроолорду берип сүйлөй берет, мен жадакалса «түшүнбөй жатам» деп орусча айта алчу эмесмин. Эжейимди кечке угуп туруп, «нет» деп кайра отуруп алчумун. Мугалим күлүп «сага «нет» деген сөзүӊ үчүн эле чейрек чыгардым» дей берчү.
Бишкектеги классташтарымдын көбү менин ырчы экенимди билишчү эмес. Кийин мектепти бүткөндө билишти. Биздин мектептин жылдызы мен окуп жүргөндө Малика Дина болчу. Ал мектепте Мирбек Атабеков, Гүлмира Рысбаева, Дмитрий Жумалиев да окуган.
Лунара Бекиева
star@super.kg