Өлкөдө 7-февралдан тарта автоунааны жана турак жайды сөзсүз камсыздандыруу боюнча мыйзам ишке кирет. Автоунааны камсыздандыруу ишин 10го чукул менчик компаниялар жүргүзөрү күтүлүүдө. Унааны камсыздандырууга унаанын түрүнө, айдоочулук тажрыйбага жараша жылына 2 миӊ сомдон 3 миӊ сомго чейинки сумма алынат. Айдоочунун тажрыйбасы канчалык жогору болсо, ал камсыздандыруу полисин ошончолук арзан алат. Камсыздандырылган унаа жол кырсыгына кабылса, камсыздандыруучу компания келтирилген чыгымды төлөп берет. Эӊ көп болгондо камсыздандыруучу компания 550 миӊ сом төлөйт, анын 200 миӊ сому жол кырсыгынан каза болгондорго, 200 миӊи жаракат алгандарга жана 150 миӊи унааны калыбына келтирүүгө берилет. Ошондой эле камсыздандыруучулардын ассоциациясы атайын фонд түзүп, ал фондго камсыздандырууга чогултулган акчанын 1 пайызы түшүп турат. Эгер камсыздандыруучу компания банкрот болсо же жол кырсыгына күнөөлүү адам качып кетсе, чыгымдар ошол фонд тарабынан берилмекчи. Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg