Өкмөттүн орусиялык «Первый канал. Всемирная сеть» жана «Россия планета» телеканалдарына өзгөчө макам берүү боюнча аракети коомчулуктун кызуу талкуусуна алынып, ачуу сындар менен коштолду. «Аталган долбоор колдоо таба турган болсо, Кыргызстандын мыйзамындагы чет элдик маалымат каражаттары боюнча чектөөлөр орусиялык аталган эки телеканалга карата колдонулбайт. Мындан тышкары орус тилин жана орус контентин колдонуу боюнча коюлган чек сакталбайт. Ошону менен катар аталган эки телеканалды өнүктүрүү үчүн Кыргызстандын аймагында атайын шарттар түзүлөт» деп долбоордо жазылат. Бул долбоорду Орусия тарап сунуштап, коомдук талкууга Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги алып чыккан. Жарандык коом кескин каршылыгын билдирген соӊ бул долбоор коомдук талкуудан алынып салынды. Өкмөт аны юристтердин катачылыгы катары түшүндүрдү.Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg