Кыргызстандын атын куудулдук өнөрү менен чет өлкөлөргө таанытып келе жаткан «Азия Микс» командасы КВНдин Жогорку Лигасынын келерки сезонуна каражаттын жоктугунан катышпай калышы мүмкүн. Аталган команданын директору Камила Абдилдин айтымында, алар буга чейинки оюндарга чет өлкөдөгү адамдардын колдоосу менен катышып келишкен.