Эл аралык Ататүрк-Ала-Тоо университети жаш ырчы Аяна Касымовага 5 жыл бекер окуу сертификатын берди. Бул тууралуу окуу жайдын Таанытуу борборунун директору Жыргалбек Аманкулов: «Университет Аяна Касымовага маданиятка кошкон салымы үчүн бул орунду берүүнү чечти. Мындай себеп менен окуу жай алгачкы жолу маданият өкүлдөрүнө орун берип жатат,- дейт.