АННА СЕМЕНОВИЧ ТУРМУШКА ЧЫКТЫБЫ?
35 жаштагы «Блестящие» тобунун экс-солисти Анна Семенович турмушка чыкканын интернеттеги жеке баракчасына жазып чыкты. Ырчы айым учурда Таиландда сүйүктүүсү менен эс алып жүрөт. Күйөрмандарынын бири ага ушул жылы турмушка чыгуусун каалаганда Анна «мен турмушка чыккам» деп жооп кайтарган. Негизи ырчы айым жеке жашоосун сыр тутууну туура көрөт. «Ал менин сүйгөнүм. Эмнеге мен аны бирөөлөргө көрсөтүшүм керек?»- деп келет ырчы. Маалыматтарга караганда, Семеновичтин сүйүктүүсү Швейцарияда жашаган бизнесмен. МЕРЬЕМ УЗЕРЛИНИН ЖАШООСУ ТАСМАДА
«Даӊазалуу кылым» сериалында Хүрремдин ролун аткарган түрк-немис актрисасы Мерьем Узерлинин күйөрмандарына жагымдуу жаӊылык. Жакында актрисанын жашоосу, чыгармачылыгы тууралуу документалдык тасма тартылып жатканы белгилүү болду. Анда күйөрмандары көптөн бери кызыгып жүргөн суроолорго жоопторду алышмакчы. Анткени тасмада Мерьем буга чейин айтпай келген кызыктуу маалыматтарды берген. Анан да 12-январь күнү Мерьем Узерли менен Мурат Йылдырым тартылган «Түн ханышасы» («Королева ночи») сериалы Түркиядагы телеканалдардан берилип баштады. ЛЕО 3-ИРЕТ «АЛТЫН ГЛОБУСТУ» АЛДЫ
10-январь күнү Лос-Анжелесте 73-ирет «Алтын глобус» сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Анда режиссёр Алехандро Гонсалес Иньярриту «Аман калган» («Выживший») тасмасы үчүн «Мыкты режиссёр» наамын алып, тасма болсо «Драма жаатындагы мыкты тасма» аталды. Ал эми «Драма жанрындагы мыкты актёр» наамына баш каармандын ролун жараткан Леонардо Ди Каприо татыды. Эске салсак, Лео буга чейин «Авиатор», «Уолл-Стриттеги бөрү» тасмасындагы кайталангыс мыкты ролдору үчүн «Алтын глобусту» алган.
Ошондой эле Кейт Уинслет, Сильвестр Сталлоне, Леди Гага да «Алтын глобусту» колго кармап кетишти.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg