Түрптү гректер «Кудай жөнөткөн белек» деп баалап, алгачкылардан болуп өстүрүп пайдаланып келишкен. Бүгүнкү күндө анын жашыл, кара өӊдөгүлөрү жана дайкон, лобо түрлөрү дүйнө элдеринде кеӊири пайдаланылып, мындан ар кандай салаттар, ысык тамактар жасалып келет. Анда бул жашылча менен жакындан таанышып алалы.
Түрлөрү:Пайдасы:
Эскертүү!
ОШ САЛАТЫ
Керектелүүчү азыктар:
Түрп – 400 грамм
Пияз – 1 баш
Эт – 300-400 грамм
Жумуртка – 2 даана
Сыр – 100 грамм
Уксус 9% — 1 аш кашык
Майонез – 1 аш кашык
Өсүмдүк майы – 1 аш кашык
Татымына жараша туз, ашкөк
Даярдоо ыкмасы:
1. Түрп менен пиязды аарчып, ичке туурап, туздуу сууга 30 мүнөттөй чылап коёбуз.
2. Эми алдын ала сууга бышырылган этти жана жумуртканы ичке, узун-узун туурайбыз. Эттин ордуна сууга бышырылган малдын боорун, жүрөгүн колдонууга да болот.
3. 1 аш кашык уксуска 1 аш кашык өсүмдүк майын, майонезди кошуп аралаштырып соус даярдайбыз.
4. Түрп менен пияздын суусун сарыктырып, ага тууралган эт, жумуртканы жана соусту кошуп аралаштырабыз. Салатты сыр, түрптүн кесимдери жана ашкөк менен кооздоп дасторконго койсок болот.
МАРИНАДДАЛГАН ТҮРП
Керектелүүчү азыктар:
Түрп – 2 даана
Пияз – 1 баш
Уксус 9% – 1 аш кашык
Өсүмдүк майы – 1 аш кашык
Укроп жана татымына жараша туз, кара мурч
Даярдоо ыкмасы:
1. Түрп менен пиязды ичке-ичке туурап, ачуусу чыгышы үчүн сууга 30 мүнөттөй чылап коёбуз.
2. Эми булардын суусун сарыктырып, уксус, өсүмдүк майын, кара мурч кошуп аралаштырабыз. Бул татым палоого жана шишкебекке мыкты гарнир болуп бере алат. Бул даамды шакекче түрүндө тууралган пияз же анардын ашы менен кооздоп койсоңуз болот.
ВИТАМИНДҮҮ ШОРПО
Керектелүүчү азыктар:
Эт – 500-600 грамм
Нокот – 1 стакан
Түрп – 2 даана
Картошка – 5-6 даана
Пияз – 1 баш
Сарымсак – 5-6 тишче
Помидор – 2 даана
Болгар калемпири – 2 даана
Сабиз – 2 даана
Татымына жараша туз, кара мурч, ашкөк
Даярдоо ыкмасы:
1. Алгач нокотту жууп, муздак сууга жибитип коёбуз. Мүмкүн болсо 1 күн мурун эле жибитип койгонуӊуз оӊ. Жибиген нокотту өзүнчө бышырып аласыз.
2. Этти бөлүктөргө бөлүп муздак сууга салып, жай отто 1,5-2 сааттай кайнатабыз. Шорпонун чий көбүгүн алып, туздан салып, улам-улам сапырып турууну унутпаӊыз.
3. Эт бышкан кезде чоӊ-чоӊ тууралган жашылчаларды жана нокотту салабыз.
4. Жашылча бышкан кезде шорпону кеселерге куюп, бетине ашкөктөн себелеп коёбуз. Витаминдүү шорпобуз даяр.
Кара түрп элдик медицинада жөтөлгө каршы колдонулуп келет. Ал үчүн чоӊ түрптүн ичин оюп, ортосуна балдан куюп коюу зарыл. Эртеӊ мененкиге чейин түрптүн ширеси чыгып, бал менен аралашып калат. Мындан 1 аш кашыктан бир күндө 5-6 маал ичүү кажет. Бул ыкманы балга аллергиясы барлар колдонууга болбойт!
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg