«РУЛОТО»: «СҮЙҮНЧҮ» ТИРАЖДЫК ЛОТЕРЕЯСЫНЫН АЛГАЧКЫ ЖЕӉҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

Былтыр гана өз ишин баштап, эл оозуна алынган «РУЛОТО» соода маркасы алгачкы жеӊүүчүлөрүнө утуштарын тапшырып кубантты. 15-январь күнү 3-январда ойнотулган «Сүйүнчү» тираждык лотереясынын супер байгеге коюлган 2 000 000 сом жана 50 000 сомдук ири утуштар өз ээлерине тапшырылды.

2 000 000 сомдук утушу бар бактылуу билеттин ээси Жалал-Абаддын тургуну Ибрахим мырза. Ал билетти Жалал-Абад шаарынан сатып алганын айтты:
– Жумуштан үйгө баратып ЦУМдун жанындагы билет саткандарда калган жалгыз билетти алгам. Алгач 2 000 000 сомдун ээси болгонума ишенген жокмун, башым айланып эле бир нерсе болуп жаттым. Буюрса, бул акчага көптөн көксөгөн ак өргөө тургузам деп жатам.
Элдин жашоосун жакшыртууга чоӊ салым кошуп жаткан «РУЛОТО» компаниясына рахмат. Мекендештериме дагы коркпой ушул лотереяны ойногула деп сунуштайт элем. Өзүмдүн башымдан өттү, бардыгы чын экен. Силер да ойногула, уткула.

50 000 сомдук утуштарга ээ болгон жеӊүүчүлөр да кубанычы менен бөлүшүштү. Алардын бири Жалал-Абад шаарынын тургуну Асылбек:
– Жалал-Абаддан 5 билет сатып алган элем. Утканымды дароо карындашыма кабарладым, бирок ал ишенген жок. Эми акчаны көргөндө ишенсе керек. Утушумду үй-бүлөмдүн керегине жаратам деп турам. «РУЛОТО» компаниясынын жетекчилигине ыраазымын. Элдин ишеничине арзый беришиӊерди каалайм.

Кийинки 50 000 сомдук утуштун ээси Бишкек шаарынын тургуну Дамира:
– 31-декабрда «Фрунзе-3» гипермаркетинен билет сатып алган элек. Алгач 50 миӊ сом утуп алганыбызга ишенген жокпуз. Бул жактын кеӊсесине байланышып тактаганда гана ишендик. Кайра-кайра чалып «биз чын эле уттукпу?» деп сурап жаттык толкунданганыбыздан (күлүп). Эми бардык туугандарыбызга, тааныштарыбызга «Сүйүнчү» тираждык лотереясын сунуштайбыз.

Кезектеги 50 000 сомдук утуштун ээси Эркингүл айым дагы Бишкек шаарынын тургуну. Ал уулу менен билетти борбордогу «Аламүдүн» базарынан сатып алышканын айтты:
– Кокусунан эле «Сүйүнчү» тираждык лотереясынын билеттерин сатып алып, жеӊүүчүлөрдүн катарын толуктап отурабыз. Азыр утушубузду кайда жумшайбыз деп ойлонгон деле жокпуз. Эл үчүн ушундай лотереялар чоӊ жардам болот экен. Эми «Сүйүнчү» тираждык лотереясын тынбай ойноп турабыз, себеби чындыгында утарыбызды, акча колубузга тиерин көрдүк.

Дагы бир 50 000 сомдук утуштун ээси Каракол шаарынан келген Турусбек:
– 1 эле билет сатып алгам. Ошонум байгелүү болуп чыкты. 50 000 сом утуп алганымды билгенде өзүмдү жоготуп койдум. Эми утушумдун 2000 сомуна дароо «Сүйүнчү» тираждык лотереясынын билеттерин сатып алып коём. Анан жубайыма белек берем. Мындан ары «Сүйүнчү» тираждык лотереясын калтырбай ойногонго аракет жасайм. Бул таза оюн, сөзсүз ойноӊуздар.

«РУЛОТО» компаниясынын өкүлү Айнур Алышбаева:
– Урматтуу мекендештер, «РУЛОТО» компаниясы сиздерди кирип келген Жаӊы жылыӊыздар менен куттуктайт! Ошондой эле «Сүйүнчү « тираждык лотереясынын жеӊүүчүлөрүн дагы чын дилибизден куттуктайбыз. Ойноӊуздар, утуӊуздар!
Биздин компаниянын лотереялык билеттери «РУЛОТО» соода маркасынын астында белгилүү. Биз Кыргызстандын лотереялык рыногундагы профессионалдарбыз.
Биздин билеттер чет элдик мыкты басмаканаларда басылып чыгат. Алардын үстүнөн бул тармакта тажрыйбалуу жумушчулар иш алып барышат. Лотереялык билеттердин жасалмалуулуктан коргоп туруучу бир нече катмары бар. Бардык лицензиялар КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы тарабынан берилген.
«Сүйүнчү» тираждык лотереясынын жана «Чоӊ акча» тез ойнотулуучу лотереялык билеттери өлкөбүздүн бардык аймактарында «РУЛОТО» компаниясынын белгиси бар расмий соода түйүндөрү аркылуу сатыкка чыгарылган.

«РУЛОТО» – бардыгы сиздер үчүн!
«Сүйүнчү» тираждык лотереясынын супер байгеси 5 000 000 сом жана башка көптөгөн утуштар камтылган болгон кезектеги оюну 23-февраль күнү КТРК каналында саат 18:00дө түз эфирде өтөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Svoboda83
2016-01-25 21:14:45
Эми ушул эле калдыбы бунурарда убактылуу
0
Aisanur_89kg
2016-01-27 01:24:51
Жакшы алдап койбой беришиптир,2009-жылы алдына уй койулган лотерея ойнотулган кайнагам билет алып бишкектин центринер ошол 2комнаталуу уйду утуп алган,суйунучтон туугандарга той берген,5 кундон кийин уйду кайра алып койушкан эле.
0
Saikal88
2016-01-30 16:27:21
Бизге акыркы эки сан туура келбей калган 2000000го
0
№ 690, 22-январь-28-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан