Бишкек шаарындагы 4-төрөтканада буга чейин көп ирет чуулуу иштер катталганы баарыбызга маалым. Бул жолу да аталган төрөткана ызы-чууга жем таштады. 2015-жылдын 10-декабрында төрөт учурунда 29 жаштагы Аида Борулдаева каза болгон. Маркумдун туугандарынын айтымында, анын көз жумганына ак халатчандар күнөөлүү. Биз бул окуяны иликтеп көрүүнү эп көрдүк.
«ДАРЫГЕРЛЕР ЖАРДАМ БЕРИШКЕН ЖОК»
Маркум Аиданын бир тууган сиӊдиси, окуянын күбөсү Бегайым Абдылдаева окуя тууралуу буларды айтып өттү:– Жездемдин Миргүл деген таажеӊеси 4-төрөтканада иштегендиктен ошол төрөтсүн деп эжем атайын бул жакка катталган. 2015-жылы 10-декабрда эртеӊ мененки саат 8дерде эжем толготуп, аны төрөтканага алып келдик. Саат 11лерде төрөтүүчү бөлмөгө эжемдин жанына кирдим. Акушерлер анын кан басымын, абалын текшеришкенде баары эле жакшы болчу. Эжем толготуп, улам отуруп-туруп кыйналып кетти. Миргүл менен жанындагы акушер келин ага жардам бергендин ордуна алыстан карап, «даяр боло элек» деп жайбаракат сүйлөшүп отурушту. Миргүлдүн жанындагысына «кечээ аттестациядан «төрөт учурунда операцияга кантип кириш керек?» деген суроо келип билбей өтпөй калдым. Жалгыз мен өтпөй калып уят эле болдум» дегенин угуп калдым.
Эжемдин алы кетип кыйнала баштады. Бир маалда мага «Бегай, төрөй албайт окшойм» деген акыркы сөзүн айтты (ыйлап). Тигилер анын кыйналып жатканын көрүшсө да консилиум кылышпай, өздөрү ичин сыгып жатышты. Акыркы толгоосунда эжемдин бети-башы, оозу көгөрүп кетти да, эсин жоготту. Ошондо гана башка дарыгерлерди чакырышты. Эжемдин бетине суу чачып жардам берип жүрсөм, дарыгерлер мени сыртка чыгарып салышты. Ошол маалда баланын башы чыгып калган эле, кантип төрөлгөнүн көрбөй калдым. Тагиев деген врач төрөтүптүр. Бир маалда баланы жандандыруу бөлүмүнө алып кетишкенде артынан жөнөтүп жиберишти. Барып кайра келсем, эжемди операцияга алып кирип кетишти. Кечки саат 6-7лерде башкы дарыгер Бурул Алмазбекова иш бөлмөсүнө чакыртканынан барсак, суук кабарды угузду.
Эжемдин төрөтүнө катышкан Шайыр деген эже «Аида операцияга киргиче 1 сааттай каралбай калган, ошондон кан көп кетип калды. Кыйналып жатканда наркоз да сайып салышыптыр, ошондон ойгонбой калды» деди. «БАЛКИМ, КӨБҮРӨӨК АКЧА БЕРГЕНДЕ МЫНДАЙ БОЛБОЙТ БЕЛЕ?»
Ал эми маркумдун апасы Бурул Камбарованын ою мындай:
– Кызым Аида буга чейин 2 баланы жакшынакай эле төрөгөн. 3-баласын төрөөрдө минтип шум ажал колубуздан алып кетти. Азыр баласынын абалы жакшы, кудагыйым багып жатат. Толгоосу башталганда төрөтканага келип, кичүү кызымды жанына кошуп киргизип, өзүм сыртта күтүп калгам. Ак халатчандардын көӊүл кош мамилесинен кызым каза болуп калды. Аида башында келгенде Миргүлгө 1000 сом берип, аман-эсен төрөсө ыраазы кыларын айткан экен. Балким, көбүрөөк акча бергенде башкача мамиле кылат беле?
«ЧЫНДЫКТЫ ЖАШЫРЫП ЖАТЫШАТ»
Андан соӊ окуянын дагы бир күбөсү, 4-төрөтканада акушер болуп иштеп келген Шайыр Кадыровага жолугуп, окуя тууралуу оюн уктук:– Өзүм 25 жыл Жалал-Абадда төрөтканада, кийин Бишкектеги 4-төрөтканада 4 жыл акушер болуп иштедим. Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен ар жыл сайын же ишке орношуп жатканда төрөткананын дарыгерлери анализ тапшырышат. Эгерде аларда кан менен жуга турган оорулары болсо, башка жумушта иштеши керек. Анализдин жыйынтыгында Нади Тагиев деген дарыгердин ооруй турганын билип калдык. Себеби тизмени илип, ооругандарды кызыл менен сызып коюшат.
Бир жолу башкы дарыгер Бурул Алмазбековага «Ооругандар эмнеге төрөткө катышып жатышат? Алардан аялдарга оору жугат да» деп койгом. Ошондон тарта мени жактырбай башташты. Маркум Аиданын төрөтүнө, операциясына да ошол Тагиев катышты. Мен да башка бир аялды карап ошол жерде элем. Аида кыйналып жатканда Бурул Алмазбекованы чакырсак, ал келип Тагиевге «Мунун жатыны айрылып кетсе керек. Наркоз берип текшерип көрүү зарыл» деп айтты. Тагиев колун салып текшерип көрүп «таза эле экен» деп койду. Ошентип Аида ал төрөт бөлмөдө жарым сааттай жатып калып, кан көп кетти. Мен караган бейтапты башка төрөт бөлмөсүнө которуш керек болуп, аны менен кетип калгам. Аиданын операциядан каза болуп калганын уктум. Текшерүүлөр башталганда оорулуунун таржымалы жазылган кагазга төрөткө катышкан дарыгерлер «баарыбыз чогулганда Аиданын кыйналганын көрүп 10 мүнөттүн ичинде операцияга жибергенбиз» деп жалган жазып коюшуптур. Мен «Операцияга киргиче жарым сааттан ашык жатты го, балким, дароо алып кетсеӊер келин аман калмак. Бурмалабай эле койбойсуӊарбы» десем, башкы дарыгер мени жумуштан чыгарып салды. Териштирүү учурунда 6 дарыгер кылган ишин танып койду. Акыйкаттык издеп акыйкатчыга, министрликке арыз жазсам, алар «териштирүүдөн кийин билинет» дешти. Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасына арыз жазганы барсам, прокурордун жардамчысы «Өлгөн аялдын туугандары арыз жазбаса, сизге эмне жок? Сизди жумуштан алып салганына ичиӊиз ачышып жатат да» дейт. Мен «биздин коридордо видеокөзөмөл бар. Ошондон Аиданы операцияга кайсы убакта алып кеткенин текшерип бергилечи» десем, «жок» деп койду. «Видеокөзөмөлдөгү архив 20 күндө өчүп калат, архив өчкүчө текшерели» деп көптөргө кайрылдым, ана-мына деп убакытты созуп отурушуп, акыры архив өчүп калды.
Биздин 4-төрөтканада иштеген дарыгерлер туугандарын төрөткөнү алып келсе, анда башкы дарыгерге сөзсүз 1000 сом бериши керек. Антпесеӊ ал тууганыӊды төрөтүүгө уруксат бербейт. Мен дагы бир тууган агамдын кызын төрөткөндө Бурул Алмазбековага 1000 сом берип уруксат алгам.
«ЭКСПЕРТИЗАГА БЕРБЕЙ КОЮШКАН»
Маркумдун туугандары менен чогуу 4-төрөтканага барып, төрөткө катышкан дарыгерлерге жолуктук. «1000 сомду алганыӊыз чынбы?» деген маркумдун туугандарынын суроосуна Миргүл Исмаил кызы «мен Аидадан эч кандай акча сураган эмесмин. Бирок ал «төрөткө керектүү нерселерди алууга жумшаӊыз» деп 1000 сом берген. Мен тууганыма кантип жамандык каалайын? Ага жардам гана бергим келген. Мындай окуя болуп кетерин күткөн эмесмин» деп көзүнө жаш алып жооп кайтарды. Андан соӊ төрөткананын жетекчиси Бурул Алмазбековага жолугуп, окуя боюнча кандай иш-чаралар болуп жатканын сурадык:
– 2015-жылы биздин төрөтканада 9598 төрөт кабыл алынды. Анын ичинен 500гө жакыны кан жоготту, бирок ошонун дээрлик бардыгын сактап калганбыз. Тилекке каршы, Аида Борулдаева аттуу бейтап каза болуп калды. Баланын каканак суусу энесинин кан тамырларына кирип кеткен экен. Мындай оорудан дүйнөлүк статистикада 90 пайыз аял өлүмгө учурайт. Биз анын өмүрүн сактап калууга болгон күчүбүздү жумшадык. Операция жасоого тажрыйбалуу 4 дарыгер катышты.
Маркумдун туугандары «Миргүл аттестациядан өтпөй калыптыр» деп жатышат. Ал аттестациянын төрөткө эч кандай тиешеси жок. Негизи, биз бейтап төрөт учурунда каза болуп калса, сөзсүз денесин союп текшерүү үчүн экспертизага жөнөтөбүз. Аида каза болгондо да сөөгүн экспертизага жиберткем. Бирок туугандары «кызыбызды сойдурбайбыз, дарыгерлерге дообуз жок» деп кол коюп, өлүкканадан сөөктү алып кетишиптир. Эми минтип кайра бизге доо артышууда.
Мен биздин төрөтканадагы бир кызматкерди кызматтык милдеттерин бир нече жолу аткарбагандыгы үчүн кызматтан алгам. Ал киши ичи күйгөндөн улам биз тууралуу жалган маалыматтарды айтып жүрөт. Каза болгон Аиданын туугандарына да ар нерсени айтып көкүтүп коюптур. Эгер туугандары ишенишпесе, анда сөөктү кайрадан каздырып, текшертүүгө даярбыз. Бул иш боюнча бир нече комиссия түзүлүп, текшерип жатышат. Негизи, төрөй турган аялдан акча алынбашы керек эле, бирок биздин дарыгер Миргүл Исмаил кызы менен каза болгон Аида тууган экен. Алардын өз ара эмне деп сүйлөшкөнү мага белгисиз.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg