ЮРИСТ КЕӉЕШ БЕРЕТ

Эстеп көрсөӊүз, тейлөө кызматкерлеринен көп эле жолу запкы чеккенсиз. Ошондо эмне кылдыӊыз эле? Кыйкырышып нервиӊизди короткондон башка чара деле көрбөгөн чыгарсыз. Мыйзам алдында алар кандай жоопко тартылышы керек? Суроолорубузга «Арстанов и Ко» компаниясынын юристи Айнура Мамашова жооп берет.

«ПАЛЬТОМДУН КИРИ КЕТПЕПТИР»

– Пальтомду химиялык тазалоого берип, 3 күндөн кийин алганы барсам, ошол эле бойдон экен. Аябай нааразы болдум. Акысын бербей коёюн десем, пальтомду тапшырып жатканда эле төлөтүп, чек беришкен эле. Мен эле ушундай жагдайга кабылдым го дейин десем, досумдун пальтосун таптакыр бузуп салышыптыр, өӊү өчүп кетиптир. Мындай учурда эмне кылсак болот?

Азамат, Ош шаары

– Кандай кийимди тазалатууга, оӊдоп-түзөөгө бербейли, камсыздандыруу жагын ойлошубуз керек. Химиялык тазалоочу жайда өӊү өчпөйт, таза тазаланат, тигиштери сөгүлбөйт деген милдеттенме болуш керек. Кардар аны окуп кол коюп, бир көчүрмөсүн өзүнө алып, андан соӊ кийимди тапшырышы керек. Эгер тейлөө кызматкеринин иши кардарды нааразы кылса алгач аталган жайдын администраторуна, эгер ал эч кандай чара көрбөсө анда сотко кайрылуу зарыл. Эгер кийимди өтө бузуп койсо, кардар жаӊы саттырып алуу укугуна ээ.

«КУРТКАНЫ ЖАКШЫ ТАЗАЛАБАПТЫР»
– Жолдошум ичине куш жүнү салынган куртканы 4000 сомго сатып алган эле. Аны кийген сайын жүнү ак ала болуп кийимдерге жабышып айланы кетиргенинен, ордуна синтепон салдыруу максатында Бишкектеги «Кыял» соода борборундагы бир тикмечиге бергем. Ал «тигилиши аябай татаал экен, ичин тазалаш да өтө кыйын, эми эптеп тазалайын, акысы 1500 сом болот» деп алып калган. Куртканы алганы барганымда тиги аялдын ордунда башка бирөөсү отуруптур. Ал «сенден кымбат алып коюптур, акысы 1000 сом эле болмок» деди. Кымбат алса деле мейли, жүнү жабышпаса болду» деп койгом. Бирок жакшы тазалабаптыр, кайра көтөрүп барсам «жууп койсоӊ кетет» деген, жуусам деле болгон жок.

Жанара, Бишкек шаары

– Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө мыйзамдын 17-беренеси боюнча, кайрадан оӊдоп бер дегенге же акчасын талап кылууга болот. Макул болбосо жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, монополияга каршы көзөмөлдөө органдарына кайрылыш керек. Алар тарабынан да жооп болбосо сотко кайрылып, моралдык-материалдык чыгымды өндүрүп алууга укугу бар. Негизи тейлөө кызматкерлеринин кызматын пайдаланарда укуктук мамилелерди жөнгө салуу үчүн кагаз жүзүндө келишим болуу мыйзамга ылайык.

«АЙДООЧУНУН АЙЫНАН БОЮМДАН КОЗГОЛДУ»
– Азыркы коомдук унаалардын айдоочулары машинасына адам эмес, картошка жүктөп бара жаткандай айдашат. Бир жолу маршруттук таксинин айдоочусу башка унаа менен жол талашып айдай баштады. «Акырын айдаӊыз» деп айткандан тартындым, башкалар да унчугушкан жок. Бир убакта бир машинадан буйтайм дедиби, айтор, жолдон чыгып, аӊга кептелип калдык. Алты айлык боюмда бар эле, ичим менен катуу тийдим. Кудайлаган жүргүнчүлөр айдоочуну тилдеп калышты. Аман калганыбызга сүйүндүк окшойт, ар кимибиз жай-жайыбызга тарап кеттик. Мен болсо ичим ооруксунгандыктан жолдошумду чакырып, ооруканага бардым. Коркуп калгангабы же катуу тийгенгеби «боюӊдан козголуптур» дешти. 

Акзыйнат, Бишкек шаары

– Бул жерде Кылмыш жана жаза кодексинин 281-беренесинин негизинде иш каралат. Укукка жат түрдө транспорт каражаттарын туура эмес пайдалануунун натыйжасында денесине ар кандай жаракат (жеӊил, оор) алды деп айдоочуга кылмыш иши козголууга тийиш. Дарыгерлерге кайрылгандан кийин экспертизадан өтүшүӊүз керек болчу. Анын жыйынтыгы менен кылмыш иши козголмок. Мындай учурда ошол жердегилер «бул даректе мындай окуя болду» деп акт түзө коюп, тиешелүү мекемеге арыз менен кайрылуусу зарыл. Арыздын негизинде тергөө жүргүзүлүп, сотко өтмөк. Сот айдоочунун аракетине жараша укуктук баа берип, жабырлануучуга келтирилген моралдык-материалдык чыгымдын ордун толтурат.

«КАФЕДЕГИ ТАМАКТАН КУРТ ЧЫКТЫ»
– Досторум менен кафеде тамактанып отурсак тамагымдан түшүнүксүз бир нерсе чыкты. Жакшылап байкасам боз курт экен. Дароо табитим тартпай калды. Досторумдун ырахаттанып жеп жатканын көрүп аларга куртту көрсөткөн да жокмун. Аларга эптеп бир шылтоо айтып кеткиче шаштым.

Улан, Балыкчы шаары

– Мындай окуяда эки же андан ашык күбөнүн негизинде акт түзүлүп, ошонун негизинде администраторго кайрылуу зарыл. Алар тамакты алмаштырып бериш керек. Кардар жебейм десе тамактын баасынан эки эсе чоӊ айып пул өндүрүп алуу, эгер жанындагылар да жебейбиз дешсе, акчасын төлөбөй коюу укугуна ээ. Тамактан эмес, нандан деле бир нерсе чыгышы мүмкүн. Бул учурда деле кардар өз укугун дал ушундай жол менен коргой алат.

«Адистин кеӊеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеӊешке муктаж болсоӊуз, бизге кайрылыӊыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеӊиздер болот же
kenesh@super.kg дарегине кат жазыӊыз.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
seed
2016-01-25 22:26:47
menin sindimdi kollegasy tamashalap chochutup koiup boiunan tushup kaldy baikushumdun. biroonun den soolugu menen oinobogulachy
-1
Abdyrashit.Satylganov
2016-01-25 22:46:35
Мисалы :Дүкөндөрдөгү продукциялардын мөөнөтү өтүп кеткен же болбосо ошондой кафелердеги тамак аш тан жагымсыз нерселер чыкса.. Кимге кайрылуу керек? Негизи эле булар үчүн мыйзам беренелери жазылганбы? Ушул жөнүндө тагыраак маалымат берсеңиздер сураныч.. М: мынчанчы берененин негизинде өз укугуңузду коргой аласыз - деп так маалымат бериңиздерчи
+2
admin_superstan
2016-01-26 10:53:06
Abdyrashit.Satylganov,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коёбуз, рахмат!
+1
admin_superstan
2016-01-26 11:38:17
Abdyrashit.Satylganov,
Төмөнкү шилтеме аркылуу кирип, керектүү маалымат алсаңыз болот.
http://www.super.kg/article/show/34879
0
bah_tee
2016-01-26 22:15:08
Э кайактагы элге пайдасы тийбеген суроолоду жазып. Болницада врач акча сураса. Мамлекеттик иштерде докумннт кылганда акчп сураса эмне кылыш керек ким кайрылыш керек ушуга окшогон пайдасы тийе турган суроолорду жазсанар
+2
esimdesin
2016-01-27 12:16:28
чын эле дукөндөгү азык-түлукту алууда мен да байкабай калган учурлар болгон.суусундуктун убагы өтүп кеткен болчу. абайлабаса
0
Aitpaaim
2016-01-30 18:26:21
Бардык закондор кедей кембагал бейбечараларга чыгарылган деп толуктап койбоптур
+2
gulkar
2016-01-31 04:05:30
Куртка,пальто деп отурбай зыкып эле оздору акчасын кайтарып алышса болот да.
Адам оз укугун озу коргобосо, Путин келип коргоп береби?
Андан башка актуалдуу проблемалар толтура.
0
№ 690, 22-январь-28-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан