СЫНАКТА ЭКИ ЖЕҢҮҮЧҮ

«Супердин сулуусу-2009»

“Супердин сулуусу – 2009” сынагына кыргыздын чырайлуу 14 бийкечи катышкан. Ошолордун арасында биринчилик үчүн катаал таймаш Жамиля жана Бегайым аттуу сулуулардын ортосунда жүрдү. Албетте, сулуулардын арасынан эң көп добуш топтогондор да ушул экөө болду. Атүгүл эки сулуу “биз жүргүзгөн үгүт иштеринин алдында депутаттык шайлоо биякта эле калат” деп тамашалап жатышты. “Супер-Инфо” гезитинин редакциялык кеңеши эки сулуунун макулдугун эске алуу менен “Супердин сулуусу – 2009” наамын Бегайымга да ыйгарууну чечти. Бирок байгенин сыйлыгы бирөө гана эмеспи. Бул жерде да эки сулуу сүйлөшүп, бир чечимге келе алышты. Сөз кезегин алган Бегайым жакынкы күндөрү чет өлкөлөрдүн бирине эс алууга барарын эске алып, Жамиляга ак жол каалады.

– Бегайым, сыйлыгың кут болсун. Редакция мындай чечимге келет деп ойлодуң беле?
– Рахмат. Албетте, мындай жыйынтык болсо керек деп ойлогом. Анткени мен ички туюмума жана өз күчүмө ишенгем.
– Айтсаң, буга чейин сулуулар сынагына катышып көрдүң беле?
– Катышкан эмесмин, атүгүл оюмда да жок эле. Сулуулар сынагы эмес, тескерисинче, мектепте окуп жүргөндө деле, учурда университетте деле акыл-таймаштарына, ар кандай олимпиадаларга катышып турам. Чынын айтсам, жеңилип көргөн жан эмесмин. Бул мактангандык эмес (күлүп).
– Бул сынактан утуп чыгуу үчүн да бир топ эле чуркасаң керек...
– Сулуулар сынагына катышам деп эч качан ойлогон эмесмин. Элестетип көрүңүз, кайсы жерге барбайын, «мен сулуумун, мага добуш берип коёсузбу?!» деп суранууга туура келип жатты. Эң жакшысы, тааныбаган тууган-туушкандардын баарын издеп таап, жакындан тааныша алдым.
– “Буга чейин сулуулар сынагына катышуу түшүмө кирбеген нерсе эле. Анын үстүнө алдыда карьерама байланыштуу көп пландар бар. Бирок пландарымда шоу дүйнөсүнө орун жок” деп айттың. Ошентсе да моделдик агенттиктен билим алыптырсың...
– Тааныштарымдын көпчүлүгү эле «мүчө келбетиң боюнча модель боло аласың» деп көп айтышчу. Ошондон улам окуп көрүүнү туура көрдүм. Анын үстүнө келбетке кам көрүүнү үйрөнүү, моюнду койкойто басуу деле кыз киши үчүн ашыкча болбосо керек.
– Атаандаштарыңдын кимисине өз добушуңду берер элең?
– Жамиляга же Каныкейге болсо керек.
– Бул сынакка катышуу менен өзүңө кандай сабак алдың?
– Бир гана өзүңдүн күчүңө ишенип, дайыма алдыны көздөй умтулуу керек экенин түшүндүм.
– Жашоодогу негизги максат­тарың эмне?
– Кудай буюрса, окуу жайды артыкчылык диплому менен аяктап, тандаган кесибимдин татыктуу адиси болсом дейм.
– Келечекке жакшы максат­тарың бар экен, ылайым алар ишке ашсын. Сага ийгилик.

Шарипа Бекташова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 379, 5-11-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан