Айжан Газиева: “ЕВАНЫН ОБРАЗЫ - БУЛ МЕНИН КАЙРА ЖАРАЛУУМ”

Аптанын айымы

Ачык айрым, болгон оюн бетке айткан мүнөзү менен айырмаланган Айжан Газиева «Аптанын айымы» рубрикасынын коногу.

– Кандайсың, Айжан?
– Баары жакшы.
– Алгач сөздү бизге алып келген өзгөчө сүрөттөрүңдөн баштасак.
– Негизинен, баскан-турган сайын оригиналдуу идеяларды жаратуу тууралуу дайыма ойлой берем. Бул жолу Еванын образын жаратып сүрөткө түшүүмө менин жеке жашоом түрткү болду. Буга чейинки жашоомдогу жагымсыз нерселерди өчүргүм келди. Кыскасы, бул образ менин кайра жаралуум.
– «Кайра жаралуум» деп үшкүрүп калдың. Кел эми, мынча болду бугуңду окурмандар менен бөлү­шүп ал.
– “Сүйүү каты” аттуу жаңы ырым да бекеринен жаралган жок. Ошол ырдын аягында окулган катта ачык эле айтып жатпаймынбы, экөөбүздүн ортобуздагы мамиледе көп нерсеге акым жок деп. Мына ушул саптар айтып тургандай, чын эле мен ал адамды чын жүрөктөн сүйдүм. Бирок бул сүйүүгө акым жок болуп жан дүйнөм жанчылып, кыйналдым. Чынын айтсам, мына ушул акыбетсиз сүйүүмдү унутуш үчүн кайра жаралгым келди. Себеби андан айрылганыма көзүм жетти.
Бирок мен мындай сүрөткө түшүүнүн алдында таразалап көрдүм. Албетте, окурмандардын көбүнө мындай чечимим одоно көрүнүшү мүмкүн. Элибизде айтып коюшат эмеспи “сырты жылтырак, ичи калтырак” деп. Менин ички дүйнөм канчалык ачык болсо, мына ошону гана чагылдырган сүрөт болду деп эсептейм. Кылгылыкты кылып коюп, созулуп жүргөндөрдү көрүп эле жүрбөймүнбү.
– Сти­ль жагынан кимдер көмөк көрсө­түштү?
– Жылдыз Караева деген таланттуу стилисттин эмгеги. Баарынан да жылаңач денеге сүрөт тарттыруу кыйын экен, бир жарым саат тикемден тик турдум. Анысы аз келгенсип кытыгымдын келгенин айтпа. Айгайлап жатып Жылдызды да бир топ убара кылдым. Ал эми сүрөтчү Егор Камаровдун чекесинен тер чыкты окшойт. Айрыкча анык Еванын көз карашын бере албай бир топ кыйналдык. Ал эми дагы бир ыңгайсыздыкты скотч менен чапталган гүлдөр жаратты. Алар кыймылдасам эле түшүп кетип тажатты. Ал эми дене мүчөмдөн кам санаган жокмун.
– Дене мүчөңдүн өлчөмү канча?
– 90-63-90.
– Келбетиңди кантип бир калыпта кармайсың?
– Курсакты чоюп жакшы тамак болсо эле жей бербейм. Ошону менен бирге эле бош боло калганда ар кандай машыгууларды жасап турам.
– Маегиңе чоң рахмат, оригиналдуу ыр, клип жана образдарың менен күйөрмандарды кызыктырып жүрө бер.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Flowergirl
2010-02-08 23:22:29
Эми жакында голая болуп чыгышпаса эле болду биздин ырчы кыздарыбыз
0
maratix
2010-02-10 19:20:04
ozun golluvudda oylop jurot ko. Ata enen barb senin... Uyattan kiyin torolgonsungo deym
0
Саби
2010-02-11 14:25:30
Ушундай ырчы болумуш болгондор элди бузуп атышат
0
Krasavo
2010-02-12 16:35:59
фоткалары аябай оринигалдуу болуптур, азаматсын ;()
0
Simpotka
2010-02-12 18:25:41
Jashi chon adamdi suidum deisin,navernoe semeinuy adamdir da.... Ata-enesi ayabaay tushunobu eee,pochti golaya. Kirgizdin mentalitetine tuura kelbeit mindai!!
0
KBK
2010-02-13 15:27:53
Эгерде жогоруда айткандарын чын болсо, анда сенин руханий дуйнон абдан тар, эркин ото бош, ой жугуртуун туура эмес экен, Айжан.
Жасаган нерсенди туура деп тапсан, дагы бироо сенин конулунду оорутса кийим кийбей эле койууга даяр окшойсун !!!
Кыз канчалык озун суук коздон сактаса ошончолук нурдуу болот экен.
0
aiklaus
2010-02-17 03:37:16
uuuaauu Aishan.Bisde birinchilerden bolup ushundai surottordu sharatypsynar.Myndai surottorgo tushup atajyn albom she kartina kylyp suigon adamyna belekke berse oto originalduu belek bolot.Abdan sonun surottor.Dagy bashka idejalardy tartuulashyndy kutobus.
0
bibi
2010-02-22 05:42:33
i4ki duinom kan4alyk a4yk bolso owonu gana 4agylsyryp tuwtum de... denendi a4yp korsotkondon bawka jolu jok beken aaa...
0
Debi
2010-03-14 22:59:24
Ушинтип чыкканга баргандан кийин, уй булондун бузулганына озун эле куноолуусун да. Ушинтип чыгып эмнеге жетем дедин экен, абийирин аштай тогулуп жатканын билер бекенсин
0
bayash
2010-05-11 16:04:34
Айжан башында айтып кетипсин,"Суйуу каты"деген ырым бекерден жаралган жок деп,атандай болгон киши менен клипке тартылып,анан дагы суйом дегенин эмнеси? Ушул созду айткандан уялбадынбы?
0
№ 379, 5-11-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан