Жогорку Кеӊештин экс-депутаты Садыр Жапаров менен эл аралык издөөгө жарыяланган Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматовдун чогуу түшкөн сүрөтү редакциябызга келип түштү. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, сүрөт 2016-жылы январь айында Түркиянын Стамбул шаарында тартылган. Ал эми Садыр Жапаров менен Мелис Мырзакматовдун жанындагы адамдар түркиялык саясий чөйрөгө тиешеси бар адамдар экени айтылууда. Түрк саясатчылары менен Кыргызстандан оолактап жүргөн Жапаров менен Мырзакматов эмне максатта жолугуп, эмнелер тууралуу баарлашканы азырынча белгисиз бойдон калууда.Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg