Салмактуу кадам таштап, орду менен сүйлөгөн Гүлжигит Сатыбеков «Коштошуу», «Көз жаш» аттуу муӊдуу ырларды кабак түйүп аткарып белгилүү болгон. Айрымдар «бул ырчы жүрөк оорутуп, эзилип ырдай берет экен» деп чыгышканда «Лейлектик кызга», «Тико» өӊдүү чыгармаларды жаратып «жеӊил-желпи ырларды жараттыӊ» деген сынга да кабылды. Бирок ырчы кандай гана ыр чыгарбасын ал угармандарга жагып, чыгармачылыктагы аудиториясын таба алды.
– Гүлжигит мырза, саламатсызбы? 5 күн концерт бергени турасыз. Башка ырчылар менен атаандаштыктан улам ушунча күн концерт коюп жатасызбы?
– Мен эч убакта бирөө менен атаандашкан эмесмин. Кесиптештериме ич күйдүлүк кылып, жамандык каалоо жан дүйнөмө жат көрүнүш. Биз бала кезде Чубак Сатаев баш болгон ырчылар 10-15 күн концерт беришчү. Мен дагы ошол жөрөлгөнү улап, күйөрмандарым келип жыргап эс алып кетчү концерт берейин деп чечтим. Жөн эле 5 күн коюп койбостон, дыкат даярдык көрдүм. Концертте өзүм түзгөн жаӊы музыкалык топ коштоп, ырчылардан конок катары Гүлнара Кахарова ырдайт. Мындан тышкары концертимде «Жакшы адамдар доско бай» аттуу альбомумдун бет ачары болот.
– Ырчылар бир күндүк концертинин чыгымын эсептеп «баланча миӊ долларды чапчыды» деп калышчу. Беш күндүк ижара акыны, жарнамага кеткен чыгымдарды каржылап берген демөөрчүӊүз барбы?
– Концертимди жеке бир адам каржылаган жок. Менин демөөрчүм – эл. Калкымдан тапкан пайдамды катып албай, чыгармачылыгыма жумшайм. Концертти акча табыш үчүн койгон жокмун. Элдин жан дүйнөсүн жыргатып, руханий азык тартуулайын деген максатта берип жатам.
– Буга чейинки концерттериӊизде сизди пайдаланып кеткендер болгон экен. Акыӊызды жедирбегенге үйрөндүӊүзбү?
– Өткөн күндөрүмдүн жакшы гана көз ирмемдерин эстегим келет. Мени пайдаланып, акымды жегендер болсо, аш болсун.
– «Тойдогу «ставкамды» мындан да көтөрөм» деп айткан элеӊиз, жаӊы «ставкага» той ээлери көнүп жатышабы?
– Чакырган жакшылыкка убактым болсо барып, ырдап берем. Мынча бер деп баалашпайм, бергенин алып жатам.
– Репертуарыӊыздын басымдуу бөлүгү кайгылуу ырлар. Жан дүйнөӊүздө мындай кайрыктар жашаганынын себеби барбы? Сахнада ойлуу көрүнөсүз, сахнадан тышкаркы Гүлжигит кандай адам?
– Чыгармаларымдын өзүмө такыр байланышы жок. Аталган кайрыктар күйөрмандарымдын суранычы менен жаралат. Алар мага жоопкерчилик артып, салмактуу, турмуштан алынган, жан дүйнөнү толгото турган ырларды чыгарышымды өтүнүшөт. Сахнада ойлуу көрүнсөм керек. Досторумдун арасында шайыр, ачык адаммын.
– Сахнадагы жүрүшүӊүздөн уламбы, айрымдар сизди «бой көтөрүп, манчыркап кетти» деп айтып калышат...
– «Бой көтөрүп кеттиӊ, биз менен жолукканга убактыӊ болбой жатабы?» деп досторумдун айрымдары капа болушат. Мен аларга актанып отурбай, көздөрү менен көрсүн деп эки досумду жаныма ээрчитип алдым. Эки күн бирге жүрүшкөндөн кийин түшүнүштү. Азыр телефон чалып, акыл-кеӊештерин айтып турушат.
Артымдан түрдүү имиштер, ушактар айтылат. Мурун мындай кептерди териштирип, урушкан күндөрүм болгон. Азыр жаман сөз уксам дагы капа болбойм, мага убакыт бөлүп кеп кылып жатышкан адамдарга ыраазы болуп коём.
– Сөзүӊүзгө караганда өзүӊүздү издеп, чындыкты тапкыӊыз келгендей. Бойдок жүргөнүӊүздүн себеби ушунда эмеспи?
– Жеке жашоомду даӊазалабайм. Буюрса, бир башты эки кылчу мезгил да келет. Азыр мен чыгармачылыкка баш-отум менен киришкен убагым.
– Бала чоӊойгон сайын атасы менен олуттуу сүйлөшүүгө өтөт эмеспи. Уулуӊуз сизди апасы менен бир болууӊузду каалабайбы?
– Уулум менен телефондон сүйлөшүп турам. Айылга барган сайын жолугабыз. Жакында эле мектебине барып классташтары менен таанышып, сүрөткө түшүп, ырдап берип келдим. Канткен күндө да ал бала, мен атамын. Ата-баланын деӊгээлинде сүйлөшөбүз. Апасы экөөбүздүн эки жолго түшкөнүбүздү ал кийин түшүнүп алат.
– Бала үчүн атанын тарбиясы маанилүү да. Өзүӊүз тарбиялагыӊыз келбейби?
– Өзүмдүн жаныма алып келейин деген оюм бар. Бирок баламдын азырынча бир жактуу тарбия алышын каалайм. Чоӊоё берсе, баарын убакыт көрсөтөт.
– Бала кездеги кыялыӊызга жеттиӊизби, азыр эмнени кыялданасыз?
– Бала кезде ырчы болууну кыялданып, сабактан келгенден кийин бир бөлмөгө кирип, сумкамды аккордеон кылып асынып, китептеримди барабан кылып сызгыч менен койгулап, бөлмөнү жаӊыртып ырдачумун. «Биз» тобунун ырларын угуп, ошолордон таасирленип чоӊойсом, азыр ал ырчылар менен бир сахнада ырдап жүрөм. Бала кездеги кыялдарымдын баары орундалды. Эми кыргыз элим үчүн, маданияттын өсүп-өнүгүшү үчүн кызмат кылууну ойлоп, болгон аракетимди жумшап жатам.
Султан Төрөбеков
star@super.kg