Шуруларга жан киргизип, өз колу менен түрдүү бижутерияларды жасаган таланттуу кыздар тууралуу буга чейин жазган элек. Дал ошондой колу алтын кыздарыбыздын катарын бүгүнкү каарманыбыз Салтанат да толуктайт. Анын жасаган эмгектери бүгүнкү күндө Европада сатылууда.
Каарман тууралуу...
Тынарбек кызы Салтанат 1990-жылы 17-июнда Жети-Өгүз районунун Саруу айылында жарыкка келген. Кесиби боюнча англис тилинен котормочу. Үй-бүлөлүү, 1 уулдун энеси.
– Салтанат, өз кесибиӊ котормочу экен, кандайча кол өнөрчүлүккө ооп кеттиӊ?
– Чындыгында, айымдар үчүн асем буюмдарын жасап, алардын дизайнын ойлоп табам деп такыр ойлонгон эмес элем. Апам бош убактысында шырдак, пардаларды тигип калат. Менимче, мендеги шык апамдан өтсө керек. Бижутерия жасоону мындан 1 жыл мурун эле баштагам. Окуумду аяктаарым менен турмушка чыгып, үйдөн англисче тексттерди которуп иштеп жүрдүм. Кийин балалуу болдум. Ошол кезде өзүмдү өзүм издеп баштадым окшойт, бир нерсе менен алектенгим келди. Анан бир күнү сыналгыдан голливуд актрисасынын моюнундагы тагынчакты көрүп аябай жактырып калдым. Интернеттен издесем, ал колго жасалган буюм экен. Ошол тагынчак мага эргүү тартуулады. Базардан керектүү нерселерди сатып келип, алгачкы эмгегимди жасай баштадым. Эсимде, аны 3 күндө араӊ бүтүргөм. – Анан качан бул хоббиӊ бизнеске айланды?
– Башында жасаган буюмдарымды курбуларыма, туугандарыма белек катары берчүмүн. Бир жолу кайнежеме браслет жасап берсем, ырымдап акча берген эле. Ошондон тарта бизнесим башталды окшойт. Кардарларымдын көпчүлүгү интернет колдонуучулары. Эмгектеримди социалдык тармактардан көрүп буюртма беришет.
– Кандайча сен жасаган бижутериялар Европада сатыкка чыгып калды?
– Европада кол өнөрчү, дизайнерлердин белгилүү сайты бар экен. Ал жерде дүйнө жүзүнүн ар тарабындагы дизайнерлердин кийимдери, зергерлердин зер буюмдары, кыскасы, мага окшогон кол өнөрчүлөрдүн эмгектери сатылат. Аталган сайттын өкүлдөрү менин эмгектеримди көрүп, чогуу иштешүүнү сунушташты. Учурда эмгектерим ошол сайтта сатыкта турат. Кыргызстанда деле кардарларым көп. Асел Турдалиевадай ырчы эжекелерибиз, журналисттер кардарларымдын катарын толукташат.
– Асем буюмдардын дизайнын каяктан аласыӊ же баарын өзүӊ ойлоп табасыӊбы?
– Айрым бөлүгүн интернеттен алсам, калганын өзүм ойлоп табам. Кардарларым кээде өзүлөрү каалаган бижутериясынын сүрөтүн тартып келишет, анан аларга айтам «дал ушундай кылып жасай албайм, өзүмдүн оюмдан бир нерсе кошом» деп (күлүп). Фантазиям иштеп кетет да. Бирок бир дагы кардарым сатып алган буюмуна нааразы боло элек. Бул деле ыр жазгандай чыгармачылык да, эргүү келип турса сонун дизайндарды ойлоп таап коём, кээде «кризиске» учурайм дегендей.
– Керектүү материалды Бишкектен эле аласыӊбы?
– Бизде мончоктор, түрдүү таштар Кытайдан алынып келет, ошого сапаты начар. Мен Кыргызстандан жиптерди алам, ал эми таш, мончок, чынжырларды Казакстандан алдырам. Мага жасап жаткан буюмдун сапаттуу болушу өтө маанилүү.
– «Өз кесибиӊ менен иште» дегендер болдубу?
– Жаӊы жумушумду кайын журтум, жолдошум баары колдошот. Мурун жолдошумдан майда-барат керектөөлөрүмө акча сурасам, азыр тапкан кирешем аларга да жетет. Апам да кээде «5 жыл бекер окудуӊбу, котормочу болуп иштесеӊ болмок» дечү. Азыр антпей калды. Чындыгында, текст которуп жатканда кыйналып кетем, ал эми бижутерия жасоодон ырахат алам.
– Кирешеӊ жакшы эле болуп калган окшойт, кардарларыӊ көбөйүп...
– Ооба, учурда кардарларым көбөйүп, буюртмаларды даярдап бергенге жетишпей жатам. Мындан улам эки-үч кызга өнөрүмдү үйрөтө баштадым. Буюрса, жакшы эмгектерди жаратабыз деген ойдомун.
– Ишиӊе ийгилик.
Нуркыз Курманбек кызы
kenesh@super.kg