Шоу чөйрөдө «рэп ырчысы Баястан менен Аяна Касымова кыз-жигит экен» деген кеп айтылып келет. Көп өтпөй эле Баястан Аяна экөөнүн жанаша түшкөн сүрөтүн интернет баракчасына жүктөп, маалыматты тактап койду окшойт. Бул жаӊылык тууралуу Баястанга байланышканыбызда, ал: «Азырынча бул тууралуу эч нерсе айтпай, сыр кылып турайын. Убагы келгенде жакшы жаӊылыгымды сөзсүз сиздер менен бөлүшөм»,- деп жооп берди. Эки таланттуу жаштарыбыз бири-бирине куп жарашкан түгөйлөрдөн болчудай.