«Шантелл» тобунун жалгыз сулуусу, кийин жеке ырчы катары таанылып, эл аралык сынактарда бир топ жеӊиштерге ээ болгон ырчы Гүлзинат Суранчиева «бүгүнкү күнгө чейин жетишкен ийгиликтерим менен өмүр бою сыймыктанып жашасам болот» дейт.
– Кандайсыз, Гүлзинат? Акыркы кезде сизди экран бетинен көп көрбөй калдык...
– Кандайсыӊар? Чыгармачылыкта тынымсыз эле иштеп жатам. Былтыр жеке концертимди бердим, 2 клип тарттырып, 5тей ыр жаздырдым. Мамлекеттик, майрамдык иш-чаралардын бирин калтырбай катыштым. Экран бетинен көп көрүнбөй калганымдын себеби – мурункудай ким чакырса бара бермей адатым калды. Мурун чакырган жерден калчу эмесмин, балким, ал убакта пиарга муктаж болсом керек. Азыр дүйнөгө болгон көз карашым өзгөрүп, тандаганды үйрөндүм. Учурда өзүмө жаккан, көӊүлүмө төп келген берүүлөргө гана барам.
– Бир жылдары сынактарга байма-бай катышып чет өлкөгө көп чыкчу элеӊиз, азыр ал каалоолор сууп баратабы?
– Негизи, көпчүлүк сынактарда катышуучунун жаш курагы чектелүү болот. Сынак өзүн көрсөткүсү келген жаш, таланттуу аткаруучулар үчүн. Биздин өлкөдө популярдуу
болгон «Жаӊы толкун» сынагында эӊ улуу катышуучу 25-26 жаштарда болушу керек. Сынактарга катышуу жагынан арманым жок. Көптөгөн сынактарга катышып ийгилик жаратып, өлкөмдүн байрагын желбиреттим. Эл аралык сынактардын 7 жолку лауреатымын, катышкан сынактарымдын баарында байгелүү орундарга илингем. Андыктан мындай жетишкендик менен өмүр бою сыймыктанып жашасам болот. Азыр сынакка катышсам жарашпай калат деп ойлойм, эгер барсам, ысымы таанылып калган ырчылардын сынагына бармакмын. Акыркы жолу 2011-жылы Астанада өткөн «Шабыт» эл аралык сынагына катышып 2-орунду алып келгем, ошондо эӊ улуу катышуучу мен болчумун.
– Көпчүлүк музыкалык билими бар ырчылар өздөрүн профессионал деп эсептешет. Сиздин оюӊуз кандай?
– Ар бир өлкөнүн өзүнүн элдик жана профессионал ырчылары болот. Эки жаатка бөлүнгөн аткаруучуларды музыканы жакшы түшүнгөн адамдар эле айырмалап билишпесе, карапайым эл аралаштырып уга берет. Кээде радиодон элдик ырларды берип калса, аягына чейин уга албай которуп салам. Бирок аны эл сүйүп, кошулуп ырдап жүрсө эмне демек элек?
Өзүмдү профессионал ырчылардын катарына кошом, анткени музыкалык билимим бар. Учурда Кыргыз улуттук консерваториясында вокал, фортепиано боюнча сабак
берем. Ал жакта 15 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келем.
– Профессионал ырчылар «сапаттуу музыкага ыктайбыз» деп элдин табитин таба албай жаткан жокпу? Мисалы, азыр көпчүлүк хит ырларды элдик ырчылар аткарып, ошон үчүн эл сүймөнчүгүнө арзып жаткандыр?
– Ар бир аткаруучунун жөнөкөй да, хит да чыгармалары болот. Анан ар бир угуучу өз интеллектине жараша музыка тандайт. Эгер сапатсыз ырдаган ырчылар бааланып жатса, демек, деӊгээл ошондой. Биз болгону ошол деӊгээлди өстүргөнгө жардам беришибиз керек. Эгер бизде профессионал ырчылар жок болсо, бул кыргыз искусствосунун чоӊ кемчилиги болмок.
– Кеп нугун жеке жашооӊузга бурсак. Кызыӊыз чоӊоюп калыптыр. Кимдин жолун жолдочудай?
– Кызыбыз Рузана 12 жашта, 6-класста окуйт. Музыкага шыктуу болгонунан бир нерсе чыгат окшойт деп кичинесинен эле Улуттук консерваториянын скрипка классына берип койгом. Бирок 4-классында «музыкант болбойм» деп окуусун таштап койду. Азыркы балдар заманбап, мобилдүү, өз оюн ачык айта билишет эмеспи. Кызым музыкант болбойм дегенде аябай ичим ачышкан. Учурда баскетбол менен машыгат.
– Көп жылдан бери кызыӊызга иничек төрөп берем деп жүргөнүӊүздү билебиз. Максатты ишке ашырууга шарт болбой жатабы же башка себеппи?
– Бул менин жана үй-бүлөмдүн эӊ талуу маселеси. Элдер деле «качан төрөйсүӊ?» деп сурап жатып чарчады окшойт. 2 жыл мурун боюмда болгон эле, бул жаӊылыгымды баарынан жашырып, тойлорго да барбай, эки жакка көп чыкпай, өзүмчө үй-бүлөлүк сыр болсун деп сактап жүргөм. Тилекке каршы, 4 айлык болуп калганда боюмдан түшүп калды. Кейиткени – балдарыбыз эгиз эркектер экен. Аны билгенде ого бетер жаман болдум. Эгиз балдарыбыздан айрылганыбызды эч ким билбесин дегем, бирок эл көзүндөгү адам болгондон кийин билинип калат турбайбы. Эми 40 жашка чыккычакты балалуу болсом деп тиленип жатам.
– Эл көзүндөгү айым эмессизби, үй-бүлөлүү экениӊизди билип деле сүйүүсүн билдирген эркектер болсо керек, мындайга жолдошуӊуз кандай карайт?
– Андай эркектер көп эле. Бирок аша чаап кеткенин жолуктура элекмин. Жолдошум милиция кызматкери болгондуктан, жөнү жок эмоциясын сыртка чыгара бербейт. Ал менден шектениш үчүн далил, факт, кылмыш ишинин үстүнөн чыгышы керек, болбосо оӊою менен ишенбейт (күлүп).
– Жолдошуӊуздун туруктуулугунан шек санабаш үчүн сиз да далил, факт, кылмыш ишинин үстүнөн чыгышыӊыз керекпи?
– Жаш убакта, сүйүү ысык болуп турган кезде өлгүчө сүйүп өтөм деп айта берет экенсиӊ. Турмушта баары башкача тура. Түрдүү окуяларды угасыӊ, көрөсүӊ, ошон үчүн жөн эле күйөөӊдүн сөзүнө ишенип коюу туура эмес деп ойлойм. Аял коломтосун сактайм десе, үй-бүлөсүнүн тазалыгын ойлосо дайыма кыраакы, сергек болуп жүрүшү керек. Жашоодо кызганыч, таарыныч болот. Жашырганда эмне, жолдошум келишимдүү, сылык, жумшак, айымдарга сый мамиле жасаган мырза. Күйөөм башка аялдарга «жентльмендик» сапаттарын көрсөтүп, күлүп тамашалашып калганда ичимден кызганам. Ошол жакшы сапаттарын мага гана көрсөтсө деп өзүмчүл да болуп кетем.
– Маегиӊизге чоӊ рахмат! Үй-бүлөӊүздө дайыма ишеним оту өчпөсүн!
Лунара Бекиева
star@super.kg