Кесиби – актриса, режиссёр
Жашы – 39 жашта
Чогуу жашагандарына – 20 жыл болду
«АЗИЗДЕН БИР ЖАШ УЛУУМУН»
-Азиз экөөбүз театралдык училищеде бир группада окуганбыз. Группалаш катары сүйлөшүп жүрүп эле жылдызыбыз келишип, кыз-жигит болуп кеттик. Өзү да аябай романтик болчу, күнүгө үйгө узатып барып, ар кандай белек, таттууларды берип жүрүп эле сүйдүрүп алды окшойт. Экөөбүз бир жыл сүйлөшүп, 1996-жылы баш коштук. Ал менден бир жаш кичүү болгондуктан, «жаш баланын башын айландырып тийип алды» дегендер чыкты. Экөөбүз үйлөнгөндөн кийин жолдошум Москвага Щепкин атындагы театралдык окуу жайга тапшырып кетти. Артынан мени жиберебиз деп жатканда кайнатам кайтыш болуп, кайненемдин жанында 4 жыл жүрдүм. Өзүм башка үйгө көнө элекмин, анан таштап кетсе сагынам, сарсанаа болом. Жаш болгом да, кээде жаздыкты кучактап алып түнү менен ыйлап чыкчумун. Азыр ойлосом кайран гана көз жаш деп өзүмө жиним келет.
Улуу балабыз Шаа 19 жашта, учурда Медициналык академияда окуп жатат. Экинчибиз Саадини 10 жылдан кийин төрөгөм, 2-класс болуп калды. Өзүм учурда кыргыз драма театрында режиссёрдун жардамчысы болуп иштейм. Акыркы күндөрү Азиз «кыз төрөп бер» деп көп айтчу болду. Балким, Кудай 40 жашымда кыз берип калар деп жүрөм.
«ЖУМУШКА ТАМАГЫН БАШТЫГЫМА САЛЫП КЕЛЕМ»
-Азиз үйдө жалгыз бала болгондуктан аябай эрке өскөн. Тамакты да тандап жейт. Тамак даамдуу эле болбостон, кооз да болушу керек. Жумушка түшкү тамагын баштыгыма салып келем. Баарыбыздын караганыбыз эле Азиз. Өзү ак көӊүл, жумшак адам. Мага да, балдарына да такыр катуу айтып кыйкырбайт. Ошондуктан балдары ага жакын. Балдары «атабыз ким болбосун, кандай болбосун, канчалык туура эмес иш кылбасын, дүйнөдөгү эӊ жакшы ата биздики» дешет. Учурда кайненем менен чогуу турабыз. Кээде Азиз чектен чыгып баратса, кайненем экөөбүз ордуна коюп коёбуз. Жолдошум белгилүү актёр болгону менен, байып кеткен деле жокпуз.
«БАШКАНЫ СҮЙСӨ КЕТЕР, БАЙЛАП КОЙМОК БЕЛЕМ»
-Чынын айтсам, атактуунун аялы болуштун ырахатынан да азабы көп. Азиз жумуш менен болуп үй-бүлөсүнө көӊүл бурганга убактысы жок. Жадакалса майрамдарда чогуу болбой калабыз. 20 жылда биринчи жолу быйыл жаӊы жылды биз менен тосту. Кээде чогуу конокко баратсак, элдер колдору менен көрсөтүп ыӊгайсыз абалда калтырышат.
Жаш кезде деле, азыр деле күйөрман кыздар, жадакалса аялдар жанын койбой телефон чалышат. Мурун кызганчумун, азыр өтө деле кызганбайм. Башканы сүйүп калса кетип калар, аны байлап коё албайм да. Бирок дайыма айтам, «бирөөнү сүйүп калсаӊ, алгач мага айт. Өз оозуӊдан угайын, бирөөдөн угузуп уят кылба» дейм. Өткөндө бир таанышыбыз «звездага» турмушка чыгып болбойсуӊ» дейт. Мен турмушка чыкканымда Азиз жөнөкөй эле студент болчу. Жолдошумду менчелик эч ким түшүнүп, колдой албайт. Ал жаш кызды сүйүп кеткен чакта деле жаш кыз муну карамак турсун өзүн каратат. А Азиз андай кыла албайт. Азыр жаш кездегидей нерв коротпойм, анткени мага ден соолук керек деп калат турбайбызбы. Кээде тажап кеткенде өзүнө айтып бугумду чыгарып алам. Таарынганда 2 күнгө чейин сүйлөбөй коём. Анда жолдошум келип кечирим сурап, белек берип калат. «Өзүӊ күнөөлүү болсоӊ да кечирим суратып жаман көндүӊ» дей берет. Жашоо ушунусу менен кызык турбайбы.
Замира Рахманбердиева
star@super.kg