Таӊкы тамак – бир күндүк энергия. Иш күнүӊүздүн оор же жеӊил болуусу, жумушту бат жана сапаттуу кылууӊуз эртеӊ мененки тамактан көз каранды. Андыктан эртеӊ мененки тамакты саат 9-10го чейин ичкениӊиз жакшы.
ЭРТЕҢ МЕНЕНКИ ТАМАКТЫН ПАЙДАСЫМаанайды көтөрөт, эс-тутумду жакшыртат. Эртеӊ мененки дасторкондо тынч абалда отуруп тамактануу – оюӊузду топтоп, ошол күнү кыла турчу иштерге шыктандырат. Ошондой эле маалыматты топтоого жана аны эстеп калууга жардам берет.
Ашыкча салмактан сактайт. Эртеӊ менен организм ойгоно элек болот жана тамак сиӊирүү жай иштейт. Бул процессти тездетүү үчүн тамактануу керек. Тамактанбаган адам түштөнүү учурунда өлчөмүнөн көп жеп, ашыкча калория топтойт.
Жүрөк-кан тамырларынын иштешин жакшыртып, стресстен сактайт. Дарыгерлер эртеӊ мененки тамак кандагы холестеринди түшүрөрүн, жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын аларын далилдешкен.
Иммунитетти көтөрөт. Иммунитет бекем болуусу үчүн ичегинин микрофлорасы маанилүү, андыктан таӊкы тамакта курамында жетишерлик өлчөмдөгү клетчатка, иммунитетти көтөрүүчү бактериялар болушу шарт.
Сулуулук менен жаштыкты сактайт. Амин кычкылдары, витамин, минерал, клетчатка, антиоксиданттан турган таӊкы тамак организмди жетишпеген заттар менен толуктайт. Алар терини жашартып, бырыштын эрте түшүүсүнүн алдын алат.
ЭРТЕҢ МЕНЕН КАЙСЫ АЗЫКТАРДЫ ЖЕГЕН ПАЙДАЛУУ?
Сүт азыктары, ботколор. Курамында кальций, В витаминдеринин тобу, пайдалуу лактобактерия бар. Мунун баары тамак сиӊирүүнү жакшыртып, иммундук системди бекемдейт.
Тоок эти, балык. Сууга бышкан тоок эти, балык көп өлчөмдөгү углеводду камтыйт.
Кара нан. Курамында көптөгөн углеводдор, клетчатка жана элементтер бар.
Бал. Балдын курамындагы ацетилхолин стресстен арылууга жардам берет.
Жумуртка. Организмди жетиштүү өлчөмдө белок менен камсыздайт. Сулу боткосу менен мыкты айкалышат, углеводдун булагы. ЖУМУРТКА КУЙМАГЫ
Керектелүүчү азыктар:
Жумуртка – 4 даана
Помидор – 1 даана
Пияз – 1 баш
Өсүмдүк майы – 3 аш кашык
Даярдоо ыкмасы:
1. Алгач помидор менен пиязды тегерек же жарым шакекче түрүндө туурап алабыз.
2. Эми жумуртканы идишке чагып, татымына жараша туз, кара мурч кошуп жакшылап чалабыз.
3. Табада кызып турган майга тууралган жашылчаларды салып, үстүнө жумуртканы куябыз. Райкандын жалбырактарынан себелеп, табанын капкагын жаап 5 мүнөт демдейбиз. Куймагыбыз даяр.
Бул куймакка табитиӊизге жараша болгар калемпирин, брокколи, гүлдүү капуста же колбаса, сыр кошуп жасасаӊыз да болот.
СЫР СЕБЕТИ
Керектелүүчү азыктар:
Сыр – 200 грамм
Жумуртка – 3 даана
Консерваланган буурчак – 4 аш кашык
Кооздоо үчүн көк чөптөр
Даярдоо ыкмасы:
1. Жумуртканы чагып, жакшылап чалып, майда тиштүү сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды жана буурчакты кошобуз.
2. Даяр болгон аралашманы кекс бышыруучу атайын табага куюп, 200 градуста ысып турган электр мешине 10-15 мүнөткө салабыз. Сыр себети даяр. Көк чөптөр менен кооздоп дасторконго коё берсек болот.
ФАРШТАЛГАН АЛМА
Керектелүүчү азыктар:
Алма – 4 даана
Тоок эти – 150 грамм
Пияз – 1 баш
Сарымсак – 1 тишче
Грек жаӊгагы – 2 аш кашык
Мейиз – 1 аш кашык
Өсүмдүк майы – 2 аш кашык
Татымына жараша туз, кара мурч
Даярдоо ыкмасы:
1. Тоок этин, пияз, сарымсакты майда туурап, татымына жараша туз, кара мурч кошуп өсүмдүк майына 1-2 мүнөттөй кууруп алабыз.
2. Андан соӊ алманын үстү жагын капкак сыяктуу кылып кесип, бычак же кашыктын жардамы менен ортосун оюп чыгабыз. Муну ыргытпаӊыз. Данектерин тазалап майда туурап, тоок этине кошуп койсоӊуз болот.
3. Майдаланган грек жаӊгагын жана мейизди туурамжыга аралаштырабыз. Эми алмаларды бул туурамжы менен толтуруп, табага салабыз. Табага 1 стакан жылуу суу куюп, 200 градус температурада ысып турган электр мешине 30-35 мүнөт бышырып алабыз. Көк чөп, анардын ашы менен кооздоп коёбуз. Бул даамды жасоо үчүн болгар калемпирин, баклажан, помидорду колдонсоӊуз да болот.
Эскертүү!
Ачкарын ачуу, туздалган, таттуу кондитердик азыктарды, цитрус жемиштерин, банан, чийки жашылчаларды, малдын этин жегенге жана спирт ичимдиктерин, муздак, газдалган суусундуктарды, кофе ичүүгө болбойт.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg