Айбек Жунусов боор циррозунан жабыркайт. «Байларга салыштырмалуу акыркы 100 сомунун 50 сомун берген карапайым адамдарды көрдүм»,- деген Келдибек Жунусов иниси Айбек тууралуу буларга токтолду:
– Иним Айбек 36 гана жашта. Ал аскердик кызматын өтөп келип, ушул эле тармакта эмгектенген. Күрөш боюнча спорт чеберчилигине талапкер, ден соолугу абдан чыӊ болчу. Улуттук хирургия борбору анын боору B, D гепатити менен жабыркаганын айтып, тез аранын ичинде боорду алмаштыруу керек дешти. Чыгарылган диагнозду өнүккөн өлкөлөрдүн баарына жиберип жаттык. Акыры Индиядан боор алмаштыруу 100 пайыз мүмкүн экени жазылган жооп келди. Муну угуп өчүп бараткан үмүтүбүз жана түштү. Индиянын Ноида шаарындагы Фортис ооруканасында жасалчу операциянын суммасы 40 миӊ доллар дешти. Айбекти тааныбаган эле карапайым адамдар ооруканада жаткан жерине чейин издеп барып, колунан келген тыйынын берип жаткандарын көрүп, элибизге ишенип калдым. Иним айыгып кетсе элине кашык канын аябай кызмат кыла турган жигит. Тиземди бүгүп кыргыз элинен жардам сурайм.
Акча каражатын которуу үчүн реквизиттер:
Алуучу: Жунусов Келдибек Замирбекович
Алуучунун банкы: ЖАК «Демир Кыргыз интернэшнл банк»
BIC 118005, SWIFT DEMIRKG 22, кардардын номери 206762;
Эсеп номери: 1180000070512237 KGZ
1180000070512238 USD
1180000070512239 EUR
1180000070512240 RUB
1180000070512241 KZT
ЭЛСОМ мобилдик капчыктын номери: 0771 319 885
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg