Силер билесиңерби?
Ар бир эркек мүмкүнчүлүгү болсо, гарем уюштурууну кыялданат имиш. Анда эмесе, эркектердин кыялы болгон гарем тууралуу кызыктуу маалыматтар.
КАЙДАН КЕЛИП ЧЫККАН?
Гарем араб тилинен которгондо, “тыюу салынган” деген маанини берет. Бул 700-1000ден ашык аял бир гана адамдын менчиги дегенди түшүндүрөт. Гарем уюштуруу кезинде Египет, Түркия, Арабияда өзгөчө өнүккөн. Эң чоң гаремдин ээлери таажылуу падыша, султандар болгон. Көп сандагы аялдардын арасынан төрт гана айым расмий түрдө аялы болуп, алардан төрөлгөн балдар мураскер болгонго укугу бар эле. Калган аялдардын тагдыры өздөрүнүн эпчилдигинен көз каранды болчу.
Эгерде кылыгы, өң-келбети падышага жагып калса “одалик” деп аталып, алар башка күңдөргө караганда көбүрөөк укукка ээ болушчу. Ал эми төшөктө падышанын купулуна толгон аялдарды “икбал” деп аташкан. Булар падышадан зер буюмдарды белекке алгандан тышкары, ай сайын акча да алып турушкан. Айрымдардын жеке күңдөрү да болгон. Ал эми көпчүлүктөн өзүнүн өзгөчөлүгүн көрсөтө албаган аялдар өмүр бою ак сарайда аялдык бакыттан да, энелик бакыттан да кур жалак калышчу.
ЕВНУХ – БЫЧЫЛГАН ЭРКЕК
Аялдар башка эркектер менен көңүл ачпашы үчүн гаремге эркектердин баруусуна тыюу салынган. Атүгүл ак сарайдагы дөбөт иттерди да бычып салышкан. Сарайдагы аялдар эркектерден евнухтарды гана көрүшчү.
Евнух бул – бычылган эркек. Адатта алар кара терилүү өспүрүмдөрдү бычышчу. Анткени ак терилүүлөргө караганда кара терилүүлөр чыдамкай келишип, жашап кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Евнухтарды бычуу эки түргө бөлүнгөн. Айрымдарынын жыныс мүчөсүн эле кесип салса, айрымдарынын жумурткаларын дагы кесип салышчу. Эркектик касиетинен айрылган евнухтар гаремдеги аялдарды көзөмөлдөө менен өмүрүн өткөрүшөр эле. Күң саткан базардан падышага сулуу кыздарды тандап алып келүү да башкы евнухтун милдетине кирген. Кызматы сиңген евнухтарга жакшы акча төлөнгөн. Алар карып, таптакыр иш кыла албай калганда, султан тарабынан пенсия чектелген.
ГАРЕМДЕГИ АЯЛДАРДЫН ЖАШОО ОБРАЗЫ
Гаремдеги аялдар башкы күңдүн башкаруусунда болгон. Күнү кечке алар бийлөөнү, ырдоону, музыкалык аспапта ойноону үйрөнүшкөн. Бирок башкы сабак, аларды төшөк мамилесине үйрөтүү болчу. Падышанын кумарын кандыруу үчүн эротикалык ыкмаларды, делебени козгоону, төшөктө кантип жагымдуу болууну үйрөтүшкөн.
Ошентип, жаш күң тажрыйбалуу аялга айланган соң гана падышанын төшөгүнө салып беришчү. Кожоюнунун көзүнө түшүү үчүн алар болгон күчүн жумшашкан. Гаремдеги аялдар эркекти дээрлик көрбөгөндүктөн, бирин-бири эркелетип, кумар кандырууга чейин барышкан. Гаремде лесбияндардын көбөйүп кетишинен кооптонгон падышалар алардын кумарын кандыруу үчүн ыкма ойлоп табышкан. Мисалы, жыныс мүчөсүнүн көчүрмөсүн сөөктөн жасатып, аны күңдөргө таратышчу. Көпчүлүк аялдар падышанын жасалма жыныс мүчөсүнө алымсынып жашашчу.
БИЗГЕ ГАРЕМДИН КЕРЕГИ ЖОК
Азыркы учурда гарем уюштуруп кереги жок. Анткени каалооңуз күчтүү болсо, күйөөңүзгө бир аял эмес, беш-алты аялдын ролун ойноо менен каалоосун канаатандырууга болот. Бул үчүн гаремдеги аялдардын айла-амалдарын билүү жетиштүү.
УЧУРДАГЫ ГАРЕМДЕР
Азыркы учурда Алжирде, Зимбабведе, Иорданияда, Иракта, Иранда, Йеменде, Мавританияда, Мароккодо, Пакистанда жана башка шаарларда шейхтердин, султандардын гаремдери бар. Азыркы гаремге медициналык кароодон өткөн, жугуштуу оорусу жок, сулуу бийкечтерди алышат.
Дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири, Бруней өлкөсүнүн султаны Хасан Болхияханын гареминде 700 аялзаты болуп, алардын бири Шеннон Маккетик аттуу бийкеч 1992-жылы «АКШнын сулуусу» деген сыйлыкты алган. 2000-жылы Сирия мамлекетинин башчысы Хафез аль-Асад каза болуп, артында калган 40тан ашуун аялды Сириядан чыгарып жиберишкен. Ал аялдардын берген интервьюсунда кожоюнунан калган баалуу белектерин да алдырбай, гаремден кууп салганын айтышкан.
КЫСКАЧА
ООРУНУ АЙЫКТЫРУУЧУ ЫКМАЛАР
(Кытайдын секс сырларынан)
Байыркы кытайлыктар «секс рахат гана тартуулабастан, адамды оорулардан айыктырат» деп билишкен. Төмөндө алардын бир нечеси.
1-ыкма. Бул ыкма «уруктун сапаты оңолсун» деген эркектер ошондой эле «этек кирим көп эмес, калыптагыдай келсе» деген аялдар үчүн арналат.
Аял жана эркек экөө тең капталдарынан жатат. Эркек нефрит тамырын алтын өрөөнгө (аялдын “алигиси”) киргизип, 9 ирет ыйкайт. Анан саамга токтоп, дагы 9 ирет ыйкайт. Ошону менен кошулуу токтолот. Бул ыкма бир күндө 2 жолу колдонулат. Дарылануу курсу 15 күн.
2-ыкма. Бул ыкма эркектердин дем алуусун калыптандырып (туура эмес дем алуу ооруга алып келет), аялдардын жыныстык жактан сезгенүүлөрүн кетирет. Аял жаздыкты бийик жазданып, чалкасынан жатат. Эркек тизелеп отуруп, нефрит тамырын алтын өрөөнгө киргизип 9 ирет ыйкап, анан саамга токтойт. Бул кыймыл 3 ирет кайталанат.
Ыкма 1күндө 3 ирет колдонулат. Дарылануу курсу 20 күн.
3-ыкма. Бул ыкмада аялдардын дем алуусу калыптанып, жыныстык органдардагы сезгенүүлөр кетет. Аял капталынан жатып, буттарын бүгөт. Эркек отуруп ишке киришет. Тактап айтканда, 9 ирет ыйкап, саамга токтойт. Бул кыймылды 4 жолу кайталоо керек. Ыкманы 1 күндө 4 жолу колдонуу шарт.
4-ыкма. Бул сөөктөрдү бекемдөөчү ыкма. Аял капталынан жатып, сол бутун бүгүп, оң бутун сунат. Эркек 9 ирет ыйкап, анан саамга токтоону 5 ирет кайталайт. Ыкма 1 күндө 5 ирет колдонулат. Дарылануу курсу 10 күн.
Алигидот
«СӨӨМӨЙГӨ ИШЕНИЧ ЖОК ТУРА»
Бир кемпир кайсы жери ооруганын билбей эле доктурга бара берет. Доктурлар текшерип көрүп “таза эле экенсиз” десе да ишенбей, кайра-кайра бара берип тажатып жиберет. Жадаган дарыгер бир күнү:
– Сиздин боюңузда бар турбайбы?!- десе, чочуп кеткен кемпир:
– Кой, айланайын, чалымдын өлгөнүнө жыйырма жыл болсо, кайдагы баланы айтасың?
– Ой, апа, аппарат көрсөтүп жатпайбы?!
– Ой, ботом, сөөмөйгө деле ишенич жок тура!- деп башын чайкап чыгып кетиптир.
Астра Айдарова
erotika@super.kg