АЙБЕК АСАНАЛИЕВден ТАМАША

«Тамашоунун» таланттары

Бүгүн сиздер менен КРнын Коргоо министрлигинин Аскер институтунун курсанты, атасы менен апасынын сүйгөн баласы, 4-курстун сержанты жана жөн гана 2-рота командасынын капитаны Айбек.

Жашы – 2012-жылы 23кө чыкмак, бирок Ванганын айтканы чын болсо чыкпай да калышы мүмкүн.
Бою – Достору 190 сантиметр дешет, бирок, буга өзү деле ишенбейт.
Салмагы – Боюнан кыска.
Лакап аты – Ызы-чуу.
Дежур сөзү – Чегишпейлиби?
Үй-бүлөдө – Тилди уккан, жоош, жакшынакай, тентек.
Жактырган машинасы - Чүй проспектисинде жүргөн ак, кээде сары №38 лимузин.
Жактырган тамагы – Гөшлямфу.
Девизи – Кыргызстан үчүн бар күчүн, жада калса жок күчүн дагы аябоо.
Кумири – Мерген мостик Турган.
Максаты – Америкага эптеп барып, кайра келбей калуу.


Чөнтөкчүдөн жаңы акция: Эгер сиз 5 уюлдук телефон уурдатсаңыз, анда бирөө сизге белекке.

Дүйнө рекордчусу Усейн Болт Кыргызстанга тушоо тойго келип, чуркап, токтоно албай кошуна өлкөгө кирип кетти.

Эки достун маегинен:
– Досум, ууру тишиң бар турбайбы, ээ?
– Ооба, 2 жыл отуруп чыккан.

Дагестандагы балдар бакчасы. Тарбиячы тарбиялануучусуна:
– Ахмед, дагы сакалыңды албай келдиңби?..

Базарбек Абдураимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Tokmok
2010-02-09 05:03:02
Девизи – Кыргызстан үчүн бар күчүн, жада калса жок күчүн дагы аябоо.
Максаты – Америкага эптеп барып, кайра келбей калуу.
Munu kandai tushunso bolot?Kg da eptep ele jurso kerek,chynygy patriot emes.....
+1
Rodrigez
2010-02-10 13:09:07
америкага барып келбейм десе ...анда начар экенсин ...Биз БВВУ да окуп жургондо андай ойлор жок болчу
+1
maratix
2010-02-10 19:14:00
Paradoks
Amerikaga barip kelbey koyup kgga kantip kuch jumshayt eken baykush... Uyalbay aytkann kara dagi asker bolosun go sen... Jok degende askerler minday suylobosh kerek
+1
Rim
2010-02-16 21:42:57
чыныгы кыргыздын патриотуна жатпайт мындай создорун
+1
Арык киши
2010-04-11 18:09:23
Cаяктар алдыга гана умтулгула силер мыктысынар Саяктар алга!!!!
-1
№ 379, 5-11-январь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан