Жергиликтүү кабарлардан
Футбол
ГАНАЛЫК КАЧКЫНДАР КАНДАЙ ЖАЗА АЛЫШАТ?
Жаңырган жылдын алгачкы күндөрүндө “Дордойдун” ганалык легионерлери Тетте менен Тэго Тажикстанга жылт коюшуп, сенсация жаратышкан эле. Жыйынтыгында “2 кара терилүүнүн иши” Москвада КМШнын кубогунун жүрүшүндө чечилди. Кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрүнүн негизинде мыйзам боюнча 2 легионердин “Дордой” менен чындыгында эле 2012-жылга чейин келишими бар экендиги далилденген. Биз өз кезегибизде “Дордойдун” жетекчилиги менен байланышып, "качкындарга кандай жаза көрүлөт?" деп кызыктык. Бул боюнча команданын генералдык директору Борис Подкорытов: “Тетте менен Тэгону кантип жазалоо бул команданын ички иши. Ал ачык жарыяланбайт. Келишимдин негизинде мыйзамда каралган жазаларын алышат”,- деп билдирди. Кошумчалай кетсек, “Дордой” 1 упайга ээ болуп, өз группасынан чыга алган жок. КМШнын кубогуна орусиялык "Рубин" ээ болду.
“Дордойдун” башкы командасынан айырмаланып, 1994-жылкы өспүрүмдөр командасы Сатпаевде (Жезказган) өткөн “Казахмыс” футбол Академиясынын Кышкы эс алуу мелдешинен чемпиондук наам менен кайтып келишти. Жаш футболчуларыбыз машыктыруучу Рашид Мифтаховдун жетекчилиги астында “Локомотив” (Астана), Сатпаев, “Болат” (Темиртау), “Абдыш-Ата” (Кант) жана “Уштаз” (Кытай) командаларын артта калтырышкан.
Футбол
МАКСАТ – АЗИЯ КУБОГУНА ЖОЛДОМО АЛУУ1-февралдан баштап улуттук курама командабыз үчүн жаңы сезон башталды. Башкы командабыз АФКнын Чакырык кубогунун финалдык баскычына даярдануу үчүн Кантка машыгуу сборуна чогулган. "Дордой" менен "Абдыш-Атанын" оюнчуларынан куралган командабыз 7-февралдан машыгууну Бахрейнден улантмакчы. Мындан тышкары мелдештин алдында командага 2 легионерибиз Антон Землянухин жана Мирлан Мурзаев кошулат. Учурда Антон казакстандык “Кайрат” менен Түркияда жүрсө, Мирлан “Локомотив” менен Сочиде.
Башкы машыктыруучу Анарбек Ормонбековдун айтымында, команданын алдында жок эле дегенде өз группасынан чыгуу милдети турат. Ал эми башкы максат – чемпион болуп, Азия кубогуна жолдомо алуу. Ошондой эле соңку жаңылыктардан кошумчалай кетсек, командабыздын капитаны алмашкан. Курама командадан кетүү чечимин кабыл алган Руслан Сыдыковдун ордуна жетекчилик милдетти Айбек Бокоев аркалайт. Эске салсак, АФКнын Чакырык кубогу 16-27-февраль күндөрү Шри-Ланкада өтөт. Кыргызстан “В” тобунда Индия, Түркмөнстан жана Түндүк Корея менен күрөш жүргүзөт.
Бокс
ШОПОКОВДУ ЭСКЕРИШТИ27-31-январда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган 36-эл аралык мелдеш өткөрүлдү. Ага Орусия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан өңдүү өлкөлөрдөн келген 200гө жакын мушкер катышты.
БИШКЕКТЕН ТОКМОККО ЧЕЙИН
7 СААТ ЧУРКАШТЫ
22-январда Азамат Мусаев (Новопокровкадагы №2-мектептин 9-классынын окуучусу), Үмөталы уулу Тилек жана Рамиль уулу Эрмек (экөө тең Бишкектеги №75-мектептин 9-классынын окуучулары) спорттук эрдик жасашты. Алар Бишкектен Токмокко чейинки аралыкты 7 саатта чуркап өтүшкөн. Достор жөнүндө айта кетсек, алар бокс менен машыгышат жана мындай кадам менен жаштарды сергек жашоого үндөөнү максат кылгандыктарын түшүндүрүшөт.
ӨЗ АРА МЫКТЫЛАРДЫ АНЫКТАШТЫ
Жыл сайын январдан тарта спорт түрлөрү боюнча КРнын чемпиондугу өтүп, улуттук курама командабызга жаш спортчулардын кароосу болот эмеспи. Быйыл биринчи болуп өз ара мыктыларды тандоону дзюдочуларыбыз баштап беришкен. Ал эми грек-рим күрөшү жана самбо боюнча өлкө чемпиондору 31-январда белгилүү болду.
Эл аралык кабарлардан
Футбол
АФРИКАНЫН КУБОГУН ПИЛДЕР ЖЕҢДИ
31-январда Анголада расмий түрдө Африка улуттарынын кубогу аталган кара континенттин чемпиондугу жыйынтыкталды. Анда Мисирдин курама командасы (лакап аты пилдер) жеңүүчү аталды. Луандадагы "11-ноябрь" стадионунда өткөн финалдык оюнда Пилдер Гананын курамасын 1:0 эсебинде жеңип алышкан. Айта кетчү нерсе, Мисир аталган мелдешти катары менен 3-ирет багынтып отурат. Жалпысынан Африканын кубогу фараондордун мекенине 7 жолу буюрган. Бул жагынан Мисир өз континентинде көч башында. Мелдеште коло медалдарга нигериялык футболчулар ээ болсо, кожойкелик кылган анголалыктарды чейрек финалда ганалыктар мелдештен чыгарышкан.
Теннис
ФАВОРИТТЕРДИН АБСОЛЮТТУК ЖЕҢИШИ
31-январда Австралия континентинде дагы бир ири мелдеш – Австралиянын ачык чемпиондугу аяктады. Эркектер жана аялдар арасында абройлуу делген жекеликте дүйнөнүн №1-ракеткалары триумф жаратышты. Финалда швейцариялык Федерер англиялык Энди Мюррейди, америкалык Серена Уильямс бельгиялык Эненди жер каратты. Эгер Федерер Австралиянын ачык чемпиондугунда 4-ирет жеңүүчү болуп табылса, Уильямс аталган мелдештеги жеңиштеринин санын бешке жеткирип алды. Эркектер арасында күйөрмандар баягы эле Федерер-Надаль тирешүүсүн күтүшкөн. Бирок Надал мелдештин жүрүшүндө жаракатка кабылып, тараза ташы атаандашына ооду.
Базарбек Абдураимов
sport@super.kg